Бүгүн, 2018-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун катышуусунда бир катар мамлекеттик орган жетекчилери менен кеңешме болуп өттү. Жолугушууда өлкөдөгү пайдаланууга берилип жаткан билим берүү мекемелеринин сапатына байланыштуу маселе талкууланды.
Өкмөт башчы белгилегендей, жалданма-компанияларды тандоодо ишенимдүү жана финансылык жактан туруктуу курулуш компанияларына көңүл буруу зарыл.
«Объектилердин курулушу толук көлөмдө аткарылып, негизгиси – курулган мектептерин сапатына басым жасоо зарыл. Мында заманбап технологиялардын жана сапаттуу материалдардын пайдаланылышына көңүл буруу керек. Бардык курулган мектептерди текшерип чыгып, табылган кемчиликтерди ыкчам тартипте жоюу зарыл», – деди Сапар Исаков.
Ошондой эле Өкмөт башчы социалдык объектилер имаратын камсыздоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиев маалмдагандай, 2016–2017-жылдары курулган 100 мектептин 13үндө жасалгалоо иштериндеги кемчиликтер аныкталган, алар кийинчирээк жоюлган».
«2016-жылдын соңунда 150, 275, 375, 500 окуучуга эсептелген мектептердин типтүү долбоорлору иштелип чыккан. Быйылкы жылы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жана ооруканалардын типтүү долбоорлорун иштеп чыгууга тендер жарыяланган», – деди Б.Абдиев.
Маалымдама: 2012-жылдан 2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында жалпы суммасы 10,7 млрд сомдук 243 мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.