• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Жаңы Кыргызстан-2018”: Өкмөт бизнеске инновациялык жактан жардам берет

dsc_0077

👁 723

Эл аралык “Жаңы Кыргызстан-2018” инвестициялык форумун ачылышында вице-премьер министр Замирбек Аскаров сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, өкмөт инновациялык кадамдарга барууга даяр жана бул тармакта бизнеске жардам берет.
“Урматтуу айымдар жана мырзалар, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн атынан жана премьер-министрдин атынан баарыңыздарга салам айтам. Келечекти билүү – бул аны куруу. Форумдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө биз өлкөнү санариптештирүү жолун тандап алдык. Бул жакынкы келечек үчүн маанилүү принцип болуп саналат жана Өкмөттүн бардык чечимдерине киргизилет. Биз дүйнөлүк рынокко интеграциялашууда бизнеске чоң үмүтбүздү артабыз жана өзүбүз тараптан биздин компанияларыбыз өнөктөштөрү менен биргеликте ийгиликке жетишүүсүнө мүмкүндүк берүүчү атаандаштык укукту камсыздоого даярбыз ”, – деди ал.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Кыргыз Республикасы калкынын саны миллиарддан ашуун саналган ондогон тоолуу мамлекеттердин катарына кире тургандыгына жана Борбор Азиянын «суу мунарасы» болуп саналарына басым жасады. Кыргыз Республикасы Евразиялык континенттин чок ортосунда жайгашкан. Жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын эсептөө кубаттуулуктарына карай өсүп жаткан муктаждыгын энергия менен камсыздоого даяр. Өлкө суу агымынан төмөн жайгашкан өлкөлөр таза суу жана аба менен камсыздалышы үчүн жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча жоопкерчиликтүү тандоого ыктады.

Учурда Борбор Азиянын гидромүмкүнчүлүгүнүн 60% ээ болгон өлкөбүздүн потенциалын натыйжалуу пайдаланууга басым жасалууда. Бул бизнес үчүн энергияны пайдаланууга, жогорку технологиялуу жабдууларды киргизүүгө карай белги болуп саналат. Учурда биз туура чечим кабыл алгандыгыбызга ынанып турабыз. Тактап айтканда, бүгүнкү күндө атамекендик кайра иштетүү өнөр жайынын ишканаларынын рентабелдүүлүгү 16% дан 21%га дейре көрсөткүчтү түзөт. Республикабыз Евразиялык континенттин чок ортосунда жайгашкандыгын эске алуу менен, биз башка финансылык борборлор менен биргеликте күнү-түнү үч сааттык алкакта трейдинг өткөрүүгө мүмкүндүк берүүчү финансылык борбор катары кызмат кылууга стратегиялык жактан даярбыз», – деп белгиледи ал.

Кыргыз Республикасы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып албоо үчүн, санариптик ажырымды кыскартуу үчүн бардык күч-аракеттерин жумшап жатканын кошумчалады ал.

“Бүгүнкү күнү биздин Өкмөт санариптик технологиялар үчүн инфраструктураларды түзүүгө киришти. Өлкөбүздүн келечеги эсептөө техникаларын мыкты колдонгон, программалык продуктуларды түзгөн жана байланыш каражаттары менен аппараттык башкарууну киргизип жаткан таланттуу, сабаттуу жаш адистердин колунда турат. Бул аркылуу Кыргыз Республикасында инсан келечекте ээ болушу керек болгон башка баалуулуктар: билим, компетенция, жөндөмдүүлүк жана тажрыйба алдыңкы планга чыгаарын белгилеп кетким келет», – деди Замирбек Аскаров.
Замирбек Аскаров аталган аянттагы сүйлөшүүлөрдө жаратмандык максаттарда ата мекендик, ошондой эле эл аралык абройлуу компаниялардын келечектерин жана капиталдаштыруу ыкмаларын аныктоого болоруна ишеним билдирди.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости