Соода өнөр-жай палатасында “Жаңы доорго – кырк кадам”: чакан жана орто бизнестин пикири” деп аталган тегерек стол болду. КРнын Соода өнөр-жай палатасы бизнесмендер, ассоциациялардын өкүлдөрү менен тегерек столду өткөрүү менен “Жаңы доорго – кырк кадам” программасын ишке ашырууда кандай кадамдарды кылса болору тууралуу пикирлерди билип сунуштарды алуу үчүн өткөрдү.
“Ар бир кадам Кыргыз Республикасындагы экономикалык жана коомдук маселелерди чечүүгө багытталышы керек. Өкмөттүн программасы биздин өлкөнүн калкынын жашоосун жакшыртууга багытталган. Бизнес Программаны ишке ашырууда активдүүлүгүн көрсөтүүсү керек”,-деди КРнын Соода өнөр-жай палатасынын директору Нурлан Мусуралиев.
Тегерек столдун алкагында КРнын экономика министрлигинин өкүлү – аймактарды өнүктүрүү жана стратегиялык башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Айбек Кадыров, Ишкерликти жөнгө салуу башкармалыгынын жетекчиси Акылай Кожомбердиева презентация жасашты. Тегерек столдун катышуучулары Программанын негизги бөлүктөрү менен таанышып, ар бир кадамдын өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алышты. КРнын Өкмөтүнүн ишкерликти колдоо үчүн көрүлүп жаткан чаралары өзгөчө талкууланды. Анын алкагында “Чакан жана орто бизнести колдоо” деп аталган 8-кадам тууралуу да сөз болду.
8-кадамды талкуулоо учурунда ишкерлер “өз алдынча иштөө”, “тармактык маркетинг”, “чеберчилик” сыяктуу түшүнүктөрдү КРнын Эмгек кодексине киргизүү керектигин айтышты.
Аны менен катар эле “Жеткиликтүү насыя” деп аталган 10-кадамга дагы өзгөчө көңүл бурулду. Бул кадам ишин жаңы баштап жаткандарды каржылоо жана аларга жардам берүүнү камтыйт. “Экспортту колдоо” деп аталган 11-кадам дагы чоң талкуу жаратты. Ишкерлер программанын алкагында экспортко багытталган өнүмдөрдү чыгаруучу ишканаларга насыя берүү маселесин көтөрүштү. Ошондой эле экспортко багытталган банк ачуу керектиги дагы айтылды.
Тегерек столдун жыйынтыгында КРнын Экономика министрлиги бизнестин сунуштары Программаны ишке ашырууну пландап жатканда эске алынарын билдирди.