Бишкекте эксперттер 2018-жылдын 1-январында ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде күчүнө кирген ЕАЭБдин жаңы Бажы кодексинин ийгиликтери, мазмуну жана кемчиликтери тууралуу талкуулашты.
«Пикир» деп аталган аймактык эксперттердин клубунда Евразиялык интеграция тууралуу кызыктуу талкуу болду. 2017-жылдын 11-апрелинде Москвада биримдиктин мүчөлөрү тарабынан кол коюлган бажы документи 2018-жылдын январынан тарта Россияда, Казакстанда, Белоруссияда, Кыргызстанда, Арменияда ратификация болгондон тарта иштеп баштаган. Жаңы документ Бажы биримдигинин Бажы Кодекси тууралуу келишимдин (2009) жана бажылык жөнгө салуу маселелери боюнча 19 макулдашуунун күчүн жоготту.
ЕАЭБдин Бажы кодекси – бул 5 өлкө үчүн бажыны жөнгө салуучу, мамлекеттер арасындагы кызыкчылыкты тең салмакта кармоочу электрондук технологияларга негизделген бизнести жакшыртууга багытталган эрежелердин туюндусу. Бул бизнеске эмне берет? Ресурстарды үнөмдөө, декларациялоо процесстерин тездетүү, адамдык факторду азайтуу.
Бул маанилүү документти иштеп чыгууда баардык мүчө өлкөлөрдүн адамдары жакшылап иштеп чыгышып, анын жакшы жактарын жана башында пайда болуучу кемчиликтерин да эске алышкан.
Жакында эле Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков түштүк аймакка болгон иш-сапары учурунда Евразиялык биримдиктин өлкөлөрүндө талап кылынган экологиялык жактан таза өсүмдүктөрдү өстүрүүгө Кыргызстанда баардык шарттар бар экенин билдирди.
Евразиялык биримдиктин максаттарынын бири – улуттук өндүрүшчүлөрдү колдоо. Жаңы Бажы кодекси товарларды ташуу үчүн уруксат берүүчү документтердин санын кыскартат.
Учурда ата мекендик өндүрүшчүлөр арасында кандай көйгөйлөр бар? Кыргызстан 1998-жылдан бери Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгону менен эмнеге сооданын өнүгүүсүнө эч кандай таасир берген жок? Айыл-чарба өндүрүшчүлөрүнүн алдында кандай көйгөйлөр бар жана келечеги кандай?
Кемчиликтер тууралуу айтуу керек, артыкчылыктар ансыз да белгилүү
Экономика илимдеринин доктору, республиканын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеев биринчи кезекте жаңы кодекстин кемчиликтери тууралуу айтуу керектигин билдирди. “Биздин Бажы биримдикке андан соң ЕАЭБге кирүүбүздөгү бирден бир максатыбыз бажы администрлөө тармагын жөнгө салуу. 2003-жылдан тарта 2015-жылдын августуна чейин биздин өлкө Кытайдан КМШ өлкөлөрүнө товар ташуудагы реэкспорттук рынок болуп калган. Биздин жарандар болжол менен 800 миң доллардан пайда табышчу. Бирок реэкспорт кыскарууга дуушар болуп, өзүбүздүн экономикабыздын алсыздануусуна алып келди. Азыр абал өзгөргөн. Коррупциялык схемалар билинип баштады. Кыргыз ишкерлери билдиргендей, темир жолдор аркылуу жүк келген учурда казак-кыргыз чек арасынан өтүү процесси өтө көп убакытты талап кылып, бажычылар атайын эле убакытты созуп жатышкан маалым. Мындай мыйзам бузууларга көз жумуп коюу мүмкүн эмес. Биз ЕАЭБдин толук кандуу мүчөлөрүбүз. Бирдиктүү эрежелер баардыгына бирдей иштеши керек. Эч бир өлкө ал эрежелерди бузбашы керек жана жүктөрдү өткөрүү убактысы создуктурулбашы керек”,-деди ал.
1. КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылы КРнын өндүруш өнүмдөрүнүн экспортунун көлөмү 1,7 млрд долларды түзүп, 2015-жылга салыштырмалуу 15%га, 2016-жылга салыштырмалуу 11,5%га жогорулаган. ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен соода жүргүзүү көлөмү 2017-жылдын 11 айында 2 млрд доллардан ашкан, бул 2016-жылга салыштырмалуу 14,3%га көп. ЕАЭБге товарларды экспорттоо 25,7 өсүп, импорт 11,2% түзгөн.
Кодекс баары үчүн бирдиктүү документ болуп калды
КРнын өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик бажы кызматынын координациялык башкаруу бөлүмүнүн башчысы Ниязбек Ибраимов жаңы документти иштеп чыгуучулардын катарында болгон. Ал Бажы кодексин 5 жылдан ашуун убакыт даярдашканын билдирди. “Анын негизги максаты – мүчө өлкөлөр үчүн бажы мыйзамдарын жеңилдетүү. 2010-жылдан тарта Бажы кодекси толук кандуу иштеп баштаганда бажы нормалары иштеп баштаган, андан кийин ага Бирдиктүү экономикалык аймактын алкагында башкалары кошулуп баштаган. Нормативдик-укуктук базалардын баары Россиянын, Беларусиянын, Казакстандын катышуусунда болуп, натыйжада кодекстен сырткары 20 кошумча макулдашуу бар болчу. Бул ишкерлерде көптөгөн суроолорду пайда кылган. Азыркы кодекс – модификацияланган, унификацияланган. 19 макулдашуу жокко чыгарылды. Товарлардын эркин айлануусу бөлүгүндө ЕАЭБдин Бажы Кодекси бир топ эле жеңилдиктерди берет деп ишенимдүү айта алам. Ал жаңы бажы шарттарын түзбөстөн каталады оңдоп, бир катар жоболорду конкреттештирет. Экинча максат – маалыматтык технологияларга өтүү. Жаңы документ жаңыча иштегенге үйрөтөт”
Бажычы Кыргызстанда электрондук бажы декларациясы мурда эле, Бажы биримдигине чейин киргизилгенин билдирди. Бирок бул кодексте бажы органдарын, чек арадан баштап автоматташтыруу каралган. Азырынча автоматташтыруу процесси толугу менен жүрө элек, бажы менен байланышкан башка мамлекеттик органдарда толугу менен киргизилип бүтө элек.
Буга чейин кыргыз ММКлары бир катар себептер менен россиялык аймактардан – Мордавиядан жана Новосибирскийден ири көлөмдөгү ата мекендик жүктөр кайтарылганын жазышкан. Бул эмне себептен улам болду деген суроого Н. Ибраимов буга бажычылылар күнөөлүү эмес деген жообун берди. Мамлекеттик органдар тарабынан (бул жерде КРнын Айыл-чарба министрлиги ж.б.) документтерди толтурууда катачылык кеткен.
Улуттук бажы органы керек
КРнын Соода-өнөр-жай палатасынын төрагасы Кубат Рахимов бажы фискалдык система сыяктуу эле реалдуу экономиканын инфраструктурасы экенин баса белгиледи. “Бир нерсени өндүрүү үчүн аны колдонуу керек. Экспортто бул процесске түрткү берүүчү механизмдер иштөөсү зарыл. Кыргыз өнүмдөрүн экспорттоону жеңилдетүү – ЕАЭБдин Бажы кодекси басым жасаган негизги нерсе. Экпортту жогорулатуу үчүн өлкөнүн агрардык жана өндүруштүк потенциалы тууралуу айтуу зарыл. Бизде дүйнөлүк рынокко чыгуу үчун темир жол керек экени дайыма айтылып келет. Бирок аны курсак ал жол менен эмнени ташыйбыз? Кыргызстандын экспорттук потенциалы абдан алсыз – экспорттук товарлардын саны 50гө араң жетет! Бажы кодексинде мыйзамдарды гана сактоо керек. Буга чейин мен бажы көзөмөлү боюнча улуттук орган түзүүнү сунуштагам. Биз жеке бажы жана укук коргоо органдарына ээ болсок, анда мыйзам бузуулар болгон учурда бажыны жоопкерчиликке тартмакпыз. Эгерде маселе ЕАЭБдеги баардык өлкөлөргө тиешелүү болсочу? 2025-жылга карата Евразиялык аймакта улуттук бажы кызматы түзүлөт деген ойдомун. ”
Ошондой эле абройлуу эксперт Бажы кызматынын өкүлүнө мындай суроо салды: “Кытайга экспорттоо – келечеги кең тема. Мага сиздин жообуңуз кызык болуп турат, атайылап эле шылтоо таап биздин өнүмдөрдү өткөрбөй койгондору тууралуу учурларды билем, буга эмне дейсиз?”-деди.
Конкреттүү адамдар – күчтүү документтерби?
Лейла Захарова – Кыргызстанда 27 жылдан бери иштеп жүргөн белгилүү бажы брокери. Ал кыргыз-казак чек арасынан темир жол менен товар ташуудагы көйгөйлөрдү билдирди. Анын айтымында, казак чек арачылары товар ташуучуларга бут тосушуп, мыйзамдарды бузушууда. “Алар Кыргызстанга импорттолуп келе жаткан жүктөрдү кайра карашып, айрым учурларда 2–3 күндөп өткөрбөй да коюшат. Натыйжада жүк ташуучулар тамак-ашка, түнөгөнгө каражат кетиришип, чыгымга учурашууда. Чек арадан өткөрүү учурунда контейнерлерди ачышып, негизи эле текшерүү өтө орой түрдө болот. Жүк ташуучулар айрым учурларда товарларынын кемип калганын да байкашат. Тилекке каршы, мындан Кыргызстандын ишкерлери жабыркашууда”,-деди ал.
Ошондой эле брокер казак чек арачылары көпчүлүк учурда товарлардын коддорун алмаштырып коюшарын да кошумчалады. Мындан сырткары ал бул талкууга бир нече жергиликтүү импортчуларды чакырганын бирок алар баш тартып коюшканын билдирди. Себеби казак чек арачылары аларга өчөшүп алышат деп коркушкан. Ал эми кыргыз чек арачыларына нааразычылык жок, алар тез жана өз учурунда товарларды өткөрушүүдө”,-деди Л. Захарова.
Кыргызстандын экс-вице-премьер-министри Олег Панкратов ишкерлер жаңы кодекстен коркпой эле коюшса болорун билдирди. “Мамлекеттик бажы кызматы документтеги өзгөчөлүктөр тууралуу коомчулукка маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсү керек”,-деди ал.
Врезка 2. КРны ЕАЭБге киргизүүгө даярдоо үчүн Россиядан келген 200 млн доллар гранттан 16 миллион доллар кеткен. Ал бажы органдарын жабдууга, компьютер, сервер, программалык камсыздоо алууга жумшалган.
Талкуу учурунда Казакстан менен болгон чек арада жүк ташуучулар үчүн былтыр күзүндө бир топ кыйынчылыктар болгону дагы айтылды. О. Панкратовдун айтымында, бул көйгөй мурда эле бар болчу жана азыр деле толугу менен чечилип кеткен жок: “Көмүскөдө жүк ташуу Кыргызстанда жана Казакстанда да болуп келген. Мындан кутулуунун бир жолу товардын кандай жана каякка кетип жатканын билүү үчүн электрондук администрациялоону киргизүү. Көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдар мүмкүнчүлүктөрүн жакшы колдонбой келишет. Биз бажы төлөмдөрүн чогултуп, ал жалпы казынага түшүп ЕАЭБге мүчө өлкөлөр арасында соода көлөмүнө жараша бөлүнөт. Биз жалпы казынадан чектелген сумманы алабыз – 1,9 пайыз. Бул албетте мурун чогултулган бажы төлөмдөрүнөн көп. Бажы төлөмдөрү менен катар эле КНС да төлөнөт. Тилекке каршы, ушул жерден туура эмес тенденция кеткен. Кытайдан ЕАЭБге кеткен товарлар боюнча да Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда атаандаштыкты пайда кылды. Бул маселени чечүү үчүн эки өлкөнүн өкмөтү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү керек”.
Талкуунун катышуучулары жергиликтүү экспортчулар дагы эрежелерди бузуп жатышканын билдирди – айрым учурларда жүк тиешелүү жерге келгенден кийин сертификаты жок экени белгилүү болот, айрым учурларда коду туура эмес коюлган болот, документтер туура эмес толтурулган болот. Азыр ЕАЭБде атаандаштык күч алып турган маалда мындай учурлар товарды артка кайтарууга жакшы шылтоо болуп калууда.
Эксперттер, талкуунун катышуучулары өкмөткө өз сунуштарын берди. Алар Кыргызстан менен Казакстан өкмөттөр аралык кеңешме өткөрүшү керек деп санайт. Экономисттер жана ишкерлер тарабынан айтылган көйгөйлөр четинен чечилүүсү керек. Ата мекендик ишкерлер ЕАЭБди жаңы Бажы кодекси алардын жашоосун жеңилдетет деген үмүттө.
Елена МЕШКОВА.