Биз көптөгөн структуралар жана эксперттик биримдиктер менен иштешип келебиз. Бүгүн сөздү керектүү сунуштарды айта турган адиске беребиз.
Жөнгө салуу системасын өркүндөтүү боюнча бөлүмүнүн эксперти Зарема Аскарова жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту жана сапатты кантип жакшыртса болору тууралуу сунуштары менен бөлүшөт.
Үй-бүлөлөр унаалар тууралуу маселени көп талкуулашат, анткени аларда ыңгайлуулук жана коопсуздук бар. Жол эрежелерин сактабоо, маршруткаларда тыгылышкан адамдар, санитардык нормаларды сактабоо боюнча айдоочуларга көп нааразычылыктар болот. Мындай маселелердин тизмесинин аягы жок.
Лицензия берүү жашоого, адамдарын ден-соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келбеши үчүн, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу үчүн керек.
Ошентип мамлекет Транспорт жана жол чарба министрлиги аркылуу айдоочуга лицензия берүү менен бул айдоочу жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактап, жоопкерчиликти мойнуна алып жатканына кепилдик берет.
Бирок иш жүзүндө жүргүнчүлөрдү ташуу, өзгөчө Бишкек шаарында коопсуз деп айтууга болбойт. Күн сайын маршруткалардын айынан жол кырсыктары болуп жатат, бул айдоочулар лицензиядагы талаптарга жооп бербей, коопсуздукту сактабай жатканынан кабар берет.
Анткени керек болгон лицензия талаптары жок. 2014-жылдан бери иштеп келе жаткан КРнын “Кыргыз Республикасындагы лицензия-уруксат системасы” мыйзамында азыркыга чейин лицензия берүү шарттарын жөнгө салган нормативдик укуктук-актылар кабыл алынган эмес.
Мындан сырткары бул маселе боюнча анализ жүргүзгөн учурда лицензия алган айдоочулар тууралуу маалымат табылган эмес, мыйзам боюнча лицензиялардын жана уруксаттардын Реестри түзүлүшү зарыл.
Жүргүнчүлөрдү ташуу жеке компанияларга берилгенде лицензия берүү маанилүү ролду ойноду. Учурда лицензия берүү талаптарга жооп бербейт жана жүргүнчүлөрдү ташуу ишин жөнгө салчу башка эрежелерди жана нормаларды кабыл алуу керек.
Жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн берилген лицензия өзү жүргүнчүлөрдү ташууга уруксат бербейт. КРнын “Унаа транспорту тууралуу” мыйзамынын 21-беренесине ылайык, кайталанып туруучу шаардагы, шаар четиндеги, шаарлар арасында жүргүнчүлөрдү унаа менен ташуулар жана багаж төмөнкү ташуучуларга уруксат берилет:
1) Ташууларды ишке ашырууга укук берген сынакта (тендерде) катышкандарга
2) Аларга кызмат көрсөтүү үчүн күбөлүк алгандарга
3) Утуп алган каттамдар боюнча сынакты уюштуруучулар менен келишим түзгөндөргө.
Жөнгө салуу системасын өркүндөтүү боюнча бөлүмүнүн эксперттери жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту жана сапатты жогорулатуу үчүн төмөнкүлөрдү сунуштайт:
- Коомчулукка жеткиликтүү болгондой кылып ташуучулардын Реестрин түзүү;
- жүргүнчүлөрдү ташууга лицензия берүүнү жокко чыгаруу, лицензия берүү укуктук жарандык мамиле тармагына өтүүсү керек. Лицензия каттамдар боюнча кызмат көрсөтүүнү утуп алгандарга берилет;
- Ташуучу-компанияларды ирилештирүү;
- Каттамдар боюнча кызмат көрсөтүү үчүн өткөрүлгөн сынактар жүргүнчүлөрдү ташууда коопсуздукту камсыз кылып туруусу керек;
- ташуучу компаниялар менен биргеликте ар бир компания үчүн таанып билүү белгилерин иштеп чыгуу (бул унааларга чапталчу наклейка, ар кандай өңдөргө боелгон унаа номерлери ж.б болушу мүмкүн). Ташуучу-компания айдоочуну жалдаган учурда атайын белгисин берет дагы текшерүүчү органдар үчүн лицензиянын бар же жоктугун текшерүүгө унааларды токтотуунун кереги жок болот. Бул ташуучу-компаниялардын жоопкерчилигин күчөтөт, анткени алар коопсуз ташууга милдеттендирилет.
- 1 каттамга 2–3 ташуучу компанияга кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берилиши керек (ташуу сапатын жогорулатуу үчүн атаандаштык түзүү үчүн). Жүргүнчүлөр сапаттуу кызмат көрсөткөн ташуучу-компанияны тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Эгерде окурмандардан сунуш берип же айрым маселелер боюнча талкуу жүргүзүүнү каалагандар болсо ал маалымат алуу үчүн редакцияга кайрылса болот. Биз актуалдуу суроолорду талкуулоочу аянт болуп берүүгө даярбыз жана абдан кубанычта болобуз.