Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жүрөк-кан-тамыр ооруларынын кесепетинен жыл сайын 17,5 млн адам каза болот. Учурда жүрөк оорусунан кийин жүрөк булчуңдарын калыбына келтирүүчү дары жок, бирок MDI жана Novo Biosciences биологиялык лабораториялары аны ойлоп табуу алдында турушат. Алар жардам берүүчү MSI-1436 дарысын ойлоп табышкан.
Окумуштуулардын пикиринде, дарынын мүмкүнчүлүктөрү чоң. Ал азырынча данио-рерио балыктарында жана чычкандардан сыноолордон өткөн. Атайын жасалган жүрөк оорусунан кийин 24 саат өткөн соң MSI-1436 дарысын бергенде чычкандардын жашап кетүүсүнө мүмкүнчүлүк көп болгон – дары жүрөк ишин жакшыртып, жабыркаган ткандар 53%га кичирейген. Эгерде дары адамдарга тест жүргүзгөндө дал ушундай натыйжа берсе, анда бул медицинанын чоң жетишкендиги болот.
Zebra Medical Vision адистери былтыр адамдардын жүрөк-кан-тамыр ооруларынын пайда болгондугу тууралуу коркунучту аныктоо методун ойлоп табышкан. Ушул жылдын башында болсо Пенсильвания штатынын Университетинин окумуштуулары болсо жүрөк клеткаларын калыбына келтирүү ыкмасын ойлоп табышкан болчу.