Жогорку Кеңештин депутаттары балдарга жөлөк пул бере турган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карады. Тактоо иретинде айта кетсек, 2018-жылдын 1-январынан тартып жөлөк пулдар жөнүндөгү мыйзамдын жаңы редакциясы күчүнө кириши керек болчу. Бирок, айрым нааразычылыктардан улам “сүйүнчү пулдан” башка категориялар боюнча мүчүлүштүктөрдү оңдоо үчүн үч айга узартылган.
Жогорку Кеңештин депутаттары 2017-жылдын 21-июнунда “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамын кабыл алган. Ага 1-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Аталган мыйзамга «аз камсыздалган үй-бүлө» деген норма жоюлуп, «Балага сүйүнчү», «Балага жөлөк» жана «Үй-бүлөгө көмөк» деген жаӊы категория киргизилген. Мыйзам 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирмек. Анда жөлөк пулдун 3 түрү каралып, жаңы төрөлгөн балага бир жолу 4 миң сом сүйүнчү пул, 3 жашка чейинки бардык балдарга ай сайын 700 сомдон жөлөк пул, 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга айына 500 сом “үй-бүлөгө көмөк” акча берилмек. Бирок бул көмөк акча бардыгына эле берилбей тургандыгы айтылган. Үй-бүлөнүн 3 жаштан 16 жашка чейин үчтөн ашык баласы болсо, жөлөк пул үчүнчү баладан баштап андан кийинкилерге гана берилмей болгон. Мисалы, 5 баласы барлар 1–2-баласына жөлөк пул ала алышпайт деп түшүндүрүлгөн. Мыйзамды кайрадан иштеп чыгууга мажбурлаган талаш-тартыш дал ушул жерден башталган. Буга өткөн жылдын декабрь айында Нарын облусунун тургундары митингге чыгышкан. Алар 3 жана андан көп баласы бар үй-бүлөлөргө төлөнүүчү жөлөк пулда каралган чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Мындан улам өкмөт 2018-жылдын 1-январында күчүнө кире турган аталган мыйзамдын “балага сүйүнчү” төлөөгө тийиштүү жобосун кошпогондо, ишке кирүү мөөнөтүн 3 айга артка жылдырууну сунуштаган. Ошондой эле өкмөт бул мыйзам күчүнө кирсе 30 миңдей бала жөлөк пул албай кала турганын айтышкан. Аталган мыйзам үй-бүлөлөргө жөлөк пулду кирешеси боюнча эмес, категориялык жана демографиялык белгилери боюнча чектөөгө өтүүнү, жөлөк пулду ар бир үч жашка чейинки балага жана үчтөн ашык балдары бар үй-бүлөлөргө чектөөгө өтүүнү камтыган.
Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунованын белгилешинче, жаңыдан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда 1 балабы, 2 балабы же андан көп балабы, муктаждыгы аныкталса жөлөк пул төлөнөт.
«Мыйзам долбоору аркылуу 16 жашка чейинки балдарга “Үй-бүлөгө көмөк” аттуу жөлөк пул каралган. Анда муктаждыкты эске алуу менен майып балдарга жана кичине кезинен бери майып болгон балдарга ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун көлөмүн жогорулатуу; ата-энелеринин камкордугунан ажыраган жана интернат тибиндеги балдар үйлөрүндө мамлекеттин камсыздоосундагы балдарга жеке депозиттик эсептерди милдеттүү түрдө ачуу тууралуу ченем киргизүү каралууда”,-деди министр Исакунова.
Депутат Алмазбек Токторов мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен кепилденген минималдуу киреше 900 сомдон 1421 сомго көбөйө тургандыгын алгылыктуу өзгөртүүлөрдүн бири катары баалады.
Деген менен депутат Мирлан Бакиров кепилденген минималдуу кирешенин 900 сомдон 1421 сомго көтөрүлүшү дагы жетишсиз экенин айтып, майыптыкты далилдөө үчүн документ топтоодо бюрократизмди токтотуу керектигин сунуштады.
Депутат Аида Касымалиева министрлик тарабынан мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын сынга алып, “Долбоор менен сүйүнчүнү дагы, даректүү жөлөк пулду дагы жуурулуштурулуп сапаттуу мыйзам долбоорун алып келгендин ордуна 2009-жылдагы мыйзамга болгону “сүйүнчү пул” киргизилген чийки мыйзам долбоорун алып келдиңер. Мында майып балдарга жөлөк пулду көбөйтүү жана алардын ата-энелерине айлык акы чектөө каралган мыйзам долбооруна парламентти каршы коюп, күнөөлөгөнүңөрдү токтоткула”.- деди.
Буга чейин балдардын укугун жана кызыкчылыгын алга жылдыруу боюнча коммерциялык эмес уюмдардын ассоциациясы жана Балдарды коргоо уюму мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча Жогорку Кеңешке кайрылуу жолдогон. Анда аталган уюмдар сунушталган мыйзам долбоору коррупциялык жагдайлардын жаралышына шарт түзө турганын билдиришкен.
Төмөндө кайрылуунун текстин келтиребиз:
“Кыргыз өкмөтү аялдарга, балдарга, көп балалууларга каршы келген мыйзам долбоорун карап чыгып, кабыл алууга Жогорку Кеңешти мажбурлап жатат. Өкмөт тарабынан сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун концепциясы мамлекеттик жөлөк пул боюнча мыйзамдын 2009-жылдагы редакциясына кайтып келүүдө. Ал мыйзам боюнча өтө жакыр жашаган үй-бүлөдөгү 16 миң бала, муктаж үй-бүлөдө жашаган 582 миң бала мамлекеттин жөлөк пулун ала албай келет.
Өкмөт Жогорку Кеңешке социалдык коргоо системиндеги коррупцияны жайылтуучу мыйзамды алып келүүдө. Бул мыйзам долбоорунда муктаж болгон үй-бүлөлөргө даярдоого оор болгон документтердин талабы кирип калгандыктан коррупцияга жол ачылат.
Өкмөт бардык мыйзам, регламенттерди бузуу жолу менен аймактарда коомдук талкууларды өткөрбөстөн бул мыйзамды парламентке киргизип жатат. Биз Жогорку Кеңешке балдарды, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды, социалдык жактан муктаж болгондорду коргоого чакырабыз. Депутаттардан мыйзам долбоорун четке кагуусун суранабыз”,-деп айтылат кайрылууда.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2017-жылы калктын 71 пайызын өтө жакыр жана 83 пайызын жакырлар түзөт. Ал эми дүйнөлүк банктын 2014-жылкы статистикасы боюнча өтө жакыр үй-бүлөнүн 60 пайызы жөлөк пул ала албайт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин отчётунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн баарына жөлөк пул берилип жатат деп жазылган. Жакырчылыктын чеги айына 1421 сомду түзөт. Ошол чектин ылдый жагында 49 миң адам жашайт. Ал эми Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунованын айтымында, Кыргызстандагы жакырчылыктын чеги 2016-жылы 27 пайызды түзсө, 2017-жылдын жыйынтыгында ал 25 пайызга чейин кыскарган.
Ал ортодо депутаттар күчүндө калган сүйүнчү пулдун берүүдөгү бюрократиялык тоскоолдуктар бар экенин, төрөлгөн ымыркайына ала турган сүйүнчү акчаны алуу үчүн ата-эне банктан атайын эсеп ачышы керектигин сындашып, бул тоскоолдтукту «бербестин ашы бышпас» болду дешти.
Өкмөт февраль айынан тарта берүүнү убадалаган «сүйүнчү пул» берилбей жатканын сындаган депутат Алтынбек Сулайманов министрлик төрөлгөн балага кубөлүк берип жатканда сүйүнчү акчаны чогуу бериши керек деди.
«Акчаны алыш үчүн ата-энелерден бир топ документ талап кылынууда. Министрлик «эсеп ачыш керек» деп жатат. Мисалы, Чоң-Алай же Ат-Башыда жашаган айыл тургундары кантип банктан эсеп ача алат. Эгерде ошондой боло тугран болсо, ар бир айылга чейин банк ачып бергиле. Негизи министрлик балага күбөлүк берип жатканда эле сүйүнчү пулду кошо карматышы керек»,-деди депутат Алтынбек Сулайманов.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги сүйүнчү пулду накталай бербөө себебин коррупциялык элементтердин жок болушу менен түшүндүрүүдө.
Буга чейин өкмөт “сүйүнчү акча” февраль айынын ортосунан тартып бериле баштарын айткан. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин берген маалыматына караганда бүгүнкү күнгө карата жалпы 3556 ымыркайга сүйүнчү пул берилген. Бул акчаны алууда ата-эне документ чогултуп убара болбошу үчүн бала төрөлгөндө күбөлүк берилип жатканда эле тиешелүү маалыматтар электрондук түрдө социалдык өнүгүү органдарына, андан кийин банк кызматтарына өткөрүлүп берилери убада кылынган. Ар бир балага кеминде 4 миң, климаттык шарты оор аймактарда 7 миң сомдон берилери айтылган.
Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда жылына орто эсеп менен 150 миңден ашык ымыркай төрөлөт. 1-январда күчүнө кирген мыйзамга ылайык, Кыргызстанда жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү акча берилет. Ар бир балага кеминде төрт миң сом өлчөмүндө сүйүнчү акчаны алыш үчүн жарандар мамлекеттик каттоо кызматына кайрылышы керек. Акчаны алуу тууралуу арызды калктын тейлөө борбору, маалыматтык күркөлөр жана жарандык абалдык актыларын жазуу (ЖААЖ-ЗАГС) бөлүмдөрүнө калтыра алышат. Сүйүнчү акчаны бала төрөлгөндөн тартып бир жыл ичинде алса болот. Жаңы бюджет долбоору бекитилип жатканда 1 млрд. 800 млн. сом атайын жөлөк пул үчүн каралган.
Назгүл Бостонбаева