• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Жүк ташуучу унаалардын белгиленген салмактан ашырса айыппулдун көлөмү жогорулатылат

150518120854_trans-03

👁 553

Бүгүн, 22-майда Транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору 2-окууда каралды.

Мыйзам долбоору автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын айрым ченемдеринин жана талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, транспорт жана лицензиялоо жагындагы мыйзамдарды бузуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле административдик айыппулдарын өлчөмдөрүн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерде белгиленген өлчөмдөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.

Бүгүнкү күндө автомомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ченемдерин ишке ашыруунун колдонуудагы механизмдери аларды толук аткарууну камсыз кыла албай жатат. Натыйжада транспорт чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуунун коопсуздугун бузуу улантылып, автомобиль жолдорунун сакталышы камсыз кылынбай келет. Укук бузуучуларга салынган административдик жаза чаралары аткарылбай жатат. Мындан улам, административдик айыппулдардын төлөнбөй калышынан көптөгөн акча каражаттары мамлекеттик казынага түшпөй калууда.

Буга байланыштуу жоопкерчиликти жогорулатуу жана аракеттеги административдик айыппулдарды көбөйтүү боюнча аталган кодекстин төмөнкү беренелерине түзөтүүлөр киргизилүүдө:

- 213–2-берене. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө (экинчи абзац) эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

- 213–5-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук каражаттардын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин сактабоодо жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Мындан сырткары, бир катар беренелерге дагы түзөтүүлөр сунушталган.

Мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости