Мыйзам долбоору автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү мыйзамдардын айрым ченемдеринин жана талаптарынын аткарылышын камсыз кылуу, транспорт жана лицензиялоо жагындагы мыйзамдарды бузуучулардын жоопкерчилигин жогорулатуу, ошондой эле административдик айыппулдарын өлчөмдөрүн Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерде белгиленген өлчөмдөргө шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Буга байланыштуу жоопкерчиликти жогорулатуу жана аракеттеги административдик айыппулдарды көбөйтүү боюнча аталган кодекстин төмөнкү беренелерине түзөтүүлөр киргизилүүдө:
- 213–2-берене. Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууда кыймылдын белгиленген каттамынан четтөө (экинчи абзац) эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
- 213–5-берене. Кыргыз Республикасынын аймагында транспорттук каражаттардын белгиленген салмак-габариттик параметрлерин сактабоодо жарандарга — эсептешүү көрсөткүчүнүн эки жүз өлчөмүндө, кызмат адамдарына - үч жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
Мындан сырткары, бир катар беренелерге дагы түзөтүүлөр сунушталган.
Мыйзам долбоору 2-окууда жактыруу чечими кабыл алынды.