• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзгөнү көрүп, өзүңдү тааны. Иран кереметинин сыры — бекем тартип жана мекенчилдик

photo_2016-12-10_15-08-55

👁 1,094

Байыркы персия же азыркы Иран Ислам Республикасы сыягы, бир эле биз үчүн эмес, жалпы дүйнө жүзүнө сырдуу, табышмактуу өлкө болуп сезилсе керек.

Анткени 1979-жылдан кийинки Имам Хомейни башында турган Ислам революциясы жеңишке жетишип, шах Реза Пехлевини бийликтен кулаткандан кийин сегиз жыл сырттан таңууланган Ирак менен согушту, андан кийин 37 жыл эл аралык санкцияны баштан өткөргөндүгүнө карабай экономикасы дүркүрөп өнүгүп, элинин жашоо-турмушу илгери биз СССРдин тушунда эңсеген коммунизмдей. 

15400959_1805324069709819_2435389663270123644_n

Деги айрым мамлекеттер төрт тарабы ачык, дүйнө жүзү миллиондогон доллар кредит, гранттарды эсепсиз берип жатканда итке мингендей кедейге айланып, эли азып-тозуп, жер жүзүн кыдырып мигрант болуп, тышкы карыздын эсебинен жашап жатканда Иран бир адамдын жарым өмүрүнө барабар ушунча мезгил сырттан бир цент албай жана мунайы менен газын сата албай туруп кантип экономикалык көрсөткүчү боюнча дүйнөдө алдыңкы жыйырма мамлекеттин катарына жетишти.

Ооба, ирандыктар сыртка чыгууга дале толгон-токой тоскоолдуктар болгондой эле, чет элдиктер үчүн да Иранга баруу оңой эмес. Болгондо да журналисттик виза алуу тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде чечилет. Анткен менен мындай мүмкүнчүлүк эки жылдан бери кыргызстандык жана быйыл КМШ мамлекеттеринин журналисттерине “Фарс” (Fars news) маалымат агенттиги тарабынан түзүлүүдө.

15385482_1805324259709800_423005280747067309_o

Айтмакчы, Ирандагы күндө он миллионго жакын окурманы бар, бир нече тилде жаңылыктарды тараткан бул алдыңкы агенттик өзүнүн Борбор Азия, Казакстан жана Россия боюнча өкүлчүлүгүн үч жыл мурда Бишкекте ачып, быйыл май айынан тартып үч тилде (кыргыз, фарс жана орус, ca-irnews.com) иш жүргүзүп келатат.

Аталган агенттик бир гана маалымат айдыңында иш жүргүзбөстөн, быйыл экинчи ирет журналисттердин Иранга бир жумалык саякатын уюштурду (былтыр Кыргызстандан 15 журналист барган).

Кыргызстандан “Фарстын” беш кызматкери, Казакстандан алты, Өзбекстандан эки жана Россиядан үч журналисттин жол киресинен тартып визасына, аэропортко чейинки таксинин акчасына чейин төлөп берген чакыруучу тарап бизди 3-декабрда таңкы саат бештерде Тегерандагы Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортто жылуу маанайда тосуп алышты.

Мен Иранга акыркы алты жылда төртүнчү ирет барган журналист катары мурдагыдан аэропортто эл. Анын ичинде чет өлкөлөрдөн учуп келгендер менен кетип аткандар көп экендигин байкадым.

Бул 5+1 келишиминин негизинде Ирандан эл аралык санкциялар алына баштагандыгынын натыйжасы экендиги белгилүү. Анткени ирандыктар чет мамлекетке чыгууга кызыккандай эле чет элдик туристтердин да адамзат тарыхынын бир бөлүгү болуп саналган, миңдеген жылдардан бери өз калыбында сакталып келаткан Персополис (Шираз) сыяктуу Юнесконун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине кирген жайларга кызыгуу жогору.

“Эшигин көрүп төрүнө өт” демекчи, адатта чет өлкөгө барган туристтер алгач тазалык менен тартипке, кооздукка жана элинин маданиятына, кыргызстандыктар кошумча жолуна көңүл бурат эмеспи.

Биз да бир жума боюу Ирандын Тегеран, Исфахан, Кашан жана Кум шаарларын кыдырып, ирандыктардын өз мекенин өтө сыйлай тургандыгын, адамдар бай, кедей, чиновник, карапайым калк деп бөлүнбөй, бирдей укукка ээ.

Ошол эле учурда ислам эрежелери менен жашаган бул өлкөнүн жогоруда айтылган эл аралык санкцияларга карабастан дүркүрөп өнүгүп жаткандыгынын себеби – эмгекчилдик, мекенчилдик жана темирдей тартип экендигине ынандык.

Мындай өз өлкөсүн туура жолго түшүргөн жолбашчысы Имам Хомейни ал тургай “менин балдарым, неберелерим, урпактарымдын бири да мамлекеттик жогорку жана орто кызматты ээлебесин, өзгөчө байлыкка ээ болбосун, эл катары Тегерандан да алыс бир айылда жашасын”,- деп кат түрүндө керээз калтырып кеткендигин (биздин хандардын кимиси ушундай “эрдик” жасай алат?!) угуп, уккан кулагыбызга ишенбей, кайра сурап, экинчи ирет укканда деле ишене албай турдук.

Бул тууралуу бизди тосуп алып, котормочулук милдетти аткарып, узатып жүргөн Хайриддин деген Тажикстандан Мешхедде 18 жылдан бери радиодо иштеп жүргөн жердешибиз (анткени ал менин кичи мекеним Баткен облусу менен кошуна Тажикстандын Ходжент облусунан болот экен) айтып берип жатты.

Тилекке каршы “кой аксагы менен миң” дегендей, ушунча темирдей тартибине карабастан, Иранда деле башка жактардагыдай колу туткактар, чет элдик туристтердин акчасын уурдагандар жок эмес экен.

Сапарыбыздын бешинчи күнү болсо керек, Исфахандан Кашан шаарын көздөй комфорттуу автобуста келатканбыз. Аңгыча бензин куюу үчүн токтоп, баарыбыз автобустан түшүп, жарым сааттай дүкөндөрдү кыдырып кеткенбиз.

Ушул учурдабы же кийин Кашанга барып, 3–4 саат алгач музейге, андан кийин түштөнүүгө чыккандабы, айтор айрым журналисттердин кол сумкесинен акчасы жоголуптур. Аны алгач россиялык РИА новостинин 200 АКШ доллары жоголгон Полина Чернитса аттуу журналисти кечинде Кумга келип, мейманканага жайгашканда байкап жатпайбы.

Биз бул окуя тууралуу ошол замат эле уюштуруучуларга билдирген болчубуз. Бирок арадан беш минута өтпөй колу туткак айдоочунун жардамчысы кармалып, жарым саатта жоголгон акчаларды транспорт фирмасынын төрт жетекчиси Тегерандан келип, ийилип-бүгүлүп кечирим сурайт деп түшүбүзгө да кирген эмес.

Алгач жеке мен өзүм булар дипломатиялык деңгээлдеги биз, журналисттерге жоголгон акчаны өздөрү эле жанынан чыгарып же айдоочуга мажбурлап айып тагып коюшат болуш керек деп ойлогом.

Көрсө, уюштуруучулар ошол замат эле полицияга билдирип, алар Кумдан Тегеранга бараткан автобусту трассада токтотуп, айдоочу менен анын жардамчысын текшергенде 200 АКШ долларынан тышкары 500 сомдой кыргыз сому жана бир аз өзбек суму да чыгыптыр.

Бизге ушул акчаларды кайтарып беришкенде “Ритм Евразия” маалымат-аналитикалык агенттигинин журналисти Эгамберди Кабулов “У всех стран есть плохие люди, но не у всех стран есть хорошая полиция”,- деп Ирандын полициясы чындап эле ыкчам, профессионалдык деңгээлде иштей тургандыгына баа берди.

Эмилбек Момунов,

Бишкек-Алматы-Тегеран, Исфахан-Кашан-Кум.

Атайын “Экономика” үчүн.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости