2017-жылдын 31-январында Кыргызстанда Эл аралык зергерлер күнүн мацрамдашты. Кыргызстан “Зергерлик тармактагы саясатты ишке ашыруу” деп аталган темада иш-чара өттү.
Кыргызстан зер буюмдарды жасатуу боюнча зергерлери менен таанылып келет. Көпчүлүк учурда азем буюмдар улуттук стилде жасалып, биздин өлкөнүн визиттик карточкасы болуп келет. Нечендеген жылдар мурун пайда болгон улуттук зергерчилик искусствосун өнүктүрүү зарыл.
Учурда кардарлардын көбү «hand-made» товарларга өзгөчө көңүл бурууда. Байыртадан бери колго жасалган күмүш жасалгаларды жасоо чеберчилиги ата-бабаларыбыздан муундан муунга өтүп, кыргыз кыз-келиндеринин кийимдерин күмүш жасалгаларсыз элестетүү мүмкүн эмес болчу.
Учурда кыргыздын салттуу зергерчилиги көптөгөн өлкөлөрдүн дизайнерлерин кызыктырып келет, ал эми сатып алуучулар арасында этникалык стилде жасалган азем буюмдар популярдуу болууда. Жыл өткөн сайын кыргыздын зер буюмдарын сатып алуучулардын географиясы кеңейүүдө. Учурда Казакстандан, Кытайдан, АКШдан, Европадан келгендер кыргыздын зер буюмдарына кызыгып, аны сатып алышат. Зергер Виктор Сырневдин айтымында, өлкөдө зергерчилик боюнча билим берүү мүмкүнчүлүгү болсо зер буюмдарды жасоого башкача кадам жасалмак. Ошондо гана зер буюмдар кымбат баада сатылып, башка өлкөлөрдүн азем буюмдары менен атаандаша алмак.
Бир нече жыл мурун Улуттук көркөм өнөр академиясын президенти Тургунбай Садыков академиянын алдында зергерчилик өнөрү боюнча курс ачууну сунуштаган, бирок бул идея дагы деле ишке ашпай келет. Бирок азырынча өлкөдө башка жактардан ташылып келген зер буюмдар басымдуулук кылат. Көпчүлүк азем буюмдар Түркиядан жана Орусиядан импорттолуп келет. Аны менен катар эле көптөгөн зер буюмдар Казакстанга, Тажикстанга жана Өзбекстанга реэкспорттолуп кетет.
КРнын зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматовдун айтымында, республикадагы зергерликтин көпчүлүк бөлүгүн чакан жана орто ишкерлер түзөт. Учурда кыргызстандык зергерлер жеке да иштеп келишет, айрымдары ассоциацияларга дагы биригип келишет: учурда КРда зергерлердин 5 ассоциациясы бар. «Алтын», «Келдике», «Опал» сыяктуу ири компаниялардын катарында өз алдынча иштегендер да бар. Өлкөдө жыл өткөн сайын таланттуу зергерлер да көбөйүүдө.
Чыңгыз Макешовдун айтымында, зергерлер Нарындын же Ысык-Көлдүн айылдарында зергерлер 5–6 комплект зер буюмдарын жасашып, шаарга келип сатып кетишет. Аймактарда ишкерликтин бул түрү жакшы өнүгүп жатат жана киреше булагы болууда. Адис билдиргендей, 1 кг алтынга 10 жумушчу орун түзсө болот; 4 өндүрүш тармагында, 4 зер буюм жасоо тармагында жана 2 соода тармагында. Мисалы жылына 18–20 тонна алтын казылып алынса, демек биз 25 миң жумушчу орун түзсөк болот.
Зергерлик тармагында белгилүү жана ишин жаңыдан баштап жаткан зергерчилер арасында бир баш оору бар – бул чийки заттын жеткиликсиз болушу.
“Мамлекет ата мекендик зергерлерди алтын менен да камсыздай албайт. Ал эми өлкөдө жылына тонналаган алтын жана күмүш казылып алынат. Учурда зергерлерге алтынды “Кыргызалтын” гана сатат, бирок кымбат, ошондуктан зергерлер алтындарды ломбарддардан алышат”,-деди ассоциациялардын мүчөсүнүн бири Светлана Шапарева.
Чийки зат көйгөйүнөн сырткары дагы бир көйгөй КРда баалуу металлдар боюнча мамлекеттик саясат жүргүзгөн органдын жоктугу. Баалуу металлдар менен болгон операцияларда кайсы бир орган жоопкерчилик алыш керек да? Ошондой эле кимдир бирөө Баалуу металлдар департаментинин ишинин эффективдүүлүгүнө баа бериши керек да?
“Улуттук зергерчилик тармакты өнүктүрүү үчүн мамлекеттик саясат жүргүзүлүшү керек. Инвестицияларды тартуу, ийкемдүү шарттарды түзүп берүү, ички рынокту көзөмөлдөө баары мамлекеттик саясат аркылуу аныкталышы керек да. Бааларга келсек кыргыз зергерлери утулуп жатат. Ушундай абал улана берсе өлкөдө зергерчилик жоголуп да кетиши мүмкүн”,-деди бири Светлана Шапарева.
Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсынын жетекчиси Улук Кыдырбаев зергерчилик боюнча иш 10 жылдан бери бир кадам дагы алдыга жылган эмес. Учурда өлкөдөгү зергерлер жакынкы аталган тармакты өнүктүрүү үчүн 5 жылга план түзүшкөн. Ал жакта мамлекеттин жана бизнестин кызыкчылыгы жазылып, ата мекендик зергерлерди колдоо, чийки заттын жеткиликтүүлүгү да камтылган.
Бул документ учурда мамлекеттик органдар менен макулдашууга жиберилген. Азырынча Кыргызстандын зергерлери алардын көйгөйлөрү чечилип, планга киргизилген иштер ишке ашат деген үмүттө.
Ирина Байрамукова