• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбекстанга азык-түлүктү импорттоодо бажы жана салык жеңилдиктери жоюлат

55

👁 1,105

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 16-январда “Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу чаралары” тууралуу буйрукка кол койгонун Газета.uz билдирди.

Документте атаандаштыктын өнүкпөгөнү, азык-түлүктү импорттоо айрым чарба субъекттери тарабынан монополияга туш болгону, атайылап дефицитти түзүп, бааны жогорулатып жатышканы, анын арты менен көп пайда табуу көздөгөн кызыл кулактар бул системада олуттуу көйгөйлөр бар экенинен кабар берери тууралуу жазылган.

Буйрукта рынокто айрым импортчулардын басымдуулук кылып жатканы аларга карата индивидуалдык жеңилдиктер берилгендиктен улам болуп жатканы белгиленип, башка ишкерлик субъекттер рынокко кире албай жатканы жазылган. Бул тармакта түзүлгөн кырдаал ишкерлик активдүүлүктү төмөндөтүп, инвестиция тартууну азайтып жатканы баса белгиленген документте.

«Өзбекстан 24» каналынын «Ахборот 24» программасында айтылган маалыматтарга ылайык, 2017-жылдын 11 айында импортчулар бошотулган бажы жеңилдиктеринин суммасы 409 млрд сум болгон. Жалпы 620 компания азык-түлүктүн 442 млн долларлык 105 түрүн алып кирген. Алардын ичинен 305 субъект бажы жеңилдиктерин колдонуу менен 283,5 млн долларлык товардын 81 түрүн ташып келген. 211 млн долларлык товар алып келген 25 компания ири импортчулардын катарына кирет. Аларга берилген жеңилдик 280 млрд сумду түзгөн. Ошентип импортчулардын ичинен 4%ы 50%дан ашуун азык-түлүктү өлкөгө алып кирип, 70%га жакын бажы жеңилдигин алышат.

Президенттин буйругуна ылайык, 1-февралдан тарта Өзбекстанга азык-түлүк товарларын ташыгандарга карата индивидуалдык бажы жана салык жана башка жеңилдиктер алынып салынат.

Ошондой эле бир ай ичинде 2018-жылга карата азык-түлүк ташуучуларды тартууга, алар үчүн бирдей шарттарды түзүүгө, ташылып келинген товарды сактоого жана калктын суроо-талаптарына толук жооп берүүчү сапаттагы азык-түлүктүн базарларда болуусуна байланыштуу атайын чаралар иштелип чыгышы керек.

Өзбекстандын баардык аймактарында азык-түлүктөрдү сактоочу, кайра иштетүүчү жана таңгактоочу атайын жайлар курулат.

1-февралдан тарта 2002-жылы киргизилген товар-сырьелук биржалардан сатууну же сатып алууну жүргүзүү үчүн дүңүнөн соода кылууга лицензиянын кереги жок болуп калат.

Ал эми кум шекерди өндүрүүчүлөр 2019-жылдын 1-январына чейин кошумча нарк салыгынан бошотулушат.

Мындан сырткары “Азык-түлүк коопсуздугу” боюнча мыйзам долбоору даярдалат. ал рыноктун сапаттуу, коопсуз жана жеткиликтүү баада азык-түлүк менен камсыз болуусун камсыздайт.

Башкы прокуратурага болсо башка түзүмдөр менен бирге 2 ай ичинде бажы төлөмдөрүн аныктоо тапшырмасы берилди.

Мындан сырткары чекене сооданы жөнгө салуу, кызмат көрсөтүү, ашыкча тоскоолдуктарды жоюу боюнча мыйзамга анализ жүргүзүлөт.

Атайын бут тосуулар болсо жана бажы процедуралары учурунда кызматынан кыянаттык менен пайдаланышса Мамлекеттик башы комитетинин жетекчилери жеке жоопкерчилик алышмакчы.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости