Бул чечим Өзбекстандын президентинин токтому менен кабыл алынды. Анда жергиликтүү бийлик «Хизмаг-беминнат» деп аталган соода павильондору үчүн жерлерди бекер бөлүп беришерин жергиликтүү ММКлар жазып чыгышты.
Эксперттердин баамында, жаңы соода түйүндөрүнүн пайда болуусу базарлардагы бааны жогорулатып жаткан алып сатарларды жок кылат. Эң негизгиси бийлик соода күркөлөрүндө кезек күтүү көп болбошу үчүн алардын санын көбөйтүп жана тиешелүү товар менен камсыз кылып туруусу керек.
Эске сала кетсек, былтыр Өзбекстанда агрардык тармактын ИДПсынын көлөмү 47,4 триллион сумга жеткен.
Азыр алып сатарлар дыйкандар менен сүйлөшүп, акчаларын алдын ала берип коюшууда. Бирок дыйкандар өстүргөн өсүмдүгүн ит бекер сатышууда. Ал эми сатып алуучулар болсо ортомчулар кошкон баа менен, кымбат сатып алышууда. Ортодо алып сатарларга гана киреше тушкөнү менен карапайым сатып алуучулардын чөнтөгүнө күч келүүдө.