“Эксперттердин баасына ылайык, көмүскөдөгү экономиканын көлөмү ИДПнын 50 пайыздан ашуунун түзөт. Бул өз кезегинде экономиканын өнүгүүсүнө терс таасир берип, бюджетке каражаттардын түшүүсүн азайтат”,-деди Мубин Мирзаев.
Анын айтымында, бул маселени чечүү үчүн алгач валюта рыногун либералдаштыруу керек, андан соң салык системасын реформалоо зарыл.
Ал эми көмүскөдөгү экономиканын көлөмүнүн азаюусу салык базасын кеңейтүүгө жана мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Салыштыруу үчүн: Эл аралык бухгалтерлер ассоциациясынын иликтөөлөрүнө ылайык, Орусиядагы формалдуу эмес экономиканын көлөмү ИДПнын 39%ын түзөт, Азербайжанда — 67%, Украинада — 45,9%, Түркияда — 25,7%. Эң төмөнкү көрсөткүч АКШда (7,7% ИДП), Япония (10%) жана Кытай (10,1%).