Кыргызстанга 5 айдын ичинде 800 миң өзбекстандык кирген
Акыркы маалыматтарга караганда Кыргызстанда өзбекстандык жарандардын саны көбөйгөнү коомчулукта айтылууда. Буга Өзбекстандын мамлекет башчылыгына Шавкат Мирзиёв келип, 2017-жылы чек ара ачылгандыгы себеп болгон. Өзбекстандан келген мигранттар көбөйүп жатканын Мамлекеттик миграция кызматынын чет элдик жарандар менен иштөө бөлүмүнүн адиси Канат Сагынбаев да ырастады. Анын маалыматына караганда 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча 12 айда 118 жаранга уруксат кагазы берилсе, быйылкы жылдын 5 айында эле 109 адам иштөөгө уруксат кагазын алган.
Ал эми мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча жыл башынан бери 888 миң 814 адам Кыргызстандын аймагына кирсе, 842 мин 252 адам өлкөдөн чыгып кеткен. Булардын көпчүлүгү Кыргызстан аркылуу транзит аркылуу өткөндөр болуп саналат.
Өзбек мигранттары уруксат кагазын алышкан эмес
Ушул тапта Жалал-Абаддагы пахта талааларында өзбекстандык кыз-келиндер иштеп атышат. Жергиликтүү дыйкандар алардын бир күндүк жумушуна 250–300 сомдон акы төлөйт. Бишкектеги көп кабатуу үйлөрдү курган өзбекстандыктар да көбөйгөнү байкалат. Алардын бири — Фергананын Язяван районунан келген 27 жаштагы Фархад. Бирок ал Кыргызстанда иштөө үчүн мигранттарга жумушка уруксат берилүүчү кагаз алыш керек экенин билбейт. Мурда да өтүп иштеген, бирок эч кандай документ алган эмес. Ал тургай кыргызстандыктардын да көбү мындан кабарсыз.
Буга коомчулук «өкмөт бул боюнча элге маалымат бериши керек» деген пикирлерин айтышууда. Ноокат районунун тургуну, короосундагы сарайын өзбекстандык усталарга салдырып жаткан Сайдулла Керимов:
Мигранттар көзөмөлгө алынышы керек
Мыйзамдарга ылайык Өзбекстандын жараны Кыргызстанда беш күн ичинде каттоого турушу керек. Антпесе 10 миң сом айыппулга жыгылат. Экинчи ирет ошол эле көрүнүш кайталанса, депортацияланат. Андыктан Мамлекеттик миграция кызматы Кыргызстандын аймагында иштеп жүргөн өзбекстандык эмгек мигранттарын мыйзамга ылайык иштөөгө чакырат.
Экономикага тийгизген оң жана терс таасири
Эми өзбекстандык жарандардын Кыргызстанга көп келишинин экономикалык тармакка тийгизген таасирине токтолсок. 2017-жылда эки өлкөнүн ортосунда соода жүгүртүүнүн көлөмү 193 млн. АКШ долларын түзүп, 200 млн долларга жакындаган эле. Бул сумманы 500 млн долларга жеткирүү боюнча буга чейин эки мамлекеттин башчылары тарабынан пландалган. Буга өзбек тарап даяр экенин билдирген.
Экономикалык эксперт Жээналы Орозбаев өзбек мигранттарынын Кыргызстанга көп келип жатканыны биздин экономикага эки жактан оң жана терс таасирин тийгизерин айтат. Анын айтуусунда эгерде өзбек жарандар Кыргызстандын аймагына кирип, жергиликтүү тургундар иштей турган жумуш ордун ээлеши коркунуч туудурат. Анткени Кыргызстандан тапкан акчаны өз өлкөсүнө чыгарып жиберет. Бул элдин колунда акчанын азайуусуна алып келет. Экономика илимдеринин кандидаты, эксперт Жээналы Орозбаев:
Ал эми жакшы жагын ала турган болсок, анда өзбекстандык миграттандын көбөйүшү менен биринчиден коңшулук мамиле жакындайт, эки өлкөнүн соода жүгүртүү көлөмү көбөйөт. Эки эл бизнес, экономика, инвестиция сыяктуу тажрыйбаларды алмашат. Баарыбызга белгилүү болгондой өзбектер өндүрүлгөн товарды сатуу жагынан абдан жөндөмдүү. Ошондой эле алардын устачылык шыгы өзгөчө.
Кошумчалай кетсек, Россия федерациясынын Борбордук банкынын жүргүзгөн көзөмөлүнө ылайык, Өзбекстан сырттан акча которуу боюнча КМШдагы мамлекеттердин ичинде башкы сапта турат. Айта кетсек, 2017-жылдын статистикасы менен Россиядан Өзбекстанга болгон акча которуулардын суммасы 2 млрд 741 млн долларды түзгөн.