• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбекстанда туристтерди каттоо жөнөкөйлөштүрүлөт

20140725_171321

👁 820

22-февралда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө туризмди өнүктүрүү боюнча жыйын учурунда чет элдик туристтерди каттоону жөнөкөйлөштүрүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Учурдагы 3 күндүн ичинде Өзбекстанга келген туристтер каттоого туруу керек болгон мыйзам алар үчүн ыңгайсыздык жаратып жатканын мамлекет башчысы белгиледи. Ошондой эле ал туристтерди коопсуздугун сактоо укук коргоо органдарынын башкы милдети экенин билдирди.

“Турист ички иштер органдарында жүрбөй саякатташы керек. Эгерде биз туризм тармагында жумушчу орундарды түзгүбүз келсе, анда туристтер үчүн шарт түзүүбүз зарыл”,-деди Шавкат Мирзиёев.

Ошондой эле президент каттоо системасын толугу менен электрондук форматка өткөрүү тапшырмасын берди. Туристтерди каттоо милдети ички иштер органдарына, мейманканаларга, медициналык мекемелерге, жеке үйлөргө, туристтерди кабыл алган физикалык жана юридикалык жактарга берилиши зарылдыгын, ал эми өлкө меймандары бул милдеттен арылышы керектигин билдирди мамлекет башчысы.

1-июлдан тарта Өзбекстанда электрондук визалар киргизилет. Президент электрондук визаларды киргизүү менен катар эле өлкөгө туристтердин келүүсүн жеңилдетүү керектигин билдирди.

Жыйында белгилүү болгондой, 2017-жылы Өзбекстанга 2,7 миллион турист келген, алардын көбү туугандары менен көрүшүүгө жана дарыланууга, соода кылууга, окууга келгендер.

“Өзбекстандын туристтик потенциалы көптөгөн жылдардан бери эффективдүү колдонулбай келген. Туризмди өнүктүрүү үчүн экономикалык жана уюштуруучулук, укуктук шарттар түзүлбөй келген”,-деп жазылат Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө. Туризм мамлекеттик комитетине туристтердин тартуу тапшырмасы берилди.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости