Өзбекстан 1-майдан тарта транзит аркылуу келген чет элдик адамдарга 72 саатка кыска мөөнөттүү виза берилип баштайт. “Туризмди өнүктүрүү чаралары тууралуу” токтомго президент Шавкат Мирзиеев кол койгон. Бул тууралуу «Газете.uz» өкмөттөгү булактарына таянып жазып чыкты.
Документке ылайык, аэропортко келген жүргүнчүлөргө бекитилген туристтик программа боюнча кыска мөөнөттүү (саат 8:00дөн 21:00гө чейин) тааныштыруу туру болот.
Министрлерге 2 ай ичинде тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү үчүн чечим кабыл алуу тапшырмасы берилди. Ошондой эле кайсы өлкөлөрдүн жарандарына кыска мөөнөттүү виза берилери боюнча тизме түзүлмөкчү.
Мындай жүргүнчүлөрдүн жанында авиабилети жана керектүү учурда үчүнчү өлкөгө кетип жатканы тууралуу визасы болуусу керек. Мындан тышкары алар консулдук төлөмдөрдү төлөшү керек.
Документ Өзбекстанда туристтердин агымын көбөйтүүгө багытталган.
Эске сала кетсек, 10-февралдан тарта Өзбекстан 7 өлкөнүн жарандарына 30 күндүк визасыз режим киргизилген жана 39 мамлекеттин жарандарына туристтик визаны даярдоо үчүн жеңилдиктер берилген.