2017-жылы Өзбекстанда номиналдык орточо айлык, сыйлыктарды, компенсацияларды, киреше салыгын, социалдык кепилдикке бөлүнчү каражаттарды, профсоюздук фондго берилчү каражатты кошкондо 1,453 млн сумду түздү. 2016-жылга салыштырмалуу 12,3%га жогорулады. Бул тууралуу Мамлекеттик статистика комитетинин демография статистикасы жана эмгек башкармалыгынын маалыматына таянып Газета.uz жазып чыкты.
Эң көп маяна алгандар финансылык жана кепилдик тармагында иштегендер — 2,694 млн сум (орточо республикалык деңгээлден 85,4%га жогору), маалымат жана байланыш тармагындагылардын маянасы — 2,498 млн сум (71,9%), өнөр-жай — 2,091 млн сум (43,9%), ташуу жана сактоо тармагы — 1,945 млн сум (33,9%), курулуш тармагы — 1,808 млн сум (24,4%).
Финансы жана кепилдик тармагында маяна 2016-жылга салыштырмалуу 25,9% жогорулаган, ал эми маалымат жана байланыш тармагынын айлык акысы 22,3%, тамак-аш тармагында кызмат көрсөтүүчүлөрдүн маянасы 13,3% жогорулаган.
Маяналардын көлөмүн аймактар боюнча карай турган болсок, Ташкенттегилердин айлык акысы эң жогорку болуп саналат — 1,986 млн сум, Навои облусунда — 1,926 млн сум, Ташкент облусунда — 1,559 млн сум. Ал эми эң аз эмгек акы Наманган облусунда — 1,140 млн сум, Самарканд облусунда — 1,157 сум.
Ал эми жумушчулардын саны боюнча билим берүү тармагында кызматкерлер көп – 19 миң мекемеде 982,1 миң адам иштейт, аларга бөлүнгөн маянанын фонду 13,671 трлн сумду түзөт. Өнөр-жай тармагында 619 ишканада 479,6 миң адам иштейт, алардын маяна фонду 12,038 трлн сум, ал эми саламаттыкты сактоо тармагындагы 1420 мекемеде 420,4 миң адам иштейт, алардын маяна фонду 4,948 трлн сум.