• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбекстанда мугалимдерди карагайдын көчөтүн сатып алууга мажбурлашууда

👁 647

Анжиян облусунун Боз районундагы мугалимдер акимчилик мектеп короосун жашылдандыруу үчүн карагай көчөттөрүн базар баасынан кымбат сатып алууга мажбурлап жатканын айтышууда. Анжиян облустук администрациясы Боз районуна карагайдын 300 көчөтүн бөлгөн.

Боз районунун мугалимдеринин биринин айтымында, карагайдын көчөтүн 20 миң сумга (2,5 доллар) сатып алууга мажбурлашууда. Базарда анын наркы болгону 3 миң сум турат.

«Биздин мектепке карагайлардын көчөтүн алып келишти. Директор жыйын өткөрүп, мугалимдерди экиден көчөт сатып алууга буюрду. Биз аны түшүнүп турабыз, жогору жактын тапшырмасын аткарууда. Бирок базарда үч миң сум турган көчөттөрдү 20 миңге сатып алууга мажбурлап жатышканына ызабыз», – деди ал.

Боз районудагы башка бир мугалим да бул маалыматты тастыктап, базардан арзаныраак көчөт алып келип тигүүгө уруксат берилбей жатканын билдирди.

Маалыматтарга караганда, Анжиян облустук администарциясы Боз районуна карагайдын 300 көчөтүн бөлгөн.

Былтыр Хорезм облусунун Шават районунда мугалимдерди карагайдын көчөттөрүн алып, мектептин бакчасына тигүүгө мажбурлашкан. Бирок күзүндө алар куурап калган. Саргайган карагайларды жашыл түскө боёп чыгуу үчүн окутуучулардан кайра акча чогултулган.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости