1-январга карата Өзбекстандын калкынын саны 32 миллион 653,9 миң адамды түздү. 2017-жылы калктын саны 533,4 миңге же 1,7% көбөйгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик статистикалык комитеттин Демография жана эмгек башкармалыгы билдиргенин Газета.uz жазып чыкты.
Шаардагы калктын саны 16 миллион 533,9 миң адамды же жалпы калктын 50,6%ын түздү. Ал эми айылда жашагандардын саны 16 миллион 120 миң адамды түзүп, жалпы калктын 49,4%ын түздү.
Аймактарга бөлүп карай турган болсок, 1-январга карата Самарканд облусунун тургундары көп экени аныкталды – 3 миллион 719,6 миң адам (калктын жалпы санынын — 11,4%), Фергана облусунда – 3 миллион 620,1 миң адам (11,1%), Кашкадарья облусунда – 3 миллион 148,1 миң адам (9,6%) жана Андижан облусунда – 3 миллион 11,6 миң адам (9,2%).
2017-жылы 715,5 миң ымыркай төрөлүп, төрөлүүнүн саны 1000 адамга 22,1 промиллени түздү. 2016-жылдын жылдын ушул маалына салыштырмалуу 0,7 промиллеге азайган (2016-жылы — 22,8 промилле).
2016-жылга салыштырмалуу Сурхандарья облусунда төрөлүүнүн саны 25,7ден 25,9 промиллеге жогорулаган, ал эми каракалпакстан Республикасында төрөлүүнүн саны кескин кыскарган (21,9дан 20,7ге чейин), Ферганада ымыркайлардын төрөлүү көрсөткүчү 22,2ден 21ге түшсө, Ташкент облусунда (20,3төн 19,2ге), Хорземде (22,2ден 21ге), Бухарада (20,9 дан 20га), Жизакта (24,5тен 23,6га).
2017-жылы туулган балдар апаларынын жашы боюнча төмөнкүдөй көрсөткүчтө болду: 280,8 миң (39,2%) – 20–24 жаштагы энелер, 248,1 миң (34,7%) – 25–29 жаштагы, 122,3 миң (17,1%) – 30–34 жаштагы.
Бир жыл ичинде 161,5 миң адам каза болгон. Өлүмдөрдүн коэффиценти 5 промиллени түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 0,1 промиллеге жогорулаган (2016-жылы 4,9 промилле).
2016-жылга салыштырмалуу каза болгондордун саны Андижан облусунда 5,1 промилледен 5,4 промиллеге жогорулаган, Жизакта 4,2ден 4,4кө, Кашкадарьяда 4,1ден 4,3кө, Наманганда 4,7ден 4,9га, Ферганада 4,8ден 5ке жана Сурхандарьяда 4,3төн 4,5ке көбөйгөн.
Казак болгондордун ичинен 8,2%ы эмгекке жарамдуу эместер болгон (2016-жылы — 8%), 27,6% адам эмгекке жарамдуу болгон (28,5%), 64,2% эмгекке жарамдуу курактан жогоркулар (63,5%). 2016-жылга салыштырмалуу 2017-жылы каза болгондордун саны 6700 адамга көп болгон, алардын көбү же 74,6%ы 60 жаштагы же андан кары адамдар.
2017-жылдын январь айынан декабрь айына чейинки убакта 306 нике каттоодон өткөн. Нике күбөлүгүн алгандардын саны 1000 кишиге 9,4 промилле. 2016-жылга салыштырмалуу никеге каттоого тургандардын саны Сурхандарья облусунда (+26,6%), Жизакта жана Наманганда (+15,9%), Саракандда (+12,3%) жана Кашкадарьяда (+11,2%).
Бир жыл ичинде никеге турган кыздардын 21,6%ы 20 жашка чейинкилер болсо, 70,2%ы 20–29 жаштагы, 8,2%ы 30 жаштагылар жана андан жогорку курактагылар болгон. Эркектердин арасында 0,9%ы 20 жашка чейинкилер болсо, 83,5%ы 20–29 жаштагылар жана 15,6%ы 30 жаштагылар жана андан жогоркулар болгон.
Өлкөгө келгендердин саны бир жылга 157,1 миң адамды түзсө, өлкөдөн кеткендердин саны — 177,7 миң адам. Миграциянын сальдосу 20,6 миң адам болгон, 2016-жылга салыштырмалуу 5600 адамга азайган.
Башка өлкөлөрдөн келгендердин арасынан 36,4%ы Казакстандан келгендер болсо, 31% — Орусиядан, 18,1% — Тажикстандан, 3,3% — Түркмөнстандан, 1,6% — Кыргызстандан жана 9,6% башка өлкөлөрдөн келгендер.
Өлкөдөн кеткендердин 52,2%ы – Орусияга, 42%ы – Казакстанга, 0,5%ы – Кыргызстанга жана Тажикстанга, 0,4%ы Украинага, 4,4%ы башка өлкөлөргө кетишкен.
Өзбекстанга дайым жашаганга келгендердин саны 2094 болсо, башка мамлекетке дайым жашаганга чыгып кеткендердин саны 21,1 миң адамды түзгөн.