Мисалы, Кыргызстанда уй этинин килограммы – 270–280 сомдон (4 доллар), ал эми кой эти – 300–330 сом (4,5 доллар).
Соодагерлер эттин кымбатташына тоют баасынын жогорулашы да себеп болуп жатканын айтышууда. «Быйыл чөп тартыштыгы байкалууда. Эгер түштүк аймактардан бодо мал алып келүүнү кыскартышса, анда эт мындан да кымбатташы мүмкүн», — деди соодагерлердин бири.
Серепчилердин маалыматтарына караганда, эттин кымбатташына улуттук валютанын долларга карата кунун жоготкондугу да таасир этүүдө. «Азыр көмүскө базарда 1 америкалык доллар 8,5 миң сум турат. Эгер доллар көтөрүлсө эттин баасы да жогорулайт. Этти Казакстан менен Кыргызстандан алып келгенде биздин валюта менен алар өтө кымбат болот», – деди анжияндык ишкер.
Баса, учурда Ысык-Көл облусунда чөп өтө деле көп эмес жана Кыргызстанда дагы этке болгон баа жогорулашы ыктымал. Эттин кымбаттабашына эң башкы себептин бири малдын көптүгү болушу ыктымал.