• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбекстанда эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардын малы тартып алынууда

img_3656

👁 1,075

Өзбекстандын Сурхандарья облусундагы фермерлердин билдиришинче, жергиликтүү бийлик эгин жыйноо планын аткарбаган дыйкандардан тапшырылбаган ар бир килограмм үчүн 1200 сум талап кылууда. Акча менен төлөй албаган фермерлердин малдары тартып алынууда.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымдарында, суунун жетишсиздигинен улам быйыл эгин түшүмү былтыркыдан кыйла аз болуп, көбү планды аткара албай калышкан.

«Быйыл кургакчылык болуп, суунун жетишсиздигинен улам дыйкандарын 80–90 пайызы эгин планын аткара алышкан жок. Азыр облус жана район жетекчилери эгин таап, мамлекетке өткөрүүнү талап кылышууда. Кабыл алуу жайларында ар бир тапшырылбаган килограмм үчүн 1200 сумдан (0,15 доллар) сурап жатышат. Быйыл жазында дыйкандар суу жетишсиз болуп жатканын айтып, тиешелүү мекемелерге арызданышкан. Бирок бийлик аба ырайын жана суунун жетишсиздигин эске албастан, мамлекеттик планды аткаруу үчүн жетпей калган эгинди талап кылууда», – деди дыйкандардын бири.

Анын айтымында, тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү Мажбурлап аткартуу бюросунун кызматкерлерин ээрчитип, эгин планын аткарбаган дыйкандардан малын сатып, акчасын мамлекетке тапшырууну талап кылышууда.

«Мажбурлап аткартуу бюросу менен Салык кызматынын өкүлдөрү келип, эч кандай документтерди же соттун чечимин көрсөтпөстөн эле малдарды тартып алышууда. Биздин коңшуларыбыздын бирөөсүнүн букасын, уюн жана торпогун алып кетишти. Айрымдарын малдарын сатууга мажбурлап жатышат. Дыйкандар тынчсызданууда», — деди ал.

Мажбурлап аткартуу бюросунун Сурхандарья облусундагы бөлүмүнөн план аткарбаган дыйкандардын малы алынып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке кагышты.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости