Өзбекстан жакынкы аралыкта өзүнүн спутнигин учурганы жатат. Бул тууралуу эл аралык пресс-клуб учурунда Инновациялык өнүгүү министри Иброхим Абдурахманов билдиргенин өзбек ММКлары жазып чыгышты.
“Бул биздин стратегиялык багыттарыбыздын бири. Аэрокосмикалык тармакта 25 жылдан бери бир дагы иш жасалган эмес, ошондуктан биз өзүбүздүн аэрокосмикалык аймагыбызды колдонбой келебиз”,-деди министр.
“Азыр бул тармак боюнча стратегиялык пландар иштелип чыгууда, жеке жасалма спутниктерди учуруу эң чоң кадамдардын бири болуп калат”,-деди Иброхим Абдурахманов.
Анын айтымында, спутникти учуруу жашоодогу бир топ тармактарды өнүктүрүүгө жакшы таасир берет, анын ичинде телевидениеге жана интернетке. Министр негизги милдеттердин бири илимий-изилдөөчү институттарды түзүү экенин жана алар аэрокосмикалык изилдөөлөр менен алек болуусу зарылдыгын белгиледи.
Эске сала кетсек, 2018-жылга карата мамлекеттик программада Өзбекстандын аэрокосмикалык өнөр-жайын 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу каралган. Ошондой эле документте улуттук авиациялык тармакты калыбына келтирүү керектиги да жазылган.