• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбекстан өз товарларынын экспортун колдоо үчүн Кыргызстанга $100 млн бөлөт

img_3921

👁 915

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга болгон расмий иш сапары стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүдө маанилүү роль ойноду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев тар курамда жана кеңири форматта сүйлөшүүлөрдөн кийин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Өзбекстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков алгачкы сапарларынын бирин Өзбекстанга жасагандыгы жакшы жышаан катар баалай турганын айтты.

Ал бүгүн тар курамда жана кеңири форматта жолугушууларда көп маселелер боюнча тараптардын көз караштары бирдей экендигин баса белгиледи. “Кыргыз-өзбек мамилелеринин тарыхында мындай жагдай эч качан болгон эмес. Быйыл өлкөлөрүбүздүн ортосунда товар жүгүртүү 250 миллион долларды түздү. Балким жылдын акырына чейин бул цифра 280 миллионго чейин жетиши ыктымал. Биз соода жүгүртүүнү 500 миллион долларга жеткирели деп турабыз. Биз ортодогу бардык тоскоолдуктарды жоелу деген ойдобуз. Эки мамлекеттин чек арасынан күнүнө 10–15 миң адам өтөт. Мезгил келгенде эч кандай чек ара дагы болбойт”, –деп сөзүн жыйынтыктады Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул жетишкендиктер жакшы коңшулаштыкты жана бир туугандык мамилелерибиздин бекемдегендигин кошумчалады.

“Ал эми биздин өлкөлөр ортосундагы чек ара достуктун жана кызматташтыктын дарбазасы болуп калды. Бүгүн биз көптөгөн маанилүү маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетиштик. Биз мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча активдүү ишти улантабыз”,- деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоору боюнча биргелешип иштейбиз, деп сөзүн улады. Автоунаа менен жүк ташууларды жана жүргүнчүлөрдүн үзгүлтүксүз маршруттарын өнүктүрүү боюнча пландар бар. “Темир жол курулушу боюнча эки өлкөнүн жумушчу топтору ушул жылдын 25-декабрында жолугушат. Мына бүгүн эле биз биргелешкен ишканаларды түзүү жана өндүрүш линияларын жөнгө салуу боюнча макулдашуулардын турмушка аша баштаганын көрүп жатабыз”, –деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Өзбекстан Кыргызстандын ишкерлерине 100 млн доллар насыя бөлүп берүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын экономика министри Артём Новиков билдирди.

Анын айтымында, каражат өзбек товарларын импорттоо үчүн берилет.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости