• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбекстан темир жол аркылуу транзит менен күйүүчү май ташып келүүдө жеңилдиктерди берүүгө даяр

77

👁 1,179

«Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасы Орусиядан келүүчү жүктөрдү, анын ичинде күйүүчү майларды Ош шаарына чейин темир жолу менен түз ташып келүүнү сунуштоодо.

Кыргыз темир жолчуларынын пикиринде, Орусиядан ташылып келүүчү күйүүчү майларды Ош шаарына чейин темир жолу аркылуу ташып келүүдө республикабыздын ички унаа жолдорундагы жол кырсыктарын азаят, унаа жолдору талкаланбайт, кооптуу жүктөрдү ташууда коопсуздук сакталат.

2017-жылдын 1-декабрынан тартып, транзит менен Казакстан аркылуу Кыргызстандын түштүк аймагына жүктөрдү ташып келүүдө бирдиктүү тариф колдонулуп келе жатат. Бирок, учурда Орусиядан келүүчү күйүүчү майлар темир жолдун түндүк аймагына (Кара-Балта, Бишкек ж.б.у.с.) ташылып келинип, андан ары унаа транспорту менен Кыргызстандын бүткүл аймагын аралап өтүп, республикабыздын түштүгүнө ташылып жатат.

Белгилүү болгондой, аталган багыт бийик ашууларды аралап өтүп, өтө кооптуу жана татаал шарттар менен коштолот. Мындан тышкары Кыргызстандын түштүгүнө күйүүчү май ташыган автомашиналар көптөгөн жол кырсыктарына учурап, адам өмүрлөрү кыйылып, унаа жолдору талкаланып жатат.

Ошол эле учурда темир жолу менен Россиядан келүүчү күйүүчү майларды Кыргыз темир жолунун түндүк станцияларына эмес түз эле Кыргызстандын түштүк аймагына, Ош шаарына чейин ташууга болот. Аталган багыт автомобиль транспортуна караганда бир кыйла арзан жана өтө ыңгайлуу.

Төмөндө Россиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Ош” темир жол бекетине чейин күйүүчү майларды ташып келүүнүн салыштырмалуу анализи:

- Россиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Кара-Балта” темир жол бекетине чейин 1 тонна күйүүчү майды ташып келүү акысы 2436,5 сом, андан ары “Кара-Балта” темир жол бекетинен Ош шаарына чейин автомобиль транспортунун акысы 2860,0 сом. Жыйынтыгында аталган багыт боюнча 1 тонна күйүүчү майды ташып жеткирүүнүн жалпы баасы 5296,5 сомду түзөт.

- Темир жолу менен Россиянын “Омск” темир жол бекетинен Кыргызстандын “Ош” темир жол бекетине чейин 1 тонна күйүүчү майды ташып келүү акысы болгону 5098,08 сом.

Ошондой эле Кыргыз темир жолу жана Өзбек темир жолу ишканаларынын жетекчилеринин Ташкент шаарында болгон жолугушуусунда Кыргызстандын түштүгүнө Өзбекстан аркылуу транзит менен жүк ташып келүүдө жеңилдиктерди берүү маселеси талкууланган. Бул боюнча эгерде Кыргыз тарап белгилүү көлөмдө мунай жүктөрүн камсыз кылууга кепилдик берсе анда Өзбек тарап жеңилдик берүү маселесин карап чыгууга даяр экендигин билдирген.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости