19-январда кыргыз парламенти Эркин соода аймагы жөнүндө келишимди анын Тараптары менен Өзбекстандын ортосунда колдонуу тууралуу протоколду ратификациялады.
Буга чейин өлкө коңшуларга унааларды, анын тетиктерин, өнөр-жай жабдууларын, электр машиналарын жана аппараттарын жана башкаларды экспорттоп келген. Бул жалпы көлөмдүн 36%ын түзгөн. Ал эми тамак-аш азыктары жана айыл-чарба өнүмдөрү: кара жана түстүү металл жана алардан жасалган буюмдар — 21,7%; дөңгөлөк жана желимдер, ар кандай химиялык заттар — – 27,3%ды түзгөн.
Эми протокол ратификация болгондон кийин эркин экономикалык аймак эки өлкө ортосундагы соода алакасын кеңейтүүгө жол ачат.
2013-жылы Өзбекстан Кыргызстанга жер семирткичтерди, жаратылыш газын, кездемелерди жана башка товарларды алып келип турган.
Коңшу өлкө менен чектеш аймактарга бул алда канча пайдалуу. Эми кыргыз ишкерлери өнүмдөрүнүн түрүн көбөйтүп, миллиондогон кардары бар Өзбекстандын рыногуна чыга алышат.