Анын айтымында, жети ишкана «биргелешкен кыргыз-өзбек» деген макамда иштейт.
Мындан сырткары Өзбекстандын “УзАвтоСаноаты” Кыргызстандын “АвтоОңдооЗаводу” менен чогуу айыл чарба техникасын жасоо жана чиркеме техниканы кураштыруу боюнча эки ишкана түзөт. Коңшу өлкөнүн ушул эле компаниясы кыргызстандык “ДТ Техник” менен автобус кураштыруучу, “Автоцентр Эстокада” менен транспорт тейлөөчү завод ачат. “Автоцентр Эстокада” менен «Равон Моторс Тянь-Шань» жеңил автоунаа кураштыруучу завод жана дилердик борбор ачканы жатат.
Булардын баары боюнча меморандумдарга кол коюлган. Ишканалардын айрымдары курулуп бүтүп калса, кээ бирлери жыл аягына чейин бүтөт. Алар Бишкек, Ош жана Кара-Балта шаарларында ачылат.