Өзбекстан Республикасынын бийлигине Шавкат Мирзиёев келгенден бери бир жарым жылдан көп убакыт болду жана өлкөдө реформалар тездик менен жүрө баштады.
ЭКОНОМИКА маектешкен кыргыз аткаминерлеринин көбү экономиканын ачыктыгы боюнча Өзбекстан бизге атаандаш боло алышпайт деп келет.
Алар бул өлкөнү дагы деле Ислам Каримов башкарып турган маалдагыдай жабык деп санашат. Бирок биз өзбек реформаларына тереңден көңүл буруубуз керек. Себеи Өзбекстан чет өлкөлүк инвестициялар боюнча аймакта бизге эң күчтүү атаандашка айланууда.
Кыргыз Республикасы учурда Борбор Азиядагы эң ачык жана либералдуу өлкө. Чет элдик консультанттардын жардамы менен иштелип чыккан биздин мыйзамдар азырынча инвесторлор үчүн эң демократиялуу болуп саналат. Бизде салыктар төмөн, валюталык чектөө жок, инвесторлор көптөгөн социалдык жеңилдиктерге ээ. Бирок эл аралык оюнчуларды кызыктыра турган объекттердин аздыгы Кыргызстандын алсыздыгы болуп саналат. Тоок тармагы болсо жарым жан, болгону бир нече алтын кендер иштетилүүдө. Айыл-чарбасы болсо майда өндүрүшчүлөргө айланып кеткен дагы ири компаниялар алар менен иштеше албай келишет. Калктын саны аз болгондуктан: болгону 6 млн калк, алардын 1 млну чет жактарда эмгектенип келет, дүйнөлүк бренддер үчүн өлкөнүн рыногу кызыктуу деле эмес.
Өзбекстан болсо чет элдик инвестордун кыялы: сатып алууга мүмкүнчүлүгү бар өлкө. Индустрия күчтүү. Пахта. Нефть жана газ. Өнөр-жай долбоорлору. Мунун баары Каримовдун убагында инвесторлор үчүн жабык болгон жана валюталык чектөөлөр болуп, банктык система артта калып, баалуу кагаздар рыногу өнүккөн эмес эле. Бирок эми бул чектөөлөр алынган жана чет элдик инвесторлор Өзбекстанга агылып башташты.
Өзбекстан бир жарым жылда кандай өзгөргөнүн, анын масштабын көпчүлүк эле түшүнө бербейт.
Эгерде мурун аталган өлкөдө үч валюта курса бар (мамлекеттик, кара жана өтө кара) деп келишсе, учурда чет элдик валютаны рынок курсу менен каалаган жериңден алмаштырсаң болот. Банктар эл аралык төлөмдөрдү эркин жүргүзө баштады. Чет элдик туристтер жана коноктор үчүн өлкөгө кирүү алда канча жеңилдеди.
Приватташтыруу боюнча 5 жылдык программа чет элдик инвесторлор үчүн 1200 компаниянын активдерине жол ачып берди. Бул мамлекеттин катышуусун азайтуунун эсебинен жеке сектордун иштөөсүн жогорулатуу үчун жасалды. Мындан тышкары инвесторлорго нефтегаз, нефть-химия, жеңил өнөр-жай, тамак-аш өнөр-жайы, фармацевттик багыт тармагында 41 млрд доллар сумманы түзгөн 900 жаңы инвестициялык долбоорлор сунушталды.
«Эркин экономикалык аймактар» тууралуу буйрукка кол коюлду, ал Өзбекстандагы 3 СЭЗ үчүн бирдиктүү укуктук режимди орнотуп берет. Бул эркин экономикалык аймактарда иш жүргүзгөндөр баардык салыктардан бошотулат. Жеңилдиктер инвестициянын көлөмүнө жараша 3–10 жылга берилет. Инвестициялардын көлөмү 300 миңден 3 млн долларга чейин болсо 3 жылга, 3 млндон 5 млн долларга чейин болсо – 5 жылга, 5 млндон 10 млн долларга чейин болсо 7 жылга жеңилдик берилет.
Өкмөт тарабынан жеке менчикти коргоо жана бизнес-климатты жакшыртуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлдү. 2017-жылдын 1-январынан тарта чарбалык субъекттерди текшерүүнүн баардык түрлөрү алынып салынды. Бизнес-омбудсмен институту түзүлдү.
1-сентябрга чейин өзбек мыйзам чыгаруучулары «электрондук акчалардын» айлануусу боюнча мыйзам долбоорун даярдоолору керек. Өлкөдө электрондук төлөмдөр боюнча технологияны киргизүү сунушталып, комплекстүү чаралар иштелип чыгууда.
Жада калса Өзбекстан криптовалют жана блокчейн технологиялар тармагында бизнести колдоору тууралуу билдирүү тараткан.
Президент Мирзиёев 1-июндан тарта Mirzo Ulugbek Innovation Center инновациялык борборунун иштөөсүнө уруксат берди. Анда блокчейн технологияларынын мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу шарттарын түзүү каралган. Ал эми 2018-жылдын 28-апрелинде Ташкентте блокчейн боюнча эл аралык форум өтөт, ал жакка дүйнө жүзүнөн делегаттар чакырылган. Натыйжада Өзбекстан бул технологиялык тармактан инвестиция тартууга мүмкүнчүлүк алат.
Эгерде Өзбекстан реформалар боюнча ушул темп менен кете турган болсо, анда жакынкы 2 жылда биздин өлкө бизди кууп жетип, эл аралык инвестициялар деңгээли боюнча бизден ашып түшөрү да толук мүмкүн. Биздин коңшу өлкө либералдуу мыйзамдардан сырткары инвесторлорго конкреттүү объекттерди сунуштай алат – чекене сатууда ондогон миллиондогон сатып алуучулар бар болсо, кен тарабынан ири кен казуучу жайлары жана өнөр-жай объектилери бар.
Биз Өзбекстанда эмне болуп жатканына тыкыр көз салып турушубуз керек. Ошондой эле санарип экономикага өтүүдө темпти жайлатууга такыр болбойт.
Азырынча биздин өлкө финансылык-инвестициялык тармактар үчүн аймактагы эң ыңгайлуу болуп саналууда. Бирок эл аралык атаандаштыкта утулуп калышыбыз ыктымал.
Биринчиден, бизде инвестициялык инфраструктура анча жакшы өнүккөн эмес. Аны дүйнөлүк стандарттарга жакындаштыруу абзел. Бул – биржалар, инвестициялык компаниялар, депозиттер, эсептөө системалары.
Экинчиден, биз тоо тармагына чет элдик инвесторлорду тартууда баардык тоскоолдуктарды жоюшубуз керек. Формалдуу түрдө бут тосуулар жок, бирок практика жүзүндө аукциондук система болгондуктан бул инвесторлор үчүн олуттуу тоскоолдук болуп саналат. Себеи акчасын долбоорлорго салууну каалагандар керектүү объект аукционго коюлуусун жылдап күтүүсү керек.
Үчүнчүдөн, өлкөбүз инвестициялык имидж үчүн активдүү иштөөсү керек. Чет элдик ММКлар менен иштешүү үчүн каражат керектигин түшүнүп турабыз. Ошондой эле интернет дагы бир катар тоскоолдук жаратууда. Себеби инвестиция салчу адам алгач эле интернеттен маалымат издейт эмеспи. Ал эми интернетте болсо Кыргызстан тууралуу терс маалыматтар абдан көп.
Келгиле эми өзбек өнөктөштөрдүн кадамдарын үйрөнөлү. Биз достук мамиледеги мамлекеттер болгонубуз менен инвестиция рыногунда биз атаандаштарбыз. Ошондуктан утулууну каалабайт элек.