• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбекстан чек арасында паспорттук көзөмөл кабиналарынын саны 30га чейин көбөйтүлөт

sab_6357

👁 753

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеевди жана Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаровду кабыл алды.

Өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы абал жана мамлекеттик чек аранын участкаларындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарын жакшыртуу боюнча аткарылып жаткан иштер талкууланды.

Президент Сооронбай Жээнбеков анын Өзбекстан Республикасына жана Тажикстан Республикасына болгон иш сапарларынын натыйжасында жетишилген макулдашууларга ылайык, кыргыз-тажик чек арасынын жана кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын делимитациялоо жумуштарын тездетүү боюнча бардык чараларды көрүүгө тапшырма берди.

Өкмөттүн чек араны делимитациялоо маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров кыргыз-өзбек чек арасынын калган участкаларын аныктоо боюнча жумуштар ыкчам жүрүп жатканын маалымдады.

Ошондой эле 2018-жылдын экинчи кварталында эки өлкөнүн мамлекет башчыларынын жолугушууларынын натыйжасында жетишилген Кыргызстан жана Тажикстандын ортосундагы эки тараптуу маселелерди комплекстүү карап чыгуу үчүн Өкмөттөр аралык комиссиянын жолугушуусу белгиленген.

Президент мамлекеттик чек аранын участкаларын аныктоо боюнча жумуштарды тездетүү чараларын көрүш керектигин белгиледи.

Мындан тышкары, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участогунун «Достук — автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктундагы абалды талкуулоо үчүн Мамлекет башчысынын тапшырмасы менен Ош областындагы КР Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Аппаратында уюштурулган жыйындын жыйынтыктары тууралуу маалымат берилди.

Уларбек Шаршеев «Достук — автодорожный» көзөмөл-өткөрүү пунктунун өткөрүү жөндөмүн жогорулатууга багытталган иш-чаралар комплексин өткөрүү боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө айтып берди.

Ал билдиргендей, мамлекеттик чек аранын кыргыз-өзбек участкаларында жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттарында чек арадагы аймактарда соода-сатыктын өнүгүшүнө байланыштуу жүргүнчүлөрдүн агымы көбөйүүдө. Өткөрүү жөндөмүн жогорулатуу максатында паспорттук көзөмөл кабиналарынын саны 30га чейин көбөйтүлөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик чек аранын участкаларындагы өткөрүү пункттарынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Жолугушууга ошондой эле КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысынын биринчи орун басары Дамир Сагынбаев, КР Президентинин кеңешчиси Жеңиш Раззаков катышты.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости