«Гишткуприк» (мурдагы «Черняевка») өзбек-казак өткөрүү пунктунда узун кезектер пайда болгонун булактар кабарлоодо. Жаңы жылга даярданган Өзбекстандын борборунун миңдеген жашоочулары казак базарына келип, азык-түлүктү Ташкент облусунун базарларына караганда 30–40 пайыз арзан алганга умтулушууда.
Белгилей кетсек, өз убагында Өзбекстандагы дүң базар иштеп турганда көптөгөн кыргызстандыктар Черняевка аркылуу Өзбекстанга барууга аракет кылышчу.
Элдер Казакстандын аймагына кирүү үчүн сааттап өткөрүү пункттарында турууга аргасыз болушууда.
Алар кезек күтүп 5–6 сааттан турушууда. Эртең менен эрте келгендер кечке маал гана көзөмөл өткөрүү пунктунан өтүшүүдө. Айрымдары чек арадан өтө албай калып, артка кайтууга мажбур болушууда.
Бул айдын башында ММКларда Өзбекстан жана Казакстан 2018–2019-жылдарга карата чек арадагы өткөрүү пунктунда оңдоо жана кеңейтүү иштерин жүргүзүү тууралуу сүйлөшүшкөнү боюнча маалымат тараган болчу.