• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өзбек авиакомпаниясы Ташкент-Душанбе-Ташкент каттамын кирешесиз деп атады

1478041647

👁 558

Өзбекстандын Тажикстандагы элчилиги тажик бийлигине кайрылып, Душанбе аэропортундагы тейлөөлөр үчүн «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясынын учактарына жеңилдиктерди берүүнү өтүндү.

Өзбек дипломаттары аэропортто кызмат көрсөтүүлөр үчүн алынчу сумма жогору болгондуктан, авиакомпания Ташкент-Душанбе-Ташкент багыты боюнча ар бир каттам жасаган сайын 5–8 миң долларга чыгашага учурап жатканын айтышты.

25-апрелде «Өзбекстан аба жолдору» компаниясынын өкүлү Орифжон Рузимуродов бул маалыматты ырастады. «Учурда Ташкент-Душанбе-Ташкент каттамы үчүн билет сатуудан түшкөн акчанын бардыгын Душанбе аэропортундагы тейлөө үчүн төлөп жатабыз. Каттамдар рахмат деген сөз үчүн гана аткарылууда. Биз тажик кесиптештерден аэропорттогу жыйымдарды азайтууну өтүндүк. Алар макул деп коюп, бирок 1-октябрдан тарта тескерисинче кайра көбөйтүп коюшту», — деди Орифжон Рузимуродов.
Анын айтымында, Душанбе аэропортунда тейлөө үчүн алынып жаткан акча Ташкенттегиге караганда үч эсе көп. Рузимуродов Ташкент-Душанбе-Ташкент каттамы боюнча орточо эсеп менен 150 жүргүнчү батчу учактар учса, болгону 50гө жакын гана билет сатыла турганын белгиледи. Бул багыт боюнча билетти алдын ала сатып алгандар 750 сомони (80 доллар), уча турган күнү алгандар 90 доллардан төлөшөт.

Азырынча Душанбедеги эл аралык аэропорттун жетекчилиги өзбек дипломаттарынын бул өтүнүчүнө жооп бере элек.

Былтыр апрелдин ортосунда Өзбекстан 1992-жылы токтотулган Ташкент-Душанбе-Ташкент аба каттамын кайрадан калыбына келтирген. «Өзбекстан аба жолдору» авиакомпаниясы Тажикстан борборуна А320 учактары менен жумасына бир жолудан учуп турат.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости