Кыргызстанда сурамжылоого катышкан ар бир 5 үй-бүлө өзүн болгону тамак менен камсыз кыла алат. Кийим сатып алууга келгенде айрым кыйынчылыктар пайда болот. Сурамжылоого катышкандардын 5,7%ынын акчасы жада калса тамакка да жетпей калат, башкача айтканда алардын материалдык абалы кризистик болуп саналат. Чыгымдар боюнча берилген суроого суралгандардын 5,1%ы батир, унаа, дача сатып ала албастыгын билдиришкен, 19,9%ы тамак-аш, кийим, үй-тиричилик техникасы боюнча кыйынчылык жок экенин билдиришкен. Суралгандардын үчтөн бир бөлүгү алардын акчасы тамак-ашка, кийим-кечеге жетээрин, бирок сыналгы жана муздаткыч ала алышпастыгын билдиришкен.
Экономист Эркайым Дүйшөналиева адамдар кол сунуп жардам сурап отура бербеши керектигин айтат, тапкан каражаты аз болсо дагы кирешесинин кайсы бир бөлүгүн чогултууга аракет жасоосу керек.
Адистер кыргызстандыктар акчам жок деп дайыма бирөөдөн көз каранды болуп тургандыгын адашкандык деп санашат. Мисалы, “кедей болуп төрөлсөң, кедей болуп өтөсүң” же “ак эмгек менен көп акча топтоого мүмкүн эмес”, “көп акчаны өтө оор иштерди жасап гана тапса болот” деген түшүнүк бар. Мындай ойлордун баары адамдар өз жашоосун жакшы жакка өзгөрткүсү келбегендигинен кабар берет.
Аркад илгери эле кирешенин онунчу бөлүгүн катып коюу керектигин айткан. Жаңы экономика дагы адамдын билими канча жогору болсо ал каражатын туура бөлүштүрө алат деп келет.
Сэр Джон Темплтон жубайы менен бирге ар ай сайын 19 жыл катары менен кирешесинин 50 пайызын сактап келишкен. Башында бул өтө оор болгон, өзгөчө кирешелери аз болгон маалда. Бирок Джон Темплтон миллиардер болуп, дүйнөдөгү фонд менеджерлеринин бири болгон.
Уоррен Баффетт — Америкадагы бай адамдардын бири, анын байлыгын Форбсжурналы 36 миллиард доллар деп санаган. Ал мынча байлыкты кантип топтоду? Сыры ошол эле: “үнөмдөп, сактап коюу”.
Бирок караганда кереги тиет деп же эс алуу керек деп каражат чогулткан кыргызстандыктар аз. Өзүңө инвестиция кылуу маданияты Кыргызстанда өнүккөн эмес. Саякаттоо, кызыктуу жерлерге баруу, сөзсүз эле чет жакка эмес, өлкөнүн ичинде дагы эс алуу дүйнө таанымды кеңейтип, адамдын жашоо сапатын жакшыртат эмеспи.
Ошентип консалтинг компанияларынын иликтөөлөрүнө ылайык, биздин өлкөдө 21-кылымда каражат топтоо болгону менен бат эле аны коротууга шашышат, билим алуу үчүн акча топтогондор жокко эсе. Кыргызстандыктар негизинен акчаны өнүгүү үчүн топтошпойт.
Бул сөздөр каражаттарын сактоону билгендер тууралуу болду. Тилекке каршы, көпчүлүк кыргызстандыктарда жашоого керектүү нерселерди алгандан кийин чөнтөгүндө арзыбаган акча калат дагы аларды чогулуп кереги жок болуп калат. АУЦАнын мугалими Зарылбек Кудабаев кедейлер менен каражат топтоо тууралуу сүйлөшүү оор экенин билдирет. Бул адамдар бул сүйлөшүүлөрдү шылдың катары кабыл алышат.
“Өздөрү каалаган каржылык максаттарга (үй, унаа, билим алуу, саякаттоо ж.б.) жетүү үчүн көпчүлүк үй-бүлөлүк каржылык план түзүшөбү? СССР учурунда каражат топтоо маданияты жакшы болчу: каражат топтоо китепчеси бардык жарандарда бар болчу жана алар маянасынын бир бөлүгүн ал жакка которуп турушчу. Адамдар финансылык институттарга ишенишчү. Бирок учурда өлкөдөн инвестиция кылуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок өлкө жашоочулары алар тууралуу биле беришпейт” ‚-дейт «Сенти» компаниясынын директору Нелли Симонова.
КРнын Улуттук банкы билдиргендей, Кыргызстанда сурамжылоого катышкандардын жарымы үй-бүлөсүнүн каржылык абалын канааттандыраарлык деп жооп берген, ал эми ар бир алтынчы жаран начар жана өтө начар деген баа берген. Банктын изилдөөлөрү учурда калктын үчтөн бир бөлүгү кирешесинин жана чыгашасынын эсебин алып турат деген натыйжа берген. Ар бир алтынчы адам бир ай ичинде канча каражат алганын жана канча коротконун так билбейт. Жарандардын көбү базалык каржылык кызматтарды колдонушат дагы керектөөчү насыялар боюнча каржылык операцияларды жүргүзүшөт. Көпчүлүк адамдар каржылык кызматтардан колдонуудан мурун аларды ар түрдүү насыя мекемелери менен салыштырып башташат.
Жеке каражаттарын колдонууну билбегендиктен калктын калың катмары кедейчиликте жашап жатат.
“Эгерде адамдар өз алдынча өзүн киреше менен камсыз кыла алса, анда бул өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жана калктын жашоосунун жакшыруусуна алып келет. Адамдардын топтогон акчалары иштеп, ата мекендик ишканалар арзан жана көп убакытка акча менен камсыз болушмак”,-дейт эксперт Айсулуу Жамангулова.
“Мен эң жакшы жардам – өзүңө-өзүң жардам берүү экенин мурун эле түшүнгөм. Башында коркуп жүрдүм, бирок бара-бара ар кандай компаниялардын баалу кагаздарын ала баштадым. Натыйжада салган акчаларымды кайтарып алдым жана бир аз акча да топтодум. Бул акчаңды бир нерсеге салып катып алгандан алда канча жакшы ”,-дейт 78 жаштагы пенсионер Владимир Логин. Ал пенсиясынын бир бөлүгүн баалуу кагаздарга жумшайт.
Жада калса ушундай кутман карылыкта дагы адам каражаттар иштеп турушу керектигин түшүнгөнү кубандырат. Өзүнүн жана жаш муундун пайдасына иштеп жатат ал акчалар! Өлкө жарандарына жеке каражаттарын кантип туура сарптаса болору тууралуу маалымат жеткиликтүү болушу керек. Ийгиликтүү тажрыйбалар тууралуу окуялар керек!
Эмнеге оптимизм? Жообу белгилүү; инвестициялык жактан активдүү жана көз карандысыз болгон адам гана социалдык-экономикалык жашоого катышып, туруктуу өлкөнү, ийгиликтүү улутту түзөт. Ошондуктан жеке каражаттар боюнча базалык билим жаш кезинен тарта берилиши керек.
Ирина Байрамукова