Ошентип жайда аяктады – эми баарыбыз сүйгөн жер-жемиштер быша баштайт.
“Ийнелик менен кумурска” деген тамсилдегидей болуп, жай бүткөн соң кумурскадан аш сурап келген ийнеликтей болбой кышка кам көрүп баштоо керек.
Учурда Ош облусунун Өзгөн районундагы Салам-Алик айылынын 50дөн ашуун үй-бүлөсү жапайы жемиштерден жем, компот, варенье жасай башташты. Жаратылыш байлыгы үй кожейкелерине чакан бизнес баштоого түрткү берди: 2008-жылдын башында Дуния Чийдеева, Гульжан Кайынбердиева, Канымгуль Бабанова, Фарида Абдакимова, Минай Бийназарова ит мурун чогултушуп ага шекер, бал кошушуп, грек жаңгагын аралаштырып атайын аралашма даярдашкан эле, андан соң малина, кожогат вареньелерин да жасашкан. Эми бизнестери кеңейген. Учурда бул чакан бизнеске алар башка айыл тургундарын дагы тартышкан – АГПВ мүчөлөрүн (жардам берүү ассоциациялар тобу). Жапайы жемиштерди чогултуу менен ондогон айылдыктар киреше таап, Салам-Алик айылында “Жетиген” цехи ачылган.
Экономикалык ишмердүүлүктү ийгиликтүү жүргүзүү үчүн айымдарга билим жана тиешелүү жабдуу жетишпей жаткан. Алар грант алышып ошондой эле өз каражаттарын кошуп керектүү жабдууларды алышкан.
Айымдар жапайы жемиштерди консервалоо, пландоо жана учет жүргүзүү боюнча окууга да барышкан. Натыйжада көп болбосо дагы киреше таба башташкан. Ишкер айымдарга негизинен шире чыгаруучу «Архарот-ЭлАй», ЖЧКсы буйрутма берет. “Жетиген” цехи аларга өнөктөш болуп, башка айымдарга дагы маалымат берип келишет.
Ысык-Көл облусунун Кажы-Сай, Чельпек, Жергез, Ново-Вознесеновка, Ак-Булак, Боз-Бешик, Оргочор айылдарынын тургундары бири-бири менен маалымат алмашып иштеп келишет. Алар “Өз бизнесиңди башта” деп аталган окутуу курсуна барышып, бизнести пландоону жана эсептөөнү үйрөнүшкөн натыйжада «Дары природы Иссык-Куля» деп аталган ишкерлигин башташкан. Ошондон тартып Дары природы Иссык-Куля» кооперативи тоо балын, чычырканак, кара өрүк, абрикос, алча, малина жана кара карагат жемдерин чыгарып келишет. Кооперативдин өнүмдөрү Бишкектин жарманкелеринде коюлуп, суроо-талапка ээ болуп келет. Аталган коопартивде иштегендер гана эмес, жемиш чогултуп бергендер дагы иш менен камсыз болушкан.
Албетте, ишкерлердин иши ийгиликтүү болуу үчүн алар инновациялык ыкмаларды дагы үйрөнүүлөрү керек. Бизнести өнүктүрүүдө биогаз колдонуу жакшы ийгиликтерди алып келет. Мисалы, Ново-Вознесеновка айылынын тургуну Сонун Жылтырова көп жылдар мурун биогаз жабдууларын коюп иштетип баштаган. Ал идиштерди буулоо үчүн биогазды колдонот.
Ал эми Чүй районунун тургундары болсо үй-бүлөлөрү менен биргеликте жаңы бизнес түрүн ойлоп табышкан – алар кулпунай өстүрүшүп, киреше таап келишет. Рахат Жумашева буга чейин дагы ар түрдүү жемиштерди өстүрүп келген бирок аларды сатчу эмес, өзү гана колдончу.
“Айылдагы колдонулбай калган жерлердин санын кантип кыскартуу керектиги тууралуу көп ойлончумун. Кулпунай көптөгөн жылдардан бери менин үй-бүлөмду багып келет. Кээ бир учурларда коңшуларымды дагы жумушка тартып, акысын төлөп берем. 1,5 гектар жерге ар түрдүү сортторду отургузам дагы июндан тарта бир нече ирээт түшүм алам”,-деди кожейке.
Көпчүлүк ишкерлер бышкан жемишти ортомчулар арзан баада сатып алышат деп нааразы болуп келишет. Себеби өзүбүз түшүмдү базарга алып барууга унаабыз жок. Базарларда турууга дагы убактыбыз тар! Кулпунайды дайыма карап, дайыма кам көрүп туруу керек. Тилекке каршы, көптөгөн өндүрүүчүлөр азырынча аны кайра иштетүүнү ойлонуша элек: каражат дагы тажрыйба дагы жетишпейт.
Бул бир аз гана мисал. Себеби айылдыктар жаратылыш байлыгын өздөрү үчүн гана колдонбостон киреше булагы кылып да алышкан. Учурда алар жер иштетүү менен консерваларды, кактарды да даярдап келишет.
Кимден сурабасаң баары эле мамлекеттен үмүт этип отурушкандар. Алар түшүмдөрүн ортомчуларсыз түз сатууну мамлекет камсыз кылып берсе дешет. Ошондой эле Кыргызстанда кайра иштетүүчү өндүрүш ачууну кыялданып келишет. Ошондо гана биз башка өлкөлөрдөн ширелерди, джемдерди алып келбей калабыз.
Ирина Байрамукова