Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 84%ы дотацияда отурушат. Бул тууралуу Финансы министри Адылбек Касымалиев ЖКдагы Кыргыз Республикасынын 2018-жылга болгон бюджеттик резолюциясы жана 2019–2020-жылдарга божомолу тууралуу талкуу жүрүп жатканда билдирди.
Маселе депутаттардын бири өкмөткө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын дотациядан чыгаруу тууралуу маселе менен кайрылганда көтөрүлгөн. 80% жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттин эсебинен жашап жатса Өкмөт бул ишти кантип аткарат?
А.Касымалиевдин айтымында, буга экспорттук ташууларга сатуудан түшкөн салыкты жоюп салганы себеп болууда, анткени сатуудан түшкөн салыктын 50%ы жергиликтүү бюджеттерди толтурчу.
Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиевдин айтымында, бул жылы март айында өкмөт аймактык өнүгүү саясатынын концепциясын бекиткен. Анын айырмачылыгы өнүктүрүлүүчү шаарлардын тандалып алынганында. Бул тууралуу мурда ЭКОНОМИКА жазып чыккан.
“Этап менен ар бир шаарды өнүктүрүү программалары иштелип чыгат. Бул программа бизнес-план түрүндө даярдалганы менен айырмаланат. Ар бир шаар аныкталган экономикалык аймактын борбору болуп саналат. Концепцияга ылайык эл аралык өнөр-жай кызматташтык борбору жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети аркылуу тармактык программалар даярдалат. Энергетикалык секторду өнүктүрүү үчүн дагы бир программа даярдалууда”,-деди Д.Иманалиев.