Курмандын каналына жазылгандардын саны учурда эки миллионго жетип калды. Аталган сыйлык өз каналына бир миллиондон ашык колдонуучуларды топтогон адамдарга берилет. Төш какпай эле тынымсыз эмгек менен мындай ийгилик жараткан эмгекчил мекендешибизге алкоо гана жарашат. Заман талабына жараша иш алып бара билген, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде салымдарын кошууга далалаттанган жаңы муун өсүп келе жатканы бизди кубандырат. Кыргызстанда интернет менен бизнес кылууга кызыккан жаштар бар, аларга жол көрсөтүү керек. Чет өлкөлөрдө жүрүп, ошол жол көрсөтүүгө тажрыйбасы да билими да жетилип калган жеке ишкер, ютубчу Курман ЖОЛДОШЕВ “ЭКОНОМИКАга” маек куруп берди.
- Курман, өзүң тууралуу тааныштырсаң, ютуб бизнеси менен алектенгениңе канча убакыт болду?
- Мен өзүм Түркияда окуп келгем. Ар кайсы иштер менен алектенип Кытайда, Россияда болуп кайттым. Мурда компьютерди хобби катары колдонуп, сайт жасап жүрчүмүн. Сайт менен иштечүбүз. 2014-жылы
Ютуб менен бизнес кылууну чечип, ошондон бери ютубда иштеп келебиз. Себеби ютуб Батыш рыногу менен кетет. Ал жакта кризис жок деп сфераны өзгөртүүгө туура келди.
- Кечээ жакында эле ютубдун “Алтын баскыч” сыйлыгын алдың. Дүйнөгө белгилүү Youtube видео-хостингинин “Алтын баскыч” сыйлыгы алгачкы ирет КМШ өлкөлөрү боюнча сага берилиптир. Бул сыйлыкка жетүү үчүн кандай жолдорду басып өттүң?
- Ийгиликке жетишели, ютубдун сырларын үйрөнөлү деп 24 саат бою иштеген күндөр болду. Кайсы видеолор жакшы кетет, кайсылары кетпейт деп өтө көп эксперимент жасап көрдүк. Кээ бирлери жакшы болду. Кээ бирлери жакшы кетпеди. Кеткендердин бирөөсү “Kids312» деген канал. Автордук каналга 100 миң адам жазылып, оригиналдуу видеолорду жүктөп жүргөн болсоңуз, анда компания тарабынан алгач “Күмүш баскыч” ыйгарылат. Биз мындай “Күмүш баскыч” сыйлыгын буга чейин эки ирет алганбыз.
Ал эми “Ютуб” компаниясынын “Бриллиант баскычы” үчүн 10 миллиондук аудитория топтоо зарыл. “Рубин баскычын” алуу үчүн 50 миллион аудитория топтоо керек. Мен билгенден дүйнөдө бирөө эле “Рубин баскычына” жеткен. “Бриллиант баскыч” сыйлыгын алгандар да саналуу эле.
- Артыңдан келе жаткан шакирттериң барбы? Алар кандай ийгиликке жетүүдө? Аздыр-көптүр каражат таап калыштыбы?
- Тренингдерди акысыз өткөргөнүбүз үчүнбү, бизге көп ишенишкен жок. Бирок, анын арасынан чындап буга ишенип, баштагандар да болду. Учурда он-он беш жаштар биздин артыбыздан чыгып, ийгиликтерди багынта баштады. Азыр Кыргызстанда ютуб аркылуу акча табуу толук жайылбаса да, акырындап бул тармакта иштегендер бар. Алар учурда өз алдыларынча иштеп жатышат. Кээде мен алардан бир нерсе сурап калам, кээде менден сурап калышат. Алар менен тыгыз байланыш түзүп, группалар ичинде сүйлөшүп турабыз. Биздин башында кошулган окуучулар ийгилик жарата башташты. Жаңы баштагандар үчүн темага кириш бир аз кыйын болуп жатат. Бирок, мурдагыдан эки-үч эсе катуу иштесе ийгилик болот.
- Ютуб каналын иштетип кетүү жеңил болбосо керек…
- Анимация боюнча команда түзүп жаттыңар эле, ал кандай иштеп жатат?
- Анимация боюнча топ түзүп, фирма ачканбыз. Азыр фирмада иштеп жаткан жыйырмадай адам бар. 2Д, 3Д боюнча анимацияларды жасап жатабыз. Америкадан мыкты деген планшеттерди, камераларды алып келгенбиз. Мындайча айтканда, алдыңкы технологияларды колдонуп жатабыз. Команда азыр толук товар чыгара элек. Азыркы учурда үйрөнүү этабында. Бул команданы түзгөнүбүзгө эки-үч айдын жүзү болду. Дагы эки-үч айдын ичинде толук, сапаттуу виделорду жасап калышарына ишенимим чоң.
- Эки миллион көрүүчүсү бар “Kids312” каналыңарга кирип көрдүм. Абдан сонун, бул анимациялык видеолорду жаратууга да көп идея, көп фантазия керек го…
- Негизинен идеялардын көбүн өзүбүз ойлоп табабыз. Анан рынокко карап иш кылабыз. Кээде биздин жакшы идеяларды башкалар уурдайт. Кээде биз да жакшы видеолорду көрүп илхам алган учурлар болот.
Электрондук акча табуу жолдору
Электрондук акча же WebMoney — интернеттеги төлөм-акы системасы, башкача айтканда маалымат желесиндеги акча бирдиги болуп саналат. Бул түшүнүк интернетте алгач АКШда пайда болуп, 1998-жылдан баштап бүт дүйнөгө жайыла баштаган.
Интернетте Web Money, же акча табуу үчүн эмне кылуу керек? Бул ыкма жеңил эле. Интернет өзү маалыматтан тургандыктан, кызыктуу жана керектүү маалыматтарды дүйнөлүк желеде сатса болот. Мисалы, кызыктуу бир дил баянын жазсаңыз, аны интернеттеги кайсы бир сайтка коюп, сатып алуучу издесеңиз болот. Эгер кызыкдар адамдар табылса, ал сизге электрондук акча жөнөтүп, дил баяныңызды сатып алат. Сиз бул акчаны өзүңүздүн электрондук эсебиңизге сактап коесуз, же атайын борборлордон кадимки акчага айландырып алсаңыз болот.
Жамиля НУРМАНБЕТОВА