• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Үйлөнүү тойго кеткен чыгымдар

7-str

👁 3,267

Мен үйлөнүү тойлорду жаман көрөм. Үйлөнүү тойго чакыруу келгенде жиним келип, денем чымырап чыгат. Азыр кыздардын көбү мени жаман көрүшүп: “Кантип ушундай болсун?! Болушу мүмкүн эмес!” деши мүмкүн. Болот. Жашоомдо канча үйлөнүү тойго бардым? 14. Алардын канчасы жакшы болду? Бири дагы. Баары эле коендой окшош: ЗАГСтагы шатыра-шатман көңүл ачуу, ресторандагы узун каалоо-тилектер, уят оюндар, урушуп кеткен туугандар, мас болгон коноктор, өзүн жоготкон үйлөнүп жаткан кара костюмчан жигит жана ак көйнөгү бырышып калган келин. Тойго келгендердин баары ичинен ушул майрамга канча каражат кеткенине кызыкдар.

Мындай нерсенин эмне кереги бар? Кимге кереги бар? Кызык суроо. Албетте, соодагерлерге гана, себеби алар киреше таап жатышат. Тойлордон гүл индустриясы, чакыруу кагазын басып чыгаруучулар, шарап жасагычтар, таттууларды жасагандар миллиарддаган пайда табышат. Кайсы тойдон көп каражат тапса болот? Ооба, үйлөнүү тойдон. Бир эле келин ак көйнөк сатып алып, чач жасатып, боенуп жатып бир топ каражат коротот. Лондондогу үлпөт тойду эстеңизчи – келиндин көйнөгү эле 135 миң евро турат экен. Жеңдери бар мүшөк ошончо кымбатпы? Маанилүү эмес! Эң башкысы — Givenchy.

Бишкектен Лондонго чейинки аралык айга жөө баргандай эле деңизчи, бирок биздин жаштар деле артта калган жери жок. Мисалы, банкет залын ижарага алуу Бишкектеги ресторанда орточо болжол менен 100 – 250 миң сом болсо, ал залды жасалгалоо 30 миң сомдон жогору. Үйлөнүп жаткан мырза костюмуна тага турчу кенедей гүл 2 миң сомду чапчыйт.

Салтка ылайык, тойдо бодо бал союшат – жок дегенде бир жылкы же уй. Баасы 60 миңге жакын. Суусундук менен спирт ичимдиктерин өзүнчө сатып алышат – болжол менен 20 миң сом. Майрамдык тортсуз баары кызыксыз да, 8 килограммдык таттуунун баасы болжол менен 8 миң сом. Лимузин кызматы 30 миң.

Никенин символу болгон шакектер чөнтөгүңүздөн 10 миң сомду сууруп алат. Бул эң жөнөкөйлөрү, эгер баалуу таштары менен болгон болсо 40 миң сомуңузду дайындай бериңиз.

Үлпөт көйнөгүн прокатка 25 миң сомго алса болот. Сулуулук салондорунун кызматтары орточо 7 миңге чыгат. Акырында кыздарды көздөй ыргытылчу гүл букети 3 миң сом болот.

Сүрөт жана видеосъемка 20 миң сомду чапчыйт. Кесипкөй алып баруучунун кызматы, шоу-программаларды уюштуруу 50 миң сомго барат.

Баса, конокторго белектерди унутуппуз! Бул жерде баары сиздин каалооңуздан көз каранды. Жок дегенде эле дагы 50 миң сом. Башка көзгө көрүнбөгөн чыгымдар да бар. Натыйжада жалпы сумма жарым миллионду чапчууда…

Миллионерлер Бишкекте жолдо жаткан жери жок. Үйлөнүп жаткандардын көбү эл эмне дейт деген түшүнүк менен жашап, карызга батып калышат. Дал ушул жерде таң калуулар башталат. Бизнестин көз карашында бул болбогон нерсе.

Биринчиден, үлпөт той ликвиддүү эмес. Ликвиддүүлүк – бул кандайдыр бир товардын сизге ылайык болгон баада сатылуусу. Мисалы, эгер сиз 20 миңге жаңы телефон сатып алсаңыз, кийинки күнү аны дароо сатыш керек болсо, демек аны 16 миңге гана сата аласыз. Демек, телефон ликвиддүү. Же унаа салонунан унаа алган соң 30% арзандап, 70% баасы сакталып калууда. Унаа ликвиддүү. Ал эми үйлөнүү тоюнун ликвиддүүлүгү нөлгө барабар. Той бюджетинин көп бөлүгү кызматтар жана тамак-аш. Ликвиддүү эмес сатып алууларга каражат коротуп кереги жок.

Жаштарга кошумча беришет го, демек чыгымдар жабылат дешиңиз мүмкүн. Бирок бул ишенимдүү эмес, айрымдар тойдун жарым чыгымын дагы жаба албай калышат. Балким акча эмес плед же мультиварка белекке берип коюшсачы?

Экинчи учур: үлпөт той бул актив эмес. Баалуу кагаздар, банк депозиттери акча алып келет. Эгер сиз 500 миң сомду 9% менен банкка салсаңыз, бир жылдан кийин сизде 545 миң сом болот. Салымдар жана баалуу кагаздар – булар активдер.

Унаа менен жумушка барасыз, батирде жашайсыз, телефон аркылуу көйгөйлөрүңүздү чечесиз. Компьютер иштөө үчүн керек, кийимди жумушка кийип барасыз мунун баары бизге киреше алып келет, демек бул дагы активдер. Эгерде сиз программалоо курсуна барып, программист болуп иштесеңиз, анда бул дагы актив болот, себеби сиз иштеп маяна аласыз.

Үлпөт той киреше алып келбейт. Бул жөн гана бир күндүк майрам, жөн гана чыгым.

Үй-бүлө курулуп жатпайбы дешиңиз мүмкүн. Үлпөт той менен үй-бүлөнү алмаштырууга болбойт! Аял күйөөсү бири-бирине акча табууга жардам беришип, акчаны чогуу үнөмдөшөт. Жашоо шартын жакшыртышат. Үй-бүлө –актив, үлпөт той – андай эмес.
Үчүнчү пункт, бул тойдун сапаты үй-бүлөлүк жашоонун сапатын билдирбейт. Тилекке каршы, тойдо көңүл ачсаңыз, жашоодо уруш-талаш да, балдарды кийинтип-ичиндириш керек, аны бала-бакчага берүү зарыл болот. Тойдон сизди жөн гана жакшы көрүшсө, жашоодо кылган ишиңизден улам баалашат. Тойдо сулуу болуп турсаңыз, жашоодо кадимкидей болосуз. Тойдо тамактын баары даяр жасалып келсе, жашоодо өзүңүз дүкөнгө барып керектүү азыктарды сатып алып, тамак жасашыңыз керек болот. Үлпөт той бул спектакль.

Тойго даярданып баштасаңыз, ар ким ар түрдүү кеңештерди беришет, мисалы, гүлдөрдөн турган аркага буйрутма берүү, шоколад шаркыратмасын, Хаммерлерден турган унаалар. Булар жөн гана обу жоктук.

Эгерде сиздин жашыңыз 19–25 болсо, анда бул той акыркы болот деп эч ким кепилдик бербейт. Бир нече жылдан кийин ажырашып кеткендер деле бар. Демек үлпөт той үй-бүлөнүн бекемдигин камсыз кылбайт.

Элдердикиндей болсун деген такыр туура эмес. Көпчүлүк тоюңуздагы өзгөчөлүктү байкабай калышы мүмкүн.

Финансылык көз караштан алганда кандай кылуу туура? Топтолуучу эсеп ачуу керек, мисалы саякаттоо үчүн. Ашкан каражаттарыңыздын баарын ошол эсепке которо бересиз. Эгерде жаштар үйлөнгүсү келсе, анда алар джинсы менен барып эле никесин каттатып коюшат дагы жакындарынын арасында белгилеп коюшат. Айлап ак көйнөк издеп, Бишкектин тар көчөлөрү менен лимузинде жүрүү акылсыздык. Мындан бакыт ашып кетпейт. Мен турмушка чыкканда үлпөт той болбойт. Жөн гана бир күнү ойгонгондо, колумда нике шакегин болушун каалайм. Жөн гана, тынч эле. Бирок Балиде ойгонгум келет…

Евгения МАРТЬЯНОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости