Акчаны эсептесек, баарынын эле эсеби чыккандай. Бирок, биз кїнїмдїк азык-тїлїккє, керектїї нерселерге, туулган кїн, той-топур, майрамдарга канча коротуп жатканыбызды анча аўдабайбыз да карызга белчебизден батып, отуруп калабыз. Бирок їйгє келген каражатты акылдуулук менен жумшасаўыз, эч кандай карызы жок, єзїў каалаган нерсени сатып алууга мїмкїнчїлїк болот, мисалы машина деле сатып алсаў эмне їчїн болбосун.
Адегенде їй-бїлєлїк бюджетти ким карайт кїйєєсїбї, аялыбы же экєє теўби? Албетте, мындай суроого ар кандай жооп болушу мїмкїн, анткени ар бир їй бїлє ким каражатты карайт єздєрї чечишет эмеспи.
Їй-бїлєлїк бюджетти эсеби менен алып барууда – чыгаша менен кирешенин бардыгын атайын блокнотко жазып туруу шарт, аны компьютердик программа же мобильдик сунуштарга да жазып сактап турсаўыз болот, азыркы учурда мындай мїмкїнчїлїк бардык жерде эле бар эмеспи.
Мындай чыгашаны эксперттер бир нече топко бєлїїнї сунушташат. Биринчи, эў негизгиси – їй-бїлє мїчєлєрїнїн ден соолугу, балдардын билим алуусуна жана башкаларга коротулат .
Экинчи топ – кїнїмдїк чыгашалар, анын ичинде азык тїлїк, кийим кече, жол кире сыяктуу коротуулар.
Ал эми їчїнчї топко – кандайдыр бир максатка жетїї їчїн топтолгон каражат, мисалы, машина сатып алуу, эс алуу, ремонт жана башка.