Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында американын Caterpillar машина куроочу компаниясы Кыргызстанда тоо кен техникаларын жана жабдыктарын тейлөө боюнча сервис-борборун ачты.
Автоунаа куроо борбору аталган ишкананын Кыргызстандагы расмий дилери «Борусан Макина Казакстан» компаниясы жана «Кыргызалтын» ачык акционердик коому менен биргеликте ачылды.
Сервис борбор «Кыргызалтындын» автоунаалар ишканасы филиалынын аймагында жайгашкан. Жалпы аянты 5 миң чарчы метрди түзөт.
Ал техникалык тейлөө боюнча дүйнөлүк стандарттарга жооп берет жана Кыргызстанда жалгыз гана болуп саналат. Сервис-борбор өлкөдөгү бардык тоо кен өнөр жай ишканалары, анын ичинде » Кумтөр» сыяктуу компаниялардын техникаларын оңдоп берүүгө жөндөмдүү.
Ишканада Кыргызстандын 40тан ашык жараны иштеп жатат. Адистер 15 күндөн вахталык усул менен иштешет.