• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ысык-Көлдүктөрдүн жыргалы жана жакырчылыгы.

foto-pakirov-i

👁 1,238

Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси Пакиров И.Н менен Өнүктүрүү фондунун келечеги жана коррупциялык коркунучтар тууралуу маектештик.

Саламатсызбы, Илья мырза. Жакында эле гезиттердин бирине Ысык-Көл облусунун жетекчилиги тууралуу коррупцияга байланышкандыгы боюнча макала чыгып, ММКга бат эле тарап кетти. Ал курулуш фирмалардын биринин жетекчиси Азиза Мамбетказиеванын атынан жазылып, анын ичинде сиздин атыңыз дагы аталыптыр. Эмнеге азыркыга чейин расмий комментарий бериле элек? Абал боюнча пикириңизди билдире аласызбы?

–Макала чындыкка дал келбейт. Биз бир жыл мурун иштеп баштадык. Аймактын жетекчилигине карата ар кандай ойлоп табылган айыптардын аягы тыйылбай келет.

Максат – кандай болсо дагы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун ишин жакшыртууга жана эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган реформаны токтотуу.

Өз кезегинде бизге карата мындай чабуулдар биз алакан жайып эле отурбастан, аймакты өзгөртүүгө аракет кылып жатканыбыздан кабар берет.

Сиз туура айттыңыз, унчукпай отура берүү мүмкүн болбой калды, анткени “жазгычтар” чектен ашып кетишти. Бүгүн бул адамдар жеңил акча табуу үчүн баарына даяр экендигине көзүм жетти. Алар үчүн элдин кызыкчылыгы – бекер сөз.

Мен адамдардын калпына жана арамдыгына абдан таң калдым, алар биздин энебиз жана атабыз менен тең адамдар. Алар бизге намыс менен кантип жашоону үйрөтүш керек эле.

Мунун баары маданияттын жоктугунан кабар берет. 2017-жыл эмнеге ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялангандыгын түшүнө баштадым. 2017-жыл экономика жылы болуш керек жеп ойлогом, жаңылышыпмын.

–Эмнеге мындай чабуулдар башталды?

–2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга байланыштуу өтө оор жүккө карабай, Ысык-Көл облусунун жетекчилиги аймактын социалдык-экономикалык абалы боюнча анализ жүргүзүү тапшырмасын алдына койгон. Биринчи кезекте аймактын экономикасын өнүктүрүүгө көңүл бөлүнгөн болчу.

Көйгөйлүү аймактар аныкталып, аларды чечүү жолу иштелип чыккан. А.Акибаевдин карапайым калк менен болгон көптөгөн жолугушууларынын натыйжасында Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун ишине нааразы болгондор көп болгон.

Фондго мурун дагы жергиликтүү активисттер, Жогорку Кеңештин депутаттары нааразычылыгын билдирип келгени жашыруун эмес.

Чындыгында Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык активисттер жана жашоочулар Фонддун ишинин эффективдүү эмес болгондугу боюнча туура пикирлерди айтышкан. Фонддун 1997–2016-жылдардагы иши менен таанышып чыгып биз мындай чечимге келдик: мамлекеттин жана элдин кызыкчылыгы үчүн Фондду кайрадан уюштуруу зарыл.

–Конкреттүү түрдө эмнелер ачыкка чыкты?

–Эң негизгилерин айтып кетейин. Фондду бир нече адам эле өздөрү билип келген. Алар катардагы уюмдардын өкүлдөрү Алар качан жана кимге акча которуу керектигин чечип келишкен. Мындай укук Фонддун байкоочу кеңешинде жана Дирекция жетекчилигинде гана бар болчу.

Акча каражаттарын жакшылап текшеришкен эмес, башкача айтканда каражаттар мамлекеттин кызыкчылыгында иштетилген эмес.

Келишимдер боюнча миллиондогон акчалар тандалма фирмаларга которулуп турган. Ошондуктан бүгүн мамлекеттин миллион сомдору азыркыга чейин бул адамдардын колунда.

Договора были составлены так, что миллионы сомов авансом перечисляются «избранным» подрядным фирмам. Поэтому сегодня миллионы сомов государственных денег до сих находятся в руках этих лиц.

Фонддун айрым кызматкерлери менен куруучу фирмалар ич ара сүйлөшүп алышканы билинип турат. Фонддун айрым кызматкерлери азыркыга чейин Фонддун жаңы жетекчилигине көнбөй, анын берген тапшырмаларын аткарууну создуктуруп, архивдеги документтерди таба албай келишет. Башында тиешелүү адистер Фонддо канча каражат калганын так айта алышкан эмес.

Фонддун өнүктүрүү стратегиясы жок болгондуктан куруучу фирмалары өз кызыкчылыктарына колдонуп, каражаттарды бүтпөгөн курулуш иштерине жана оңдоолорго коротуп келишкен. Эң коркунучтуусу жана өкүнүчтүүсү жогоруда айтылган маселелер жылдап чечилбей, коррупциялык системанын түзүлүүсүнө жакшы шарт түзүлүп келген. Эми аларды чечүү үчүн бир оп күч жана карама-каршылыктар керек.

–Эмнеге мурда маселелер чечилбей системдүү мүнөзгө ээ болуп калган?

–Мен бул суроого жооп берүүдө кыйналып турам. Өткөнгө баа бере албайм, себеби 2016-жылы Асхат Акибаев кызматка келгени эле иштеп баштадым.

–Фонддо канча каражат бар жана кандай каржылоо булактары бар?

–Өнүктүрүү фонду Кумтөр компаниясынан каржыланып жана 1998-жылдан бери иштеп келет. 1998–2016-жылдар аралыгында Фондго 2,9 млрд.сом которулган. Мунун баары “ийгиликтүү” коротулган. Ал эми жакынкы 10 жыл ичинде, башкача айтканда Кумтөр кенинин жабылышына чейин (2026ж.) 3,1 мрлд.сом бөлүнөт.

Бирок бул сумма алдын ала айтылган сумма экенин эстен чыгарбоо керек, себеби алтынга болгон баанын түшүшү менен сумма же каржылоо азайышы ыктымал. Кенди иштетүүдө үзгүлтүктөр болсо Фонддун иши токтоп калышы ыктымал.

Фондго болгон каражат которуу алтынды чыгаруудан көз каранды.

2017–2018-жылдары Фондго которулган каражаттар максималдуу болуп, жылына 450–460 млн. сомду түзөт. Бул калган кендин 1⁄3ин түзөт. Андан ары жыл сайын каражат бөлүү кыскарып отуруп жылына 300 млн. сом, 200 млн. сом, 100 млн. сом болуп калат.

Кендин жабылышына аз калганда бөлүнгөн каражаттар өтө эле аз болуп калат дагы 2026-жылга жакын каржылоо такыр эле токтойт. Анткени алтынды өндүрүү иштери токтоп, кенди сактоо иштери жана экологиялык таасирин жоюу иштери аткарылат.

Ошондуктан бул жыл Фондду реформалоочу жыл болуп саналат. 1–2 жылдан кийин Фонддогу каражатты сактоо жана аларды эффективдүү колдонуу боюнча иштер маанисин жоготот.

–2,9 млрд. сом коротулган дедиңизби?

–Ооба. Азыр өнүктүрүү фондуна түшкөн каражаттардын баары дароо эле социалдык мекмелерди оңдоого, жолдорду курууга жана башка иштерге жумшалууда.

Фонддо бир принцип иштейт “азыр жана бүгүн коротуу керек, кийин мага демек суу каптап кетсин”. Муну менен катар эле мындан пайданы айрым адамдар гана көрүп, карапайым калкка мындай схемада Фонддун каражаттары жеткиликсиз болуп келет.

–Ильяз, социалдык маселелерчи, аларды карабай коюуга мүмкүн эмес го?

–Социалдык маселелер боюнча каржылоо токтоп калышы керек деп эч ким айтпай эле. Социалдык маселелер болгон жана боло берерин түшүнүү керек. Социалдык маселелерди чечүү үчүн 2–3 млрд. сом эмес ондонгон, жүздөгөн миллиард сомдор керекю Мен ушундай эле миллиард сомдор коротулган жолдорду оңдоо тууралуу айткан жокмун.

Ал эми Фонддун каражаттары жана Кыргызстандын байлыктары түбөлүктүү эмес. Ошондуктан Фонддун каражаттарын максаттуу пайдалануу сунушталууда. Башкача айтканда, баарын бүгүн эле коротуп салбастан Фондду өнүктүрүү чараларын көрүү кажет, жада калса Кумтөр компаниясы жабылып, ал жактан каражат келбей калганда дагы Фонд иштеп туруусу керек.

Фонддун каражаттарынын бир бөлүгүн өтө курч болгон социалдык маселелерди чечүүгө керектөө керек дагы калган каражатты өнүктүрүү долбоорлорун жумшоо керек.

Мисалы, 2017-жылы социалдык жана башка маселелерге Фонддун 50–60% каражаты жумшалат, бул болсо 210–230 млн. сом, калган 220 млн сомду эффективдүү иштетүү үчүн сактап коюу керек.

Дагы кайталап коеюн, Ысык-Көл облусундагы социалдык маселелерди чечүү үчүн жүздөгөн миллиард сомдор керек.

–Фондду кайра түзүү муктаждыгы эмнеден улам келип чыкканын айтып берсеңиз?

–Мамлекеттик активдерди эффективдүү эмес пайдалануу жана Фондду жеке менчикке айлантып алуу.

Фонддун каражаттары мамлекеттики экенин баштагым келип турат, башкача айтканда республикалык бюджет аркылуу өтөт. Фонддун иши болсо мамлекеттик стратегиялардан жана программалардан айланып өтүп жатат.

Бүгүн Фонд биздин өлкөдөгү тар чөйрөгө кызмат кылган дүйнө болуп калган.

Карапайым калк үчүн, дыйкандар жана ишкерлер үчүн Фонддун каражаттары жеткиликсиз. Фонд өзүнүн ишин аткарбай келет, башкача айтканда өнүктүрүү жок.

БЫлтыр 2016-жылга карата антикризистик план бар болчу, ал Өкмөттүн №383-токтому менен бекитилген. Өлкө курулуштарга жана оңдоого кеткен каражаттарды кыскартып, аларды экспортко жумшап республикалык бюджетти оптимизация кылган, Фонд болсо курулуш жана оңдоо иштерине мурдагыдан да көп каражат жумшаган.

2013–2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү улуттук стратегиясына ылайык дотацияда отурган жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын кыскартып, айыл-чарбаны өнүктүрүп, калкты жумуш менен камсыз кылып, миграциялык агымды азайтып, мамлекеттик активдерди эффективдүү башкаруу каралган.

Фонд болсо коротулган 2,9 млрд. сомдун 60 млн сомун гана өнүктүрүү программаларын жумшаган дагы активдерди сактоого жана аны көбөйтүүгө аракет да кылган эмес.

Фонд ЖКнын 9.11.2016-ж. №1053-VI токтому менен бекитилген С.Ш. Жээнбековдун өкмөтүнүн “Ишеним жана Биримдик” фпрограммасын такыр эле аткаргысы келген эмес. Ал жакта экспортту колдоо, экономиканы көтөрүү, кепилдик фонддорун өнүктүрүү, инвестицияны тартууну жогорулатуу, айылдарды жана чакан шаарларды өнүктүрүү каралган.

Коррупциялык схемалар көп болгон.

Фонд КРнын Өкмөтү тарабынан №170 30.03.2015-жылы бекитилген 2015–2017-жылдарга карата коррупцияга каршы саясат боюнча Мамлекеттик стратегияны толугу менен четке каккан.

Фонддо коррупциялык схемаларды жоюу боюнча бир дагы иш жүргүзүлгөн эмес.

Көпчүлүк төлөмдөр тиешелүү документсиз жүргүзүлгөн. Ошондой эле Фонд каржылаган жайлар сапатсыз курулган учурлар да кездешти. Буга байланыштуу облус жетекчилигинин демилгеси менен азыр комиссия иштеп жатат.

Жогоруда айтылгандай, 1997–2016-жылдар аралыгында Фонддун ийгилиги 2,9 млрд. сомду короткону. Ошнодуктан көпчүлүк жашоочулар жана жергиликтүү жетекчилер Фонддун каражатына гана ишенип, аные багуусунда болуп келген.

Жолугушуулардын биринде облус өкүлү: “Бүгүн айылдарда Фонддун каражатысыз жөнөкөй арыкты дагы каза албай калышты”-деп айтканы бар.

Эч ким башы жана колу менен иштеп, инвестиция тарткысы келбейт. Башка аймактарда болсо республикалык бюджеттен бөлүнчү каражаттарды алып, мекемелерди оңдотуп, бала бакчаларды, мектептерди курдуруп, жолдорду оңдотуп келишет, бизде болсо андай жокко эсе.

Бүгүн жакшы депутат, аким же жетекчи – Фонддон бекер акча ала алгандар болуп калыптыр. Менин байкашымча, бир жыл ичинде айрым гана айыл өкмөттөрү жана бир нече гана жетекчилер жаңы демилгелерди көтөрүп чыгышты, башкалары болсо Фонддун каражаттары тууралуу гана айтып келишет дагы ишинин эмнеге начар болгондугун Фондго шылтап, алар каражат бөлбөй койгондугу менен түшүндүрүшүүдө.

А.Акибаев өткөргөн жыл жыйынтыгында айрым жетекчилерге туура сын айтылды. Көпчүлүк иштөө керек экендигин, Фонддун каржылоосу качан болорун күтпөө керектигин түшүндү деп ишенем. Инвесторлорду издөө керек, жаңы ишканаларды ачуу зарыл, долбоорлор менен иш алып баруу керек.

Башка облумтарда мындай Фонд жок, ал эми курулуштар жана оңдоо иштери жүрүп жатат.

Мисалы, Баткен облусунда жерлери чектелүү, географиялык жайгашуусу анча жакшы эмес, дайыма чек ара маселеси көтөрүлүп келет, бирок алар маселелерин чечип, экономикалык өнүгүүнү дагы камсыз кыла алышты.

Анткени жетекчилердин баары мүмкүнчүлүктү кое бербей, облуска бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын алып, аларды колдонуп жатат, себеби жардамды эч жактан күтүшпөйт.

Ошондой эле Нарын облусун алалы. Ал жакта жашоо шарт катаал болгону менен облуста курулуш иштери жакшы жүрүп, башкаларга тең ата болуп келишет.

Ошол эле убакта Ысык-Көл облусунда бардык мүмкүнчүлүктөр болуп турса дагы, жаратылыш-климат шарттары жакшы болуп, туризм тармагы сонун болуп, Ысык-көл бермети туруп, жайыттары, түшүмдү мол берчү жери болуп, анысы аз келгенсип Фонду туруп дагы акыркы 4–5 жыл ичинде орто көрсөткүчтө келе жатат, айрым тармактары болсо өтө начар. Муну менен катар эле 61 айыл өкмөтүнүн 40ы дотацияда болсо, 12си Кумтөрдөн түшкөн каражат болгону үчүн гана дотацияда эмес.

Жогоруда айтылгандар жетекчилердин көбү Фонддун каражатына ишенип, өз милдеттерин аткарбай келгенинен кабар берет. Алардын көбү Фонддун акчасы менен элге жакшы көрүнүп келет.

Дирекцияны камсыз кылууда баалар өтө жогору көрсөтүлгөн.

Бүгүнкү күнү Фонддон түшкөн каражаттын 2,5%ы Дирекцияга жумшалат. Бул болжол менен жылына 11,5 млн.сом. Фонд түзүлгөндөн бери Дирекцияга 70 млн.сом коротулган, ошол эле учурда долбоорлорго болгону 60 млн.сом бөлүнгөн.

Бүгүн Дирекциянын ишинин баасы каражатты 100% коротуу болгон. Коротту-азамат! Короткон жок демек жаман иштеп жатат. Абсурд!

Расмий маалыматтарга ылайык, Кумтөр кени 10 жылдан кийин же 2026-жылы Кыргызстандын негизги улуттук баалуулугу болгон 500 тонна накта алтыны бар кен иштетилип бүтөт дагы экологиялык маселелер калат, Кумтөрдүн бардык кирешелери жокко чыгат.

Ошондо ысык-көлдүктөр үчүн чоң трагедия болот. Облустун экономикасы Кумтөрдүн эсебинен кармалып турганы эч кимге жашыруун эмес.

Эгерде биз жакынкы жылдары дагы деле ушундай абалды карманып калган 3 млрд. сомду мурунку 2,9 млрд. сомдой “ийгиликтүү” коротсок, анда биз бир дагы стратегиялык максатка жетпейбиз, бул өтө уят.

Балдарыбыздын жана неберелерибиздин көзүн кантип карайбыз?

Фондду түзүүнүн максаты Кумтөрдөн түшкөн каражаттарды облусту туруктуу өнүктүрүүгө багытталган да. Башкача айтканда жаңы ишканаларды ачып, жумушчу орундарды түзүү, өз кезегинде жергиликтүү бюджетти көбөйтүү жана жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу.

–Анда эмнеге адамдар Фондду кайра түзүүгө каршы болуп жатышат?

–Карапайым калк каршы эмес. Ошондой эле жакшы куруучу компаниялар, адистер дагы бар, алар Фонддогу текшерүү иштерине жана ал жактагы ишти ыраатташтырууга каршы эмес.

Бир нече кызыкдар адамдар жана курулуш компаниялар каршы болушууда.

Булар карапайым калктын атын жамынып алышып Фонддо өз билгендерин жасап көнгөндөр, алар талаптарын аткарып, алардын алдында тизе бүгүп иштегендерге көнүп алышкан. Алар каражаты жеңил табууга көнүп алгандар баарына даяр жана ММКлар аркылуу жалаа жаап, Фондду кайра куруучуларга каршы болуп келишет.

Чындыгында Фондду кайра түзүү биз ойлогондон дагы өтө оор болуп турат. Фонддун дарегине аткаминерлер дагы чалышып, Фонддо бул же тигил кызматкерди калтырууну, бул же тигил мекемени каржылоону улантууну суранышууда.

Айрым адамдар болгон күчүн каражаттарды жеген системаны сактап калууну көздөшүүдө. Ошондуктан облустун жыйынында А.Акибаев вице-премьер Ж.П.Раззаковго карйылып, Фонддогу иштерди ирээтке келтирүү үчүн тиешелүү күч органдарын тартууну суранган.

–Кандай сунуштар болууда?

–Фонд менен таанышуу иштерин жүргүзгөндө Фонддун иштеп турган маалында эч кандай стратегиялык документ болбогону белгилүү болду. Стратегиялык документтин жоктугу Фонддун каражатын жегенге жол ачып берген. Ошондуктан былтыркы жылдын акырында А.Акибаев өкүлчүлүктүн адистеринен, Фонддун дирекциясынан жана эксперттерден турган бир нече топ түзгөн.

Натыйжада анализ жүргүзүлүп, 2017–2026-жылдары Фондду өнүктүрүү коцепциясы иштелип чыккан. Ал КРнын Өкмөтүнүн приоритеттеринин , улуттук стратегиянын жана концепциянын алкагында иштелип чыкканын баса белгилегим келет. Ушул жылдын февраль айынан баштап концепция аны бекитүү үчүн Фонддун байкоочу кеңешине жөнөтүлгөн.

КРнын Өкмөтүнүн “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фонду” тууралуу 27.07.2011-жылдагы №417-токтомуна ылайык, Фонддогу каражаттарды бөлүштүрүү жана башкаруу иши байкоочу кеңешке берилген, ал райондордун жана облустун жана коомдук уюмдардын 11 өкүлүнөн турат. Бул көз карандысыз орган.

Концепциянын мааниси Ысык-Көл облусун бардык тараптан колдоо үчүн Кумтөр ишканасы жабылгандан кийин дагы Фонддогу каражатты тең салмактуу бөлүштүрүүдө жана аны эффективдүү колдонууда.

Башкача айтканда, каражаттарды маанилүү социалдык маселелерди чечүүгө жана өнүктүрүү долбоорлорун колдоого багыттоо. Концепция менен кенен таанышуу үчүн Фонддун Дирекциясынан документти сураса болот же Интернеттен алса болот. Анын бир көчүрмөсү Facebook социалдык тармагындагы Ысык-Көл облусундагы инвестицияларды жана бизнести өнүктүрүү боюнча кеңешинин баракчасына жайгашытырлган.

–Анда Азиза Мамбетказиева облус жетекчилигин коррупциялык иштер боюнча эмнеге айыптап жатканы тууралуу сүйлөшөлү. Сиз аны билесизби, бирге иштештиңер беле?

–Мен аны тааныйм, бирок иштешкен эмесмин. Алгач анын сүрөтүн макаладан көрдүм. Ал мага апа болуп калчудай. Макаладан соң ал «Зарна Сервис» ЖЧКсынын директору экенин билдим. Бул компанияга Фонддон бөлүнгөн жалпы сумма 85 млн.сомдон ашуун болгон.

Макалада Азиза Мамбетказиева өткөн жылы Фонд жүргүзгөн социалдык-экономикалык курулуш иштери тууралуу айтып, ийгиликке жетишкенин билдирген.

“Ийгиликтерге” келсек, албетте силер 2,9 млрд.сомду короттуңар жана аны менен сыймыктанып жатасыңар. Ысык-Көл облусунда бул каражаттарга күндө той өткөрүшсө дагы экономикага салым коштук деп айтышат, себеби кафе-ресторандар курулуп жатат, малчылардан эт сатылып алынууда, дыкандардан жер-жемиштер жана башка. Өз кезегинде алар бул акчанын эсебинен салык төлөшөт. Мунун баары өтө кооз угулушу мүмкүн, бирок каражат түгөнгөнгө чейин эле.

“Зарна Сервис” фирмасынын көз карашы менен бул аргументтештирилген болуп, күлкүлүү угулушу мүмкүн, бирок мамлекеттик башкаруунун эффективдүүлүгү менен ала турган болсок аймакты өнүктүрүүдө мындай кадамдардын болушу облусту аңга салгандай эле.

Мен ал айткан маалыматтарды жакшылап иликтеп чыктым. Тилекке каршы, маалымат коомчулукту адаштырууга багытталган. Мен Фонддун 1997–2016г-жылдардагы иши боюнча так, расмий маалыматтарды берип кетейин. Эл болсо ким туура жана эффективдүү иштеп жатканын чечип алат.

Менин берген маалыматтарым туура жана КРнын Эсеп палатасы жана тиешелүү мамлекеттик органдар аркылуу көп жолу текшерилген.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун эсебинен 2,9 млрд.сомго төмөнкү иштер аткарылган:

31 мектеп курулган (облуста жалпы 201 мектеп бар. Азиза эже макалада Фонддун эсебинен 50 мектеп курулганын айткан);

15 спортзал курулган (жалпы 171 спортзал бар, мектептердеги спортзалдарды кошкондо);

4 ФАП курулган (облуста жалпы 121 ФАП бар жана дагы ондогон ФАП куруу зарыл);

1 медициналык мекеме курулган (облуста жалпы 28ден ашуун оорукана жана ири медициналык мекемелер бар);

2 маданият борбору курулган (облуста жалпы 114 маданият үйлөрү бар дагы ондогон маданият борборлору жетишсиз);

4 бала бакча курулган (облуста жалпы 75 бала бакча бар жана дагы ондогон бала бакча керек);

1 ИВС курулган (облуста жалпы 7 ИВС бар);

11 чакырым жол оңдолуп, курулган (облуста жалпы 2 962,4 чакырым жол бар, алардын ичинен Каракол шаарынын жолдорун кошпогондо эле айланма жолунун узундугу 469 чакырым).

2,9 млрд.сомдун 1 млрд.сому (33%) “Жолдорду куруу жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу” беренесине коротулган. Негизги сумма жолго коротулганы түшүнүктүү, анткени жолдорду куруу жана оңдоо – куруучулар үчүн өтө “кирешелүү” нерсе.

Макалада жолдор жакшырып жатканы айтылган.

Фонддун эсебинен жолдордун 0,4%ын куруп коюп, жолдордун абалы жакшырды деп саноо элди алдагандык.

Жол маселеси биздин эле облуста эмес, республика боюнча өтө актуалдуу маселе, аны чечүү үчүн миллиондогон долларлар керек. 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна байланыштуу облуска жүздөгөн миллион сомдор тартылып, жолду оңдоо боюнча масштабдуу иштер башталган. Бирок бул Фонддун иши эмес.

Макалада алар 2 миңден ашууну эски ооруканаларды оңдошкону жазылган.

Облуста болгону 28 оорукана жана 128 ФАП бар болсо алар бул сандарды кайдан алышкан. Бул карандай калп.

Балким алар курулган мекемелерди Фонддун эсебинен оңдогонун айтып жатышкандыр. Бул болсо сапатсыз иштер жүргүзүлгөнүнөн кабар берет да.

Андан ары кете турган болсок Ысык-Көл облусунун жашоочулары үчүн 4 500 жумушчу орун түзүлгөнү жазылган. 30 подрядчик 4 500 жумушчу орунду кантип түзгөн? Жада калса Кумтөр компаниясында 2 400 кызматкер иштейт, булар болсо 4 500 жумушчу орун түзгөн имиш.

Азиза эже кайсы 4 500 жумушчу орун тууралуу айтып жатканы белгисиз.

Мындай болсо облустун экономикасы өсмөк да. Факт боюнча жумуш жок болуп, элдер чет жактарга жумуш издеп кетип жатышат. Ката кетип 2 нөлдү кошуп жазып алышкандай же элди адаштыруу аракети жүргөн. Балким азыр ал жакта 200–300 эми мейли 450 адам иштейт дейличи, бирок алар Фоддун иши бүтөрү менен жумуштан кетирилет.

Азиза эже салык жана социалдык төлөм катары 150 млн.сом которулганын айтууда. Фонддон даяр акчаны алып туруп салык төлөп коюу кимдин колунан келбейт?!

Биздин өлкөнүн ар бир жараны үчүн салык төлөө шарт да.

Даяр турган 2,9 млрд.сомдон 150 млн.сом салык төлөп коюу оңой эле го. Ишкерлер, дыйкандар жана куруучу-бизнесмендер мени жакшы түшүнүшөт деп ойлойм. Себеби каражат издеп, тобокелчиликке барып, товарды сатуу жолун издеп, андан соң аз кирешеден салык төлөө өтө оор.

14 жылдык тажрыйбасы бар экономист жана финансист катары айтса мени төлөнгөн 150 млн сом кызыктырып турат. Бул сумманы ал көбөйтүп жатканына көзүм жетип турат, факт боюнча алсак мындан дагы аз каражат төлөнүшү мүмкүн. Бирок 2,9 млрд.сомдон төлөнгөн 150 млн сом дагы аз.

Чындыгында төлөнгөн салыктар 250–300 млн.сом болушу керек, анткени курулушта чыгымдын көбү эмгек акы катары төлөөгө кетет жана андан 37,5% (10%+10%+17,25%) кармалат. Башка салыктар дагы бар.

Облус былтыр салыкты чогултуу боюнча планды аткарбаганын эске алып, фискалдык органдар салыктар жана башка төлөмдөр кайда кетип жатканын жакшылап текшерүүсү зарыл.

Кирешени жашыруу фактысы аныкталса туум, айыппулдарды кошупбаарын төлөп берүүлөрү керек, жада калса кылмыш жоопкерчилигине дагы тартуу зарыл.

КРнын Салык кодексине ылайык, салыктык мыйзам бузуулар боюнча мөөнөт 6 жылга чейин болот.

–Мамбетказиева макалада кайсы Кепилдик Фонду тууралуу сөз кылып жатат?

–Бул жерде дагы факттар бурмаланган. Мурун айтканымдай эле Фонддун каражаттарынын бир бөлүгү сакталмакчы.

Каражаттар жөн эле жата бербеши үчүн аны кепилдик капитал катары иштетип, облуска жеңилдетилген насыя берүү каралууда.

2016-жылдын дайында КРынын Өкмөтү “Кепилдик фонддорду 202-жылга чейин өнүктүрүү концепциясын” кабыл алган. Мисалы, Фонд 2017-жылы сактоого 150–200 млн.сом алып калып, аны «РСК Банк» же «Айыл Банк» банктарына депозитке салып койсо болот.

Кепилдик фондун каттап, анын негиздөөчүсү өнүктүрүү фонду болот, бул депозиттер аркылуу облуска 500 млн.сом тартылат дагы чакан ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыялар берилет.

Бул сунуштар реалдуу жана ишке ашырса болот. 2016-жылдын акырында Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчилиги менен жолугушкан, анда 2017-жылы Ысык-Көл облусунда 500 млн.сомду жылдык 12% менен насыяга берүү маселеси каралган.

Башкача айтканда Фонддун өз депозитинде 200 млн.сом бар болот дагы, кыргыз-орус өнүктүрүү фонду «РСК Банк» же «Айыл Банк» аркылуу жылына 500 млн.сом болгон насыя берүүгө даяр. Алар бизди күтүп жатышат, акыркы чечимди биз чыгарабыз.

Облус жыл сайын 150–200 млн.сом пайда таап, алар депозитте болсо жана кошумча пайыз алып келип жатса жаманбы? Биз аларга жыл сайын 500 млн.сом тартып, дыйкандар жана ишкерлер үчүн жеңилдетилген насыя берсек жаманбы?

Бирок айрым адамдарга бул пайдалуу эмес, себеби алардын каржы булактары жабылып калат да. Баарын иликтеп, тактап көрбөй эле алар элдин атынан Фондду уурдаганы жатышат деп кыйкырып жатышат, чынында негизги уурулар өздөрү.

Алар акырына чейин курулуш иштери үчүн өз “долясын” алмайынча баарын күнөөлөй беришет, аларга Фонддун акчасы эффективдүү коротулуп жатабы же жокпу кызык эмес.

Алар Фонд алардын колунда деп түшүнүп алышкан дагы: “Башка маселелерди мамлекет чечсин, Кумтөр жабылгандан кийин эмне болору тууралуу мамлекет башын оорутсун” деп келишет, алар өнүктүрүү фонду мамлекеттики элдики экенин унутуп коюшкан.

–Ильяз, эмнеге чындык сиз тарапта экенине ишенип турасыз?

–2026-жылга чейин 3 млрд.сомду коротуу керекпи деген суроону алыңыз. Жооп белгилүү: өздөрүн, өз чөнтөгүн, өз ашказанын ойлогон, Ысык-Көлдүн тагдыры кызыктырбаган адамдар гана баарын бүгүн коротуп, өзүнө тиешелүү бөлүгүн алып, байып алууну каалашат.

Буларга биздин ата-эелерибиз, эже-карындаштарыбыз, байке-инилерибиз жумуштун жоктугунан чет жакка кетип жатканы, кыйналып иштеп, жада калса ал жактан мекенине сөөгү келип жатканы баары бир.

Мурун коротулган 2,9 млрд сомдун эсебинен биз канча деген эжумушчу орунду түзөт элек? 1000, 2000, 3000 балким дагы көп.

Көпчүлүк иш издеп чет жакка кетпейт эле. Алар мекенинде, үй-бүлөсүнүн маңдайында иштешет эле.

–Эң негизги тууралуу сүйлөшү, сөзүбүздү жыйынтыктасак. Макалага “Азиза Мамбетказиева облус жетекчилери коррупционер экенин далилдейтдеген аталыш коюлган.

–Жогоруда айтылгандардан кийин эмне болуп жатканы баарын түшүнүктүү болуп калса керек. Биринчи кезекте Фондду кайра куруу Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө пайдалуу эмес. Фонд жетекчилер үчүн жергиликтүү аткаминерлерге таасир берүүчү курал экени баарына белгилүү.

Фондо канча каражат көп болсо, губернатор аны майда бөлүктөргө бөлүп, башкалардын оозун жаап турса болот.

Бирок А.Акибаев Фонддун жыйынтыктары боюнча анализ менен таанышканда батыраак кайра түзүү керектигин айтты. Мамлекеттик автивдерди туура эмес башкарууну токтотуу баардык анын кесиптештерине, анын ичинде мага да дем берди.

Ал мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштөөгө бел байлары менен анын дарегине бир топ сындар, күнөөлөр жаай баштады. Бул чыныгы көралбастык жана карандай калптар.

–Азиза Мамбетказиева сиз жана сиздин кесиптешиңиздер тууралуу «Ала-Тоо Финанс» компаниясынын жетекчисинин иши деп да айтыптыр.

–Тилекке каршы мен кесиптештерим үчүн жооп бере албайм. Алардан сураш керек. Бирок буга чейинки калптарды эске алуу менен бул буйрутма макалада алар тууралуу жазылгандар дагы туура эмес экенин айтсам болчудай.

Мага келсек, мен 2012-жылы социалдык маселелерди чечүү, социалдык жүктү мамлекеттик бюджетке жүктөбөө боюнча ири долбоорго катышкам.

Бир нече ай гана активдүү иштей алдык. Ошол учурдагы премьер-министр Ө.Бабанов кеткенден кийин микрокредиттик агенттикте куугунтук башталды. Жаңы өкмөт бут тосту.

Кудайга шүгүр, карапайым калк баарын түшүнүп, 14 000 адам 7% берилген насыяны кайтарып беришти. Кайтарым 99,9% болду. Мен мени жана кесиптештеримди сактап калган элге абдан ыраазымын.

Макаладагы 280 миң сом айлык деген күлкүмдү келтирди. Бул карандай калп. Бул микрокредиттик агенттик мамлекеттик болчу жана мага мындай айлык берүүгө эч ким жол бербейт эле. Ошондой эле ал Байкоочу кеңеш менен биргеликте чечилип, анын курамына 4 министр жана «Кумтор Голд Компани» ЖЧКсыын вице-президенти кирген болчу.

Маянамдын көлөмүн Социалдык фонддон же салык инспекциясынан билип алса болот, ошондой эле архив документтеринен.

Менин айлыгым көп деле эмес болчу, кээде үй-бүлөмдү бакканга да жетпей калчу. Мен коомчулукка пайда алып келип жатканымды түшүнүп, эч качан уурдаганга барган эмесмин.

–Азиза Мамбеткаизаеваны кандай түшүнсө болот? Ага мунун баарынын эмне кереги бар?

–Мага да бул суроонун жообу кызыктуу болуп турат. Балким жеке жак кесип менен аралашып кеткендир? Балким ага бирөө качандыр бир айткан сөздөр катуу тийгендир. Жумушта баары болот да. Ошондой эле бул абалдан каржылык эле эмес, саясий пайданы көздөгөндөр колдонуп жатышы ыктымал.

Акыркы версия чындыкка жакын деп ойлойм. Анткени курулуш иштерин кыскартуу чечими болгону менен анын фирмасы Фонд менен кызматташа бермекчи. Келишим суммасы аз эмес, бир нече миллион сомду түзөт. Мунун баарынын ага эмне кереги бар деген суроо туулат.

–Акыркы суроо, Азиза Мамбетказиева сиз үчүн ким?

–Ал аны айрым күчтөр колдонуп жаткандыгын сезбей жаткан курмандык. Ага туура эмес маалыматтар берилип, интригага аралаштырып жатышат.

Ага айтарым айлана-тегерегин карап көрсүн, айланасында болуп жаткандарга жакшылап көз салып, жетекчи катары, аял, эне катары бизге үлгү болсун.

Жакынкы арада баары ордуна келип, биз бирге иштешип кете алабыз деп ишенем. 2017-жылга жасала турган иштер көп, бирок убакыт аз.

- Ильяз маегиңиз үчүн рахмат, ийгилик!

Биздин редакция маекти кыскартпай берүү укугунан колдонду.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости