Кыргызстандын айыл чарба министрлиги жана Түштүк Кореянын Данкук университети менен биргеликте Ысык-Көл облусунда күнөсканаларды өнүктүрүү боюнча семинар өттү.
Семинарга Министрликтин өкүлдөрү, айыл чарба адистери жана Түштүк Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси, Түштүк Кореядан келген тийиштүү адистер, Ысык-Көл облусунун райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, дыйкандар- фермерлер катышты.
Аталган иш-чаранын жүрүршүндө Айыл чарба адистери жана Түштүк Кореядан келген тийиштүү адистер өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн алдыңкы прогрессивдүү технологияларын жайылтуу боюнча презентацияларын окуп, практика жүзүндө жана райондогу күнөсканалардын базасында практика жүзүндө дагы тажырыйбаларын бөлүштү.
Бир күндүк семинардын жыйынтыгында дыйкан-фермерлер кызыгуу менен суроолорду беришип, жеткиликтүү жоопторду алышты.