Жакында Ысык-Көлдө жайкы туристтик сезон башталат. ЭКОНОМИКА бул эс алуу сезонунун мыкты өтүүсүнө жылдан-жылга эмне тоскоол болуп жатканы тууралуу жазууну чечти. Биз айта турчу нерселерди эбак эле ишке ашыруу керек болчу.
Жолдордун абалы
Мамлекеттик бюджетте каражат барбы жокпу туристтерди кызыктырбайт. Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү жолду жасоо боюнча “Лонг Хай” кытай корпорациясы утуп алган тендер таза өттүбү же жокпу деген маселе боюнча туристтердин башы оорубайт. Бирок туристтер эс алуучу жайларга баруучу жолдордун абалына өтө дыкат көңүл бурушат.
Азыр болсо бюджеттеги дефициттен улам жана кытай куруучулары менен болгон конфликттин айынан Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги 50 чакырымдан ашуун жол курулуп бүтө элек.
Мындан сырткары Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттарга баруучу жолдор дагы маанилүү роль ойнойт. Пансионат ээлери жолдордун начарлыгына мамлекетти күнөөлөп, аларга тиешелүү болбогон жолдорду оңдогусу келбейт. Ал эми мамлекет болсо каражаттын жоктугуна шылтоолоп алакан жайып келет. Туристтер болсо жыртык-тешиги көп, чаң баскан жолдор менен жүрүүгө аргасыз.
Эмне кылуу керек? Жол маселеси чечилмейинче Ысык-Көлгө туристтерди тартуу потенциалын толугу менен аткара албайбыз. Жолдорго каражат бөлүү зарыл! Бул каражаттар кайра эле туристтик агым көбөйсө салык түрүндө казынага түшөт.
Суунун жана көл жээгинин таштандыга толгону
Жыл өткөн сайын Ысык-Көлдүн түндүгүндөгү көл жээгинде абал начарлагандан начарлап барат. Чолпон-Атанын чок ортосунда эч ким көлгө түшкүсү келбей калды: себеби суу киргилт тартып, үстүндө баштыктар жана желим таштандылар калкып жүрөт.
Буга биринчиден пансионат ээлери күнөөлүү: көпчүлүк эс алуучу жайларда тазалоо системалары иштебейт. Таштандылар түз эле көлгө ташталат.
2017-жылы 8 пансионат тазалоочу жайларынын иштебегендигинен улам убактылуу жабылган. Негизи маселе өтө чоң: эс алуучу жайлардын ээлери кымбат баалуу тазалоо системаларын койбостон эле текшерүүчүлөргө акча төлөп коюшат.
Коомчулуктун көзөмөлүсүз маселени чечүү мүмкүн эместей: ал эми коррупцияга баткан текшерүүчүлөрдөн үмүт кылып кереги жок. Биз болсо ар кайсы мейманканаларда абал кандай экенин жарыялоого даярбыз. (Сүрөт жана баяндама жөнөтүңүздөр, көлдү булгап жаткандарды коомчулуктун алдында уяткарабыз!)
Жээкте дагы абал жакшы эмес. Туристтер жана жергиликтүү тургундар таштандыны бут алдына таштап коюшат, жана буга эч кандай чара көрө албай келебиз.
Эмне кылуу керек? Таштандыларды уюшкандык менен тазалоо үчүн ишембилик уюштуруу (мыкты үлгүлөр бар). Жергиликтүү бийликти катуу таштандылар үчүн жер бөлүп берүүгө, баардык жерлерде таштанды челектерин орнотууга мажбурлоо. Бул үчүн өтө көп деле каражаттын кереги жок.
Жергиликтүү тургундардын пансионаттарда бейбаштык кылуусу
Жергиликтүү “хулигандардын” кысымынан улам бир нече жыл мурун жергиликтүү калкка көл жээктерине барууга уруксат берилген. Бул жогорку класстагы кызмат көрсөтүүдөгү башкы көйгөй. Жергиликтүү бийлик калктын басымына туруштук бере албай, аларга дароо уруксат беришип, туристтер болсо көл жээгине келгиси келбей калса, потенциалдуу инвесторлор болсо бул жөнөкөй эмес тармакка каражат салгысы келбей калган.
Эмне кылуу керек? Бул канчалык патриоттуулук болбосун, негизи туристтик индустрияда туристтер үчүн ыңгайлуулук эң башкы мыйзам. Же биз Ысык-Көлгө туристтерди тартууну токтотобуз же эс алуучу жайлардын ээлерине болгон калктын жана бейбаштардын кысымын токтотобуз.
Айылдардын жашоочулары үчүн жээктен өзүнчө жер бөлүп берүү керек дагы ал жакка шарт түзүү зарыл. Ал эми ал жайларды айыл өкмөтү ишембилик уюштуруу менен тазалап турса болот. Ал эми кымбат мейманкананын жээгинде эс алгысы келгендер акысын төлөп эс ала беришсин. Дүйнөдө баардык жерде ушундай.
Полициялардын опузасы
Жыл сайын Ысык-Көлгө өз унаалары менен барган туристтер МАИлер тарабынан опузалоого туш болуп келишет. Өзгөчө Казакстандан келген туристтер жабыркап келишет.
Эмне кылуу керек? Биз жаңы өкмөт “Таза коом” долбоорун улантабы билбейбиз, бирок жолдорго камера коюуну улантуу керек жаны муну болушунча тезинен ишке ашыруу зарыл деген пикирдебиз.
Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгы айдоочуларды аңдып отурбай, катталган учурлар боюнча гана иштеп калышмак.
Кыргызстанда чет өлкөлүк номур менен кирген унааларды өлкөгө киргенде эле камерадан көрүп, чыгып бара жатканда айыппул салса болот. Ал эми кирип жатканда баардык жолдорго камера коюлганы жана уруксат берилген ылдамдыктан жогорку ылдамдык менен айдабоо керектиги тууралуу эскертүү зарыл.
Туристтик жайларга мыйзамсыз коюлган тосмолор
Жергиликтүү “ижарачылар” тарабынан коюлган тосмолор акча алуунун амалы жана бул өтө уят иш!
Мисалы: Ысык-Көлдүн негизги сыймыктанчу жерлеринин бири болгон “Жомок” каньонуна кире бериш жерде кирген унаалардан азыркыга чейин акча алып келишет. Коррупцияга малынган жергиликтүү бийлик каньонду ижарага жайлоо катары беришкен экен (таң калбаңыз)! Ал жакта чөп өспөйт жана кызыл аскалар жаратылыш кооздугуна кирет.
Эмне кылуу керек? Мындай шлагбаумдарды алып салуу керек дагы ал жерлерди ижарага бергендерди ыйгарым укуктарынан аша чаап пайдаланганы үчүн жоопко тартуу зарыл.
Тамактын сапаты
Май айынын башында «Аврора» пансионатында чет өлкөлүк спортчулар тамакка ууланган. Бул тармак тартипке келгиче биздин туристтик индустриянын башына дагы кандай уят иштер түшөт болду экен? Ар бир жай сайын Ысык-Көлдө сапатсыз тамактан улам миңдеген адамдар ууланат. Көпчүлүк медициналык жардамга кайрылбай эле, өздөрү дарыланып киришет, ошондуктан бул көйгөй боюнча статистика да жок. Бирок жайында көлдө эс алгандардын баары бул тууралуу билишет.
Эмне кылуу керек? СССР маалынан бери эле иштелип чыккан норма бар, анда коомдук тамактануучу жайларда баардык тамак-аштарды жасоо процесси жазылган. Аны бузгандарга айып пулду олчойто салышса мындай мыйзам бузуулар аз болмок. Ал эми коомдук көзөмөл болсо текшерүүчүлөргө коррупциялык жем болбоого көмөктөшмөк.