Мындай чечим Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда 1994-жылдын 24-декабрында түзүлгөн түбөлүктүү достук жөнүндөгү келишимдин негизинде кабыл алынган жана өлкөдөгү туризм тармагын өнүктүрүп, түз инвестиция тартуу максатын көздөйт.
Бул чечим менен Өзбекстандын менчигине 4 пансионат:
– «Бостери» (Бостери айылы, мурунку «Алтын кум» пансионаты);
– «Алтын-Жай» (Кара-Ой айылы, мурунку «Рохат-НБУ»);
– «Энесай» (Кара-Ой айылы, мурунку «Дилором»);
– «Бустон» (Тоңдогу Күн-Чыгыш айыл аймагы).
Өкмөттүн маалыматына караганда, бул эс алуу жайлары жайгашкан жерлер Кыргызстандын менчиги бойдон кала берет.
“Өзбек тарап пансионаттардагы тейлөө деңгээлин Кыргызстанда колдонулуучу стандарттардын негизинде 3 жана 4 жылдыздуу, жайы-кышы иштөөчү тартипке жеткирүү максатында белгилүү мөөнөткө чейин каражатты инвестициялоо боюнча милдеттенме алат”,-деп билдирди Экономика министрлигинин басма сөз кызматы.
Ошону менен катар өзбек бийлиги бул пансионаттарда иштеген кызматкерлердин 80% кем эмесин кыргыз жарандары түзүүсүн камсыз кылууга милдеттүү болот.
Кыргыз өкмөтү бул документ Өзбекстандан келген туристтердин санын көбөйтүп, ортодогу карым-катнаштын жакшыруусуна көмөктөшөрүнө үмүттөнөрүн билдирүүдө.