Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков 7-апрелде, Ысык-Көл облусундагы иш сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун курорттук-ден соолукту жакшыртуучу мекемелердин жетекчилери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Жолугушууга тийиштүү райондук кызматтардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев региондун ички курорттук жолдорунун абалы тууралуу презентация тартуулады. Анын айтымында ички жолдордун көп бөлүгү реконструкцияга муктаж.
Кеңешменин жүрүшүндө Сапар Исаков Ысык-Көл облусу өлкөнүн негизги туристтик региондорунун бири болуп саналарын белгиледи. Буга байланыштуу ал тийиштүү түзүмдөр тарабынан инфраструктураны, ички жолдорду, ошондой региондогу пансионаттардын тегерегиндеги жарыктандыруу системаны жакшыртууга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.
Өкмөт башчы белгилегендей чет элдик туристтер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгы, алардын көпчүлүгү пансионаттарга бараткан кирме жолдордун абалы менен канааттанышпаганын көрсөттү.
Премьер-министр Узар Жылкыбаевге ыкчам түрдө региондун ички курорттук жолдорун жергиликтүү өзүн башкаруу органдарынын балансына алуу маселесин чечүү тапшырмасын берди. Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрине белгиленген жолдордун реконструкция долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Сапар Исаков жайкы туристтик мезгилде жарандарга жана чет элдик конокторго болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти. Ал пансионат жетекчилерине аталган маселени чечүү боюнча көмөк көрсөтүүгө чакырды.
Андан тышкары, Премьер-министр Ысык-Көл облусунун айланма авто жолун реконструкциялоо жана башка региондун инфраструктуралык долбоорлору боюнча Өкмөттүн пландары тууралуу айтып берди.