Транспорт жана жолдор министрлиги Ыссык-Көл областын туруктуу өнүктүрүүгө салымын кошуу максатында Борбор Азияда жол каттамдарын жакшыртуу программасынын үчүнчү фазасын (БА ЖКЖП-3) даярдоо иштерин аткарууга киришти. Аталган долбоордун алкагында жол салуу, аэропорттордун инфраструктураларын жакшыртуу, транспорт жана авиация коопсуздугун жана туризмди өнүктүрүүнүн туруктуулугун жакшыртуу максатында бир катар иш-чараларды аткаруу каралган. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
БА ЖКЖП-3 – министрликтин алгачкы көп тармактуу долбоору. Мындай инновациялык жолду колдонуунун тереңинде аталган областтын экономикасынын өсүүсүнө жана жумуш-орундарынын пайда болуусуна кеңири таасир этүүнү камсыздоо максаты жатат.
БА ЖКЖП-3 долбоору 2018–2022-жылдар аралыгында ишке ашырылат. Ушул мөөнөттүн аралыгында министрлик Түп-Кеген автожолунун калган бөлүгүн Казахстанга чейин реабилитациялоону пландаштырууда. Реабилитациялоонун жыйынтыгында Каракол шаарынан Алматы шаарына баруу үчүн сарпталган убакыт азаят жана жол дээрлик эки эсе кыскарат. Тактап айтканда, узундугу 660 чакырым болгон Алматы-Бишкек-Чолпон-Ата-Каракол унаа жолунун ордуна узундугу 383 чакырымды түзгөн Алмата-Түп- «Каркыра» көзөмөл өткөрүү жайы — Каракол унаа жолу менен каттап калышат.
Ошондой эле узундугу 30 чакырымдай болгон туристтик объекттерге баруучу жолдор реабилитацияланат, атап айтканда, «Каркыра» капчыгайында жайгашкан «Хан-Теңри» жана «Жеңиш» чокуларына чыгуу үчүн колдонулган альпинисттик базага, Каракол улуттук паркына жана «Каракол» аэропортуна баруучу жолдор.
«Ыссык-Көл» жана «Каракол» эл аралык аэропортторунда кандай жумуштар аткарыла тургандыгы жакынкы аралыкта иш-жүзүнө ашырыла турган техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгында белгилүү болот. Мындан тышкары аталган облус эл аралык аэропортунда жаңы жүргүнчү терминалын, күйүүчү май куюу комплексин куруу жана өрт менен күрөшүү жабдыктарын жакшыртуу пландаштырылууда.
Долбоордун алкагында Ыссык-Көл облусундагы жол кыймылынын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулат. Ыссык-Көл айлампа жолунда жол кыймылын камералардын жардамы менен көзөмөлдөө системасын киргизүү да планда турат.
Долбоордун дагы бир маанилүү компоненттеринин бири бул маалыматтык сервис борборлорун салуу болуп саналат. Мындай борборлордо туристтер үчүн эс алуу, шам-шум этүү, интернетке кирүү, дааратканаларга баруу, облус жана турситтик объекттер тууралуу керектүү маалымматтарды чогултуу, мейманканалардан орундарды брондоо, сувенирлерди алуу жана башка мүмкүнчүлүктөр тузүлөт.
Мындан сырткары, туристтик статистиканы жана геопарктарды өнүктүрүүдө колдоо көрсөтүү каралган. ЮНЕСКОнун Глобалдык геопаркын концепциясын пилоттук негизде киргизүү үчүн азырынча Ак-Суу жана Түп райондору каралууда.
БА ЖКЖП-3 долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча кеңеш тарабынан жактырылган.
Азыркы учурда Борбор Азияда жол каттамдарын жакшыртуу программасынын биринчи фазасы да Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткандыгын эскертип кетүү керек. Ушул долбоордун алкагында Ош-Баткен-Исфана-«Кайрагач» көзөмөл өткөрүү жайы (Тажикистан менен чектеш) жол коридорунун бөлүктөрүн реабилитациялоо каралган. Долбоордун экинчи фазасы Тажикистан аймагында ишке ашырылууда. Долбоордун үч фазасы тең Дүйнөлүк Банк тарабынан колдоого алынган.