Экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев 2016-жылдын жыйынтыгында “Бир айыл – бир өнүм” долбоору сүт жана сүт азыктарынын сапаты боюнча мыкты болгонун билдирди.
Министрдин орун басары өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал тууралуу айтып берди. Атап айтсак, экономикалык өнүгүү, аймактык саясат концепциясы, индустриялык парктарды жана өнөр-жай кластерлерин өнүктүрүү боюнча 20 шаар тууралуу сөз болду.
Министрдин орун басарынын айтымында, Ысык-Көл облусундагы БАБӨ ассоциациясы жаңы 12 жамааты кабыл алды. БАБӨ ассоциациясынын жана жамааттардын сатуудагы жылдык көлөмү 225254 $ болгон.
Бул долбоор республикадагы аймактарды өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт, бул КРнын Өкмөтү жүргүзүп жаткан саясатынын бир багыты болуп саналат.
БАБӨ долбоорунун колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы жергиликтүү өндүрүүчүлөр өнүмүнүн сапатын, дизайнын, даамын өнүктүрө алды жана аларды сатууда жаңы механизмдерди үйрөнүштү.
Долбоордун 3-фазасы 3 жылга бекитилген жана башка аймактарга байланышкан бардык максаттар ишке ашырылмакчы.