Изилдөөнүн натыйжасында Орусиянын алыскы чыгышына барган эмгек мигранттарынын көпчүлүгү Орто Азиядан.
Көпчүлүк жеңилдиктер дагы дал ушул Ырааккы Чыгышка берилгенин белгилей кетүүбүз керек. Бул жеңилдиктер аталган аймакта жумушчу күчтүн аздыгына эмес, калктын өсүүсүнүн төмөндүгүнө байланыштуу.
Орусиялыктар белгилегендей, Ырааккы Чыгыш экономикалык жактан абдан ийгиликтүү болуп саналат. Аймактын Япония жана Кытай менен жакын болуусу өндүрүштүн көп экенинен жана жаңы жумушчу орундар көп түзүлүп жатканынан кабар берет.
Статистикага таяна турган болсок, маяна да абдан жогору. Мисалы Магадан облусунда 63 000, бул Орусиядагы айлык акылардан 2 эсеге жогору болуп саналат. Сахалинде маяна 64 000, Чукоткада 78 000рубль. Москвада деле ушундай маяна берилет, бирок ал жакта эмгек мигранттарына ички мигранттар көп атаандаш болуп келишет.
ЭКОНОМИКА 2017-жылдан баштап Ырааккы Чыгышты өнүктүрүүгө инвестиция бөлүнүп, өндүрүш иштетүүчү заводдор куруларын жана жалпы 80 000 жумушчу орун түзүлөрүн эскертет.