• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Үй-бүлөлүк бюджет: уландысы бар роман

46

👁 2,625

Аймактарда акча маселесин кандайдыр бир жол менен чечсе болсо (өз чарбасы, жер үлүшү ж.б.) шаарда абал кубантарлык эмес.

Кыргызстандагы жашоо минимумун эске алуу менен ЭКОНОМИКА маңдай териң менен тапкан каражатты кантип үнөмдүү колдонсо болору тууралуу ой жүгүртүп көрдү.

Бир нече жөнөкөй жана таасир берүүчү кеңеште. Үй-бүлөлүк бюджетти кантип акыл менен пайдалануу керектиги, маянадан маянага чейин кантип жашоо керектиги тууралуу баш оорутпай, акчаны кандай бөлүштүрүү керектиги тууралуу төмөндө окуй аласыздар.

Акчаны жакшы көргөндөрдү акчалар да жакшы көрүшөт

«Бакыт акчада эмес» деген акчаларга болгон туура эмес мамилени түшүндүрөт. Себеби бул чындык эмес. Болгону акча жана бакыт ар башка талаанын жемиштери жана аларды байланыштыруунун кажети жок. Чыныгы жашоодо акча акыркы орунда эмес, демек, алар өтө маанилүү жана керектүү. Муну туура кабыл алуу керек, ошондо гана жашоонун финансылык бөлүмүнө болгон сый пайда болот. Ошондуктан акчаларга аяр мамиле кылуу зарыл.

Акча табуу жана коротууда гана аяр болбостон аны күнүгө колдонууда дагы абайлоо зарыл – аны сактоо да өзгөчө мааниге ээ болуусу шарт, мисалы тыйындарды дагы атайын коробкага сактоо жакшы болот. Акчалар сиздин сыйыңызды сезишип, аны колдонуу алда канча жеңил болуп калат. Эч кандай мистика жок, сүйүү, дисциплина кереметтерди жаратат. Акчаларды үнөмдөөнү үйрөнүүнү каалоо дагы аларга болгон алгачкы кадам.

Үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөө үчүн акчаны кантип туура бөлүштүрүү керек?

Алгач үй-бүлөдөгү бюджетти туура пландоону жана бөлүштүрүүнү үйрөнүү зарыл:

1) айга

2) жылга

Сөзсүз келечекти ойлоо керек, сиз пландабаган нерселерге да акча талап кылынышы ыктымал.

Карандаш алабыз дагы бир айга керек болгон азык-түлүктөрдүн тизмесин жазып чыгабыз. Ал үчүн канча тамак-аш желерин билүү керек. Баарынын тушуна баасын жазабыз дагы бир айга канча килограмм, канча даана керектигин да эсептеп чыгабыз (туз-0,5 кг, шекер-2 кг, картошка-5 кг, нан – 20 даана, самын – 2 даана ж.б.). Андан соң жыйынтыгын эсептеп чыгабыз.

Андан соң телефонго, интернетке, коммуналдык төлөмдөргө, кыскасы тамак-аштан тышкаркы чыгымдарды жазып чыгабыз. Эки тизменин жыйынтыктарын кошобуз. Ошондо биздин жашоо минимумубуздун суммасы чыгат.

Үй-бүлөнүн кирешесинен чыккан сумманы кемитебиз. Канча акча ашканын болжол менен эсептейбиз. Болжол менен себеби тиешелүү чыгымдардын саны бүтө элек.

Эми бюджетиңизди үнөмдөө үчүн жылдарга алдыга ойлонуңуз. Мисалы кайсы сезондо эмне сатып алуу керектигин билүүңуз шарт. Кышкыга куртка, өтүк, жайкыга чолок шым, көйнөк алуу керек дегендей. Жайкы чыгым деле кышкыдан айырмасы жок болуп калат. Күзгү-жазгы шарфтар, кол каптар тууралуу, дөңгөлөктү алмаштыруу тууралуу дагы унутпообуз керек. Туулган күндөрдү дагы эстен чыгарбайлы, жаңы жыл сыяктуу майрамдар дагы эсибизде болсун. Баарын кагазга жазабыз дагы тушуна баасын жазабыз, эгере баасын билбесеңиз суроо белгисин коюп коюңуз.

Эң башкысы эч нерсени унутпооңуз керек. Бара-бара бул процесс мээңизде секундда орун алып, өтө пайдалуу көнүгүү да болуп берет. Баса, жыйынтыгын чыгарууну унутпаңыз.

Акчаларды дагы эффективдүү пайдалануу үчүн үй-бүлөнүн чыгымын эсептеп, аны эффективдүү пайдаланганды үйрөнөбүз

Эми үнөмдөө жолу менен үй-бүлөлүк бюджеттен каражатты кантип топтосо болорун эми түшүнүп баштайсыз, себеби мурда акчаңыз башаламан колдонулганда эч нерсеге жетпей калчу туурабы?

Калган акчаны 12ге көбөйтөбүз. Бул демек бир жыл ичинде топтолуучу каражат болуп саналат. Бир жылга план түзгөндө кайсы айдан канча сумманы сактап койсо болору белгилүү болот. Жашоодо адамдар сатып алууну каалаган нерселери көп эмеспи – муздаткыч, машина, батир ж.б. Кимге эмне керек болсо ошону алат. Ал эми насыяга алуу же карызга алуудан болушунча качуу керек.

Акчаларыңыз ирээттүү болбой, байпак сымал ар кайсы жакта ыргып жатса кантип акчаны үнөмдөөгө болсун? Эң таасирдүү кадам – бул жашоо минимумуна керек болгон акча менен ашкан акчаны өз-өзүнчө кармоо. Кааласаңыз ар башка карточкага салып коюңуз.

Сиз накталай акча төлөй турган болсоңуз анда карточкага бул айда коротпой турган каражаттарыңызды салыңыз, калганын бөлүштүрүп коюңуз.

Бул тамк-ашка, унаага деген акчалардын башка эсепке кирбеген нерселерге короп кетүүсүн алдын алат.

Капыстык болуп кетүүсү мүмкүн экенин унутпоо керек же карызга батпай үй-бүлөлүк бюджетти кантип үнөмдөп калса болот?

Дайыма карыз берип туруу керек болсо акча чогултуу мүмкүн эмес. Карыздар кайдан пайда болот? Балким сиз башында эсепке киргизбеген нерселер чыгып калды. Эгерде үнөмдөөнү кааласаңыз мындай учурлардан качуу абзел.

Күтүлбөгөн чыгымдар – аларга дайыма акча бөлүп коюу керек жана белгилүү бир сумма дайым даяр турушу зарыл (ошондо гана карызга батпайсыз): ал акчаны көздөн далдоо жерге алып коюңуз. Эң башкысы ал акчалар бар экенин эстей бербөө керек.

Бул сумма башында айлыктын 10–15%ын түзүүсү керек. Аны улам көбөйтүп туруу туура болот (ага такыр тийбөө керек). Ал акча бул айда керек болбой калса, анда сиздин акчаларыңыз кийинки айга дагы көбөйө түшөт. Ал сумманы кирешенин 50%ына жеткирсеңиз эн жакшы болмок.

Ал эми көңүл ачууга акчаны же көңүл ачууда акчаны кантип үнөмдөө керек?

Акчаларды үнөмдөө каалооңуз жоголуп кетпеши үчүн кээде өзүңүздү эркелетип туруңуз. Болбосо үнөмдөөдөн тажап кетесиз. Бирок көңүл ачуу дагы акыл менен болушу шарт. Баардык чыгымдардан кийин сизде канча каражат каларын эсептеңиз. Анын канчасын сактагыңыз келип жатат ойлонуп туруп көңүл ачууга акча бөлөсүзбү же жокпу чечиңиз.

Бир жакка бара жатканыңызда болжол менен канча акча керектигин билип алыңыз, бирок андан 2 эсе көп акча алыңыз, ошондо гана сиз өзүңүздү эркин сезесиз.

Эркин мамиле менен кантип үнөмдөп калабыз? Майрам бүткөндөн кийинки калган акчанын баарын үнөмдөлгөн каражат деп санаңыз.

Аз болсо дагы чөнтөгүңуздө белгилүү бир сумма болгону дагы кубаныч тартуулайт. Эгерде коротсоңуз кубанычка короттуңуз, эгер чөнтөктө тура берсе – үнөмдөө.

Эсептөө же эмнеге акчаны үнөмдөөнү үйрөнүү керек эле?

Үй-бүлөлүк бюджетти ушинтип бөлүштүрүп чыгуудан кандай пайда таба алдык? Биринчиден, сиз эми айына, жылына канча каражат керектигин так билесиз. Экинчиден, чыгымдарды көзөмөлдөөнү үйрөнөсүз. Үчүнчүдөн, эмнени сатып алуу зарыл экенин, эмнени кереги жок экенин түшүнүп баштайсыз. Төртүнчүдөн, үй-бүлөлүк бюджетти үнөмдөп каласыз. Бешинчиден, каржаттарыңыздын маанисин түшүнүп баштайсыз.
Эгерде бул кеңештердин баарын колдонсоңуз үй-үлөлүк бюджет чоюлчаак болуп калат дагы каражат көбүрөөк болот, мунун себебин билбейм, бирок бул факт. Жок дегенде жарым жыл ушундай эрежени кармансаңыз андан соң мээ өзүнөн өзү көнүп баштайт. Ал эми каржылык жакта маселе жок болсо, жашооң тынч болот.

Ксения ЛИОЗНОВА

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости