Мындан эки жыл мурда Европа Биримдиги Кыргызстанга жалпы жеңилдиктер системасын колдонуучу (ВСП) макамын ыйгарган. Макамга ылайык кыргызстандык экспортчулар үчүн товардын алты миңден ашуун түрүнө бажы төлөмүсүз сатуу мүмкүнчүлүгү берилген. Кыргызстан Европа базарына айыл чарба азыктарын, азык-түлүк, тамеки, текстиль, кийизден жасалган буюмдарды ташыса болоору айтылган.
Экономика министрлигинин берген расмий маалыматына караганда 2017-жылы ВСП макамынын негизинде Европа өлкөорүнө 543 млн. долларлык товар сатылып, өсүү 1,7 эсеге жогорулаган.
Сатылган товарлардын ичинен бал 1,5 эсеге, мөмө-жемиштер жана жаңгак 1,6 эсеге, май 60 эсеге, кийим-кече 2,4 эсеге көбөйгөн.
Учурда өкмөт Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен биргеликте, Евробиримдиктин рыногуна ата мекендик продукцияларды киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыгууда.
Муз ордунан жылды
Экологиялык жактан таза, органикалык азыктардын мекени болгон Кыргызстан бул мүмкүнчүлүктү колдонууда товарларын Евробиримдиктин стандарттарына туура келтирүү, сертификациялоо жана лабораторияларды куруу жагынан уттуруп жатат.
Экономика маселелери боюнча талдоочу Гүлжигит Исаков ВСП Кыргызстан үчүн түзүлгөн эң мыкты мүмкүнчүлүк экенин эске салат.
“Өнүккөн өлкөлөрдүн бизден кандай стандарттагы өнүмдөрдү алаарын билүү үчүн көп деле акылдын кереги жок. Жалпы жонунан алганда муз ордунан жылды. Экспорт башталды. Мени кейиткени – мындан дагы мыкты даярдыкта болуп, чоң көлөмдө экспортту жасап алсак болот болчу. Азыр деле кеч эмес. Биз убакыт менен тең жарышышыбыз керек. 2017-жылдын башында эт боюнча эле ЕАЭБдин, Евробиримдиктин атайын өкүлдөрү келип, биздин лабораторияларды текшерип кетишкен болчу. Алар канааттандырарлык деп таппаптыр. Биз стандартизацияны жана сертификацияны күчөтүшүбүз керек”,–деди Гүлжигит Исаков.
Шаршеев: «Макамды максаттуу пайдалана элекпиз»
Экономика боюнча эксперт Искендер Шаршеевдин айтымында, Кыргызстан үчүн Евробиримиктин базары жаңылык эмес. Буга чейин да кургатылган жер-жемиштер сатылып келген. Бирок, ата мекендик товарлардын санын алганда бул өтө эле аз көрсөткүч.
Кыргызстан бул макамдын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланышы үчүн Кыргызстан эл аралык сертификациялардан өтүшү керек.
«Кыргызстанда өндүрүлгөн ар бир товар эл аралык стандартка шайкеш келиши керек. Лабораториялык текшерүүнүн жыйынтыктары да болушу шарт. Биз бул багытта товар сатуу тууралуу аракет жасап көрдүк. Алар бизге европалык экономикалык кызматташтык боюнча уюмдарга кайрылып, алардын жардамы менен сертификаттарды алгыла деген сунушун берди. Макам берилгенден бери сатылган товарлардын көрсөткүчү буга чейин эле сатылып келген товарлардын кичинекей көрсөткүчү. Макам берилгени менен максаттуу пайдалана элекпиз»,-деди экономист.
Ишкерлер Евробиримдикке Кыргызстандын ар бир аймагы өзүнө мүнөздүү товарларды экспорттоону сунуш кылат. Маселен Талас облусу төө буурчакты, Баткен облусу өрүктү, Ош облусу күрүчтү, Жалал-Абад облусу жаңгакты экспорттосо болот.
Жеңилдиктин артындагы жеңил эмес милдеттер
Европага товар ташуу жеңилдигин алган 20 чакты өлкө бар. Бул макам өнүгүп келе жаткан мамлекеттерге берилет. Макамга ээ болгон мамлекеттер адам укуктары жана эмгек укугу, туруктуу экономикалык өнүгүү, натыйжалуу мамлекеттик башкаруу боюнча эл аралык конвенциялардын милдеттенмелерин кынтыксыз аткарышы керек.
Кыргызстан орто эсеп менен жылына чет өлкөлөргө жалпы 6 миллионго жакын долларлык товар экспорттосо, анын болгону 3 пайызы гана Европага кетет.
Макам берилгенге чейин экспортчулар бажы салыгы үчүн 14,6%, жашылча-жемиштердин айрым түрлөрү жана кийим-кече үчүн 5–9 пайыз деңгээлинде бажы салыгын төлөп келишкен.
Кыргызстандын Евробиримдиктеги өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүүсү 6,8 пайызды түзөт. Анын ичинен экспорт 3,3 пайыз болсо, импорт 8 пайызга барабар. 2017-жылдын январь-ноябрь айындагы тышкы соода жүгүртүүсү 5 602,5 млн. АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,9 % жогорулаган.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн ичинен Германия Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү болуп эсептелет. Андан кийинки орунда Франция, Бельгия Польша өлкөлөрү турат.
Назгүл Бостонбаева