Учурда Кыргызстан ЕАЭБдин курамына кирип, анын мүчө мамлекеттери тескерисинче БДСУга иришти. Орусия 2012-жылы БДСУнун мүчөсү болсо, Казакстан 2015-жылы кирди. Бул Европа биримдигинин рыногу ЕАЭБ өлкөлөрүнөн өнүмдөрдү күтүп жатканынан кабар берет, дал ушул жерде Биримдиктин бака мүчөлөрүнө караганда алдыга озуп чыгууга бардык мүмкүнчүлүктөрү бар.
Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Абдрахмановдун айтымында, учурда Кыргызстандын Өкмөтү европалык рынокко чыгарууга боло турган өнүм катары: буурчакты, грек жаңгактарын, кургатылган жемиштерди, балды, дары чөптөрдү, бөтөлкөдөгү сууларды, спирт ичимдиктерин жана тигилген буюмдарды кароодо. Кыргызстанда экспортту өнүктүрүүдө бардык коңшулардан “ашып” кетүү мүмкүнчүлүгү бар, себеби Евробиримдик «ВСП» режимин берген 16-өлко Кыргызстан болду.
Маалымат үчүн. ВСП – бул Евробиримдик тарабынын бир тараптуу жол берүүсү, башкача айтканда, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөн экспорттолгон товарларга болгон бажы төлөмдөрү алынып салынат. Максаты – экспорттоочу мамлекеттердин кирешесин жогорулатуу. Эгерде буга чейин кыргызстандык экспортчулар айыл-чарба өнүмдөрү үчүн бажы салыгын 14, 6%, ал эми кездеме буюмдарына 5–9% төлөп келсе, эми 6 миң түр товарды алар бажы салыгысыз экспорттой алышат!
Бул статус туруктуу өнүгүү жана эффективдүү башкаруу үчүн Кыргызстанга 7 жылга берилди. ВСП статусун алуу менен Кыргызстан 6200 товар түрүн алып өтүүдө бажы салыгына жеңилдиктер берилгендиги боюнча Комиссиянын токтому 2016-жылдын 27-январында күчүнө кирди. «ВСП+» статусу камтыган товарлардын спектри Европа биримдигиндеги товардык классификациянын 66% тарифтик позициясын түзөт. Ал эми Кыргыз Республикасынын статуска ээ болуусу менен европа рыногуна кыргыз өнүмүнүн көп ташылуусуна жол ачылды.
Европа биримдигинин Кыргызстандагы проект-менеджери Лука Карапелли: “«ВСП» жеңилдиктери КР менен ЕБнын ортосундагы коммерциялык байланышты чыңдоонун бир жолу. Силердин өлкө жеңилдиктерди алды, бирок аларды колдонуу учурунда 2002-жылдагы № 178-регламентти унутпоо керек: анын 11-пунктунда экспортко багытталган бардык өнүмдөр талаптарга жооп бериши керек деп жазылган.”
2016-жылдан тарта КРнын Экономика министрлиги ЕБнын өкүлдөрү менен биргеликте «ВСП» жана анын артыкчылыктары тууралуу Бишкек шаарында жана республика аймактарында бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Жада калса Армениянын экспортчулары менен видеоконференция дагы уюштурулган, алар «ВСП+» статусун колдонуу боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.
Руджео Малоссинин айтымында, биздин ишкерлер өз алдынча ЕБга кире алышпайт жана бажы жана башка мыйзамдарды издешпейт.
Эксперт Эдуард Бакасеев болсо ЕБнын коопсуздук боюнча талаптары өтө катуу экенин эскертет. Бул ЕБ Кыргызстан үчүн «ВСП+» статусун бергени менен Европа биримдигинин башка 28 мүчө мамлекети алар каалабаган өнүм, же коопсуздук талаптарына жооп бербеген товар дүкөндөрдөн сатылуусуна жол беришпейт.
Кыргыз өндүрүүчүлөрү Европага экспорттолчу анын өнүмү учурда кандай сапатта экенине көз салуусу керек. Эл аралык эксперттердин пикиринде бул үчүн 2 негизги багыт боюнча иш алпаруу зарыл:
–Эл аралык сапат системасы менен КРдагы сапат системасын салыштырыа, аныктап алуу керек;
–Сапатка болгон талапты ЕБ деңгээлине жеткирүү.
Учурда ЕБ Кыргызстандын өндүрүүчүлөрү товарлардын ташылуусундагы чынжырчаны кантип текшерүү керектигин билбей турганын айтып келет. Кыргыз эксопртчусунын эң алсыз жагы товарынын кыймылына көз сала албаганы.
Эксперттер «ВСП» боюнча башка көйгөйлөргө төмөнкүлөрдү киргизди:
А) айыл-чарбасында – сапат тиешелүү деңгээлде текшерилбейт (мисалы – антибиотиктерди колдонуу);
Б) өнүмдү кайра иштетүүдө – маркетинг начар иштейт. Болгону бир нече ишкана гана НАССР принциптерин (коопсуз азык-түлүк системасы) киргизишкен;
В) ташууда – Тиешелүү температуралык режимдин сакталбагандыгы;
Г) сатууда – өлкөнү чет жакта таанытуу жок, кыргыз товарларын чет жактагылар таанышы үчүн англис тилинде түзүлгөн веб-сайттар жок, маркетинг европалык стандарттарга жооп бербейт;
Д) лабораториялык изилдөөлөрдө – лабораториялар бардык текшерүүлөрдү камтый албайт;
Е) координацияда – министрликтер ортосундагы чачырандылык, Европага багытталган товарлардын дараметинин жоктугу;
Ж) аккредитация органдарынын потенциалын жогорулатууда – баалоо боюнча адистерге, техникалык эксперттерге алардын тажрыйбасын арттыруу үчүн, маалымат менен камсыз кылуу үчүн өкмөт тарабынан кеңеш берилбейт;
З) адам ресурстарын жогорулатууда – ЕБдагы семинарларда, конференцияларда, окууларда кыргызстандык ишкерлердин аз катышуусу.
Жеңилдиктер берилди, анын бир жылы артта калды. Калган убакытты биз туура пайдаланып “Европанын терезесин ача” алабызбы? Бир нерсе белгилүү – баары өзүбүздөн көз каранды.
Ирина Байрамукова