• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эл аралык донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушту

👁 547

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 15-майда, атамекендик саламаттык сактоо тутумуна финансылык жана техникалык көмөк көрсөткөн эл аралык донордук уюм өкүлдөрү менен жолугушту.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова эл аралык донордук уюмдарга саламаттык сактоо тутумундагы ар-кыл программалык документтерди жана стратегияларды иштеп чыгууда жана ианы шке ашырууда көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Өкмөттүн «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасында саламаттык сактоо боюнча атайы блок бар. Аталган Программага ылайык, республиканын калкынын саламаттыгын сактоодо негизги тоскоолдук катары саламаттык сактоого кетирилген чыгымдардын бюджеттик каржылоонун реалдуу мүмкүндүктөрүнө дал келбегендиги, медициналык камсыздоо тутумунун алсыздыгы, саламаттык сактоону коргоого жеке сектордун аз тартылгандыгы, медициналдык кызматкерлердин эмгек акысынын төмөндүгү, медициналык мекемелердин инфраструктурасынын кыйла эскиргендиги саналат. «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын алкагындагы негизги максат өлкө жарандарынын өмүрүнүн узарышына жана анын сапаттык деңгээлине натыйжалуу жана сезилерлик таасир көрсөтүү болуп саналат», — деп белгиледи ал.

Өз кезегинде эл аралык жана донордук уюм өкүлдөрү өз уюмдарынын учурдагы жана келечектеги иштери тууралуу маалымдап, кызматташууну мындан ары карай улантууга, анын ичинде «Биримдик. Ишеним. Жаратмандык» Программасынын саламаттыкты сактоо боюнча блогун ишке ашыруу алкагында улантууга кызыкдарлыгын билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымдагандай, Өкмөт өз ишинде 2030-жылга чейинки Туруктуу өнүгүүнүн 17 максатына жетишүүгө чоң көңүл бурат. Мында, Туруктуу өнүгүүнүн №3 «Мыкты ден соолук жана бакубаттуулук», №6 «Таза суу жана санитария» жана №13 «Климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү» максаттарына жетишүүгө басым коюлат.
Аталган жолугушууга эл аралык уюмдардан: Швейцариянын Кыргыз Республикасындагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси Вероник Ульман, Дүйнөлүк банктын саламаттык сактоо долбоорунун жетекчиси Ха Нгуен, Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кеңсесиниин жетекчиси Ярно Хабихт, Немец өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү катышты.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости